Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Референдумда эмнеге добуш беребиз?


Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жекшемби күнү өтөт. Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизилүүдө.

Ушул эле күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо да болот.

Конституцияга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым укук-милдеттерине жана жарандардын укуктарына, эркиндиктерине байланышкан жалпысынан 26 өзгөртүү киргизилүүдө.

11-декабрда кандай өзгөрүүлөргө добуш берип жатканыңызды билип алуу үчүн алардын айрымдарын талдайбыз:

72-беренеде дагы бир пункт пайда болот:

Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице- премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн.

87-берене 5-пункт:

Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

6-берене 3-пункт:

Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

95-берене 2-пункт:

Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

50-берене 2-пункт:

Конституциялык мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурлардан жана тартиптерден тышкары, эч бир да адам жарандыгынан жана жарандыгын алмаштыруу укугунан ажыратылбайт.

74-берене 4-пункт:

Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Башкы прокурорду кызматынан бошотуу үчүн жалпы Жогорку Кеңеш депутаттарынын жарымы макулдугун берет.

26-берене 7-пункт:

Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.

95-берене 6-пункт:

Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

36-берене 5-пункт:

Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Белгилеп кетчү нерсе, азыркы Үй-бүлө кодексинде нике ар кайсы жыныстагы адамдардан гана куралары жазылган.

Конституцияга киргизилип жаткан бул өзгөртүү референдумду өткөрүүгө каршыларга “эми бул өзгөртүү бир жыныстуу адамдардын үйлөнүүсүнө жол бербейт, эмнеге аны колдобойсуңар” деген чоң аргумент катары пайдаланылууда.

XS
SM
MD
LG