Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары


30-апрелде Бишкек шаарынын күнү майрамдалды

30-апрелде Бишкек шаарынын күнү майрамдалды

Өткөн апта башында Татарстандын борбору Казанда ШКУга кирген мамлекеттердин маданият министрлеринин VI кеңешмесинин алкагында Чыңгыз Айтматовго арналган эл аралык Форум өттү. Бишкектин 131 жылдыгы белгиленди.

  • 27-28-апрель күндөрү Татарстандын борбору Казанда ШКУга кирген мамлекеттердин министрлеринин VI кеңешмеси өттү. Кеңешменин алкагында Кыргызстандын жаш таланттарынын декоративдик-прикладдык буюмдарынын көргөзмөсү жана Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эл аралык Форум болуп өттү.

  • Өткөн апта соңунда башталган “Салттык музыканын жумалыгы” жаңырган апта ичинде уланды. Аталган жумалыкта кыргыз элинин гана салттык ыр-күүлөрү аткарылбай, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын салттык ыр-күүлөрү аткарылды.

  • 28-апрелде Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев туулуп өсүп чоңойгон Чүй районундагы Алчалуу айлында Китеп марафону өттү. Себеби жазуучу ал жердеги үйүн өздүк китепканасы менен кошо айыл тургундарына өткөрүп берди. Жазуучунун өздүк китепканасында бир жарым миңден ашуун китеп бар. Марафондон түшкөн каражат китепкананы оңдоп-түзөө иштерине жумшалмакчы.

  • Өткөн апта ичинде Айтматов атындагы орус драма театры Антон Чеховдун “Ваня байке” жана Мар Байжиевдин “Мен күйөөгө чыккым келет” пьесаларын койду.

  • Ал эми Бишкектеги “Учур” жаштар театрына Татарстандын борбору Казанда май айында өтчү Түрк тилдүү элдердин эл аралык фестивалына чакыруу келди.

  • Жаштар театры Татарстанга Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасын даярдап жатат.

  • Бишкектеги мамлекеттик циркте Орусиянын тандалган цирк оюнчуларынын “Сафари” аттуу программасы жүрүп жатат. Программада Япониядан алынып келинип үйрөтүлгөн жолборстордун оюндары, абадагы гимнастика жана “оттуу шоу” балет бийлери тартууланууда. “Сафари” Бишкекте 10-майга чейин болот.

  • 29-апрелде Бишкек шаарынын 131 жылдык мааракеси белгиленди. Бул күнү Бишкектин бардык райондорунда маданий иш-чаралар өтүп, Панфилов атындагы гүлбактын жаңыланып ачылышы болду. Ошондой эле Октябрь кинотеатрынан эски борбордук аянтты көздөй эки жарым миң адам майрамдык жүрүш менен басты.

  • 29-апрелде Бишкекке Австриядан жана Америкадан классикалык музыканын өкүлдөрү келишти. Алар 29-жана 30-апрель күндөрү Кыргыз улуттук консерваториясында концерт берүү менен студенттерге музыкалык чеберчилик боюнча сабактарды өтүштү.

  • Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде “Менин үй бүлөм - менин мекеним, менин келечегим” аттуу майып балдар жараткан эмгектердин эл аралык көргөзмөсү өттү.

  • Бишкектеги тарых музейинин кинозалында белгилүү көркөм өнөр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу кинотасмасы күнүнө эки сеанс менен жүрүп жатат. Аталган кинотасма май айынын алгачкы он күндүгүнө чейин жүрөт.

  • "Кыргызпатент" мамлекеттик кызматынан жети жаш акындын алгачкы жыйнактары басылып чыкты. Мындан ары да "Кыргызпатент" жыл сайын жетиден жаш автордун китебин чыгарып, айрыкча аймактардагы таланттарга көңүл бурат.



XS
SM
MD
LG