Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Талант тагдыры: Кырчын кезинде кыйылган өмүр


Экия Муканбетов дарыгердин ролунда

Экия Муканбетов дарыгердин ролунда

Быйыл Көрүнүктүү комузчу, обончу, ырчы, таанымал куудул, актер Экия Мукамбетовдун туулган күнүнө 75 жыл толду.

Көрүнүктүү комузчу, обончу, ырчы, таанымал куудул, актер Экия Мукамбетов көк иримдүү Көлдүн көкүрөгүндөгү жайында салкын, кышында жылуу, тоолору бетегеге толгон, арча, карагайлуу келбети кызга окшоп көзгө сулуу көрүнгөн Талды-Суу айылында комузчунун үй-бүлөсүндө туулат. Туубаса музыкалык сезимге бай Экия бешиктен бели чыккандан наристе жан дүйнөсүн атасынын черткен сырдуу кайрыктардагы күүлөрүнө сугарат. “Балага ата сынчы” дегендей Экиянын күүлөрдү үзүлүп түшө сутанып укканын баамдаган атасы ага арчадан кичинекей комуз чаап берет. Ал басса-турса да колунан комузун түшүрбөй, жатса башына жазданып уктайт. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей тажабаган, тынымсыз эмгектенүүнүн, талыкпаган изденүүнүн аркасында Экия атасынан элдик “Шыңгырама”, “Ботой” аттуу ж.б. күүлөрдү үйрөнөт. Тилекке каршы Экиянын жаркын шыгы жаңыдан ачылып келе атканда атасы дүйнөнү дүңгүрөткөн батыштагы кандуу согушка аттанат.

Ал уулу менен коштошуп жатып: - Секетиң кетейин балам,

Калтырып сага чертмегимди,

Каржалып айнып кетпегин,

Кайрылып келип көрөйүн

Кулунум,

Калкыңды даңктап черткениңди, - дейт. Атасынын айтканын Экия эки детпей комуздун аркасынан сая түшөт. Карамолдо, Ыбырайдын, Токтогулдун албан

кайрыктардагы күүлөрүн биринен сала бирин үйрөнүп черте баштайт.

Аркар менен Тулпарлар,

Арым салып керсе экен,

Аскерге кеткен аталар

Аман эсен келсе экен, – деген ак тилеги таш каап, атасы согушта каза табат. Экия кайгынын казанында кайнап, ботодой боздоп, атасын жоктосо да комузун колунан, оозунан ырын түшүрбөй кайраттана белин бекем бууп, бактысын күү менен ыр дүйнөсүнөн издейт. 1954-жылдан 1960-жылга чейин Экия Муканбетов менен Кыргыз Улуттук филармониясында бирге иштешкен айтылуу төкмө акын, эл артисти маркум Ашыраалы Айталиев шайырдын комузчулук –аткаруучулук чеберчилиги жөнүндө мындай деп эскерген эле:

- Мен Экияны иштейлек жаш кезинен эле билчүмүн. Ал Талды-Суу айылындагы Маданият үйүндө иштөөчү. Экия элге жайдары мүнөзү, жакшынакай кыял -жоругу менен жакчу. Ошондой кыял–жоругуна, мүнөзүнө жараша кыргыздын комузун булбулдай таңшыта чертип адамдай сүйлөтчү. Ал жеке эле залкар шайырлардын күүлөрүн чертпестен, орустардын частушкаларынын обондорун да комузда укмуштай чеберчиликте чертүүчү. Ал турсун Экиянын черткенин уккан орустар таң калып жакаларын кармашчу. Экия өзгөчө Ыбырайдын, Карамолдонун күүлөрүн ушунчалык так, таза кайрып чертүүчү. Ал эми Карамолдо менен Ыбырай да: Ой, Экия аны-мунуңа алаксыбай жалаң гана комуздун аркасынан сая түшсө чоң комузчу болор эле. Азыркы аты чыгып жүргөн комузчулардан кем калышпайт – деп жогору баа беришкен эле, - деген эле Ашыраалы карыя.

Экия комуздун кылына жан сала татаал кайрыктардагы ондогон залкар (кара), кол ойнотулуп чертилген айтым күүлөрдү чертүү менен бирге уккандардын жан дүйнөлөрүн ырахатка бөлөгөн ондогон патриоттук, лирикалык, балдар ырларын да чыгарган. Алардын көбүн өзү аткарган.

Кырк эки жаш кырчын кезинде өмүрү кыйылган Экиянын обончулугу, ырчылар, акындар менен кандайча иштешкендиги жөнүндө Ашыраалы Айталиев жакшы пикирлерин көп айтчу:

- Экиянын дагы бир артыкчылыгы мыкты обончу эле. Ал филармонияда иштеп жүргөн кезде аккардиончу, гармончу жок эле,- деп эскерген Ашыраалы Айталиев. - Ырчы кыздарды комуздун, аккардиондун коштоосунда ушунчалык чеберчиликте ырдатчу. Ырчылардын биринен да бул жери бийик, бул жери төмөн болуп калды деген бир да сөздү уккан жокмун. Экия тигил, же бул ырчы кайсыл тондо кандай ырдарын да мыкты билүүчү. Ал чыгарган обондорун таланттуу ырчыларга аткарууга аябай аракет жазоочу. Ал ордо калаадагы орто жана жогорку окуу жайларына атайын барып, жакшы ырдаган кыздарды, жигиттерди таап, ырдатуучу. Экия кээде бизге келип силер акынсыңар, басмалардан чыккан акындардын жыйнактарын аңтарып жатып жакшы текст таппадым. Силер мага жакшы текст жазып берсеңер – деп, суранчу. Биз жазчубуз. Ал жазгандарыбыздын көбүн жактыруучу эмес. Ал тек гана өзүнүн көңүлүнө жаккан ырга обон чыгаруучу. Эми ажалга айла жок экен. Жаш кетти. Экия кыргыздын бирден-бир чоң шайыры эле. Маркум үн, аткаруучулук чеберчилик жагын аттуу-баштуу ырчылардан кем калышпай ырдоочу эле.

Экия элдик салттуу обондордон наар алган, улуттук аваздык көркөм боектор менен ширелишкен угармандардын жан шеригине айланган “Өчпөсүн менин үмүтүм”, “Сайрагүл”, “Түшүнсөң боло суратпай”, “Өзүң менен биргемин”, “Кусадармын”, “Казак кызына” аттуу ж.б. ондогон махабатка арналган мукамдуу обондорду чыгарган. Алар обондорунун тунуктугу, ойлорунун тереңдиги, аваздык жактан көп түстүүлүгү, жекечилдиги менен кыргыз ырларынын алтын казнасын байытат. Экия да ырдоо, аткарып жаткан ырын комузда коштоп чертүү чеберчилиги да өтө мол эле. Ал мукамдуу үнү менен комузда чертилген обонду бири-бири менен айкалыштыра, угармандар тамшанып уккандай устатыкта ажарын ача ырдоочу.

Экия комуз чертүү, ырдоо, обон чыгаруу, куйкумдуу интермедияларды аткаруу менен өзүнүн көп кырдуу жаркын шыгын актерлук кесиптен да өркүңдөтүү үчүн 1960-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө 1975-жылга чейин Кыргыз Улуттук Т.Абдумомунов атындагы Академиялык драма театрында актер болуп иштейт. Ондогон оюндарда ар кандай ролдорду аткарат. Айрыкча Экиянын туубаса куудулдук шыгы К.Маликовдун “Осмонкул”, Ж.Сыдыковдун “Күйөө жолдош” комедиясындагы айтылуу Шаршендин ролунда айдан ачык көрүнөт.

Көрүнүктүү төкмө акын Тууганбай Абдиев Экия Мукамбетов менен филармонияда бир топ жыл бирге иштешкен:

- Экия экөөбүз 63-жылы бир еврей аялдын үйүндө бирге жашап калдык. Ал тамак-ашыбызды жасап берет. Ачыгын айтсам, тазалыкты, маданиятты мен Экиядан үйрөндүм. Экия кыргыз драма театрында иштеп жүргөңдө сахнада сонун ролдорду, алсак, “Жаныл мырзадан” ырчынын, “Эзоптон” Эзоптун, өзгөчө “Күйөө жолдоштон” Шаршендин ролдорун аткарганда Шаршен ушундай киши турбайбы деп ойлочумун. Себеби ал куудулу шаршенди ушунчалык берилип, эргип ойноочу. Экиянын сахнада шайтандары көп эле. Бүгүн тил уктум деп келүүчү. Алматайды С.Жаманов ойноочу экен. Ырда деген жери бар экен. Врда деп таяк менен бир чапса, Экия ачуусу келип ырдабай отуруп алыптыр. Ай, ырда дейм, дагы бир жолу таяк менен чааптыр. Дагы эле болбой отуруп алыптыр. “Эзопто” кара кишинин ролун ойноочу. Өзү да толук кап кара. Эми келтирип ойноп атат. Мен аялым, Токтосун Тыныбеков аялы менен биринчи катарда отурабыз, Экия сахнада ролун ойноп атып бизди карап койсо, Токтосун тилин чыгарып, сөөмөйү менен бетин сүрүп койосо, Экия баа деп бакырганда сахна жабылды. Мында бир тил уккан эле. Экия сахнага чыкканда зал көрүүчүлөргө толуп калуучу. Бир сөз менен айтканда актерлугу да, комузчулугу да, адамкерчилик жагы да мыкты эле. Кийин Совет көчөсүндө бир үйдө, бир подезде жашап калдык. экия обондорду чыгарды. Үнү да абдан жакшы эле. Партиянын учурунда наам албай кетти. Кырктын кырында наам алыш керек эле. Эми эмгеги бааланбай калды. Бирок, наа-саам албаса да, Экиянын өнөрү эл арасында жашап келүүдө. Чындыгын айтсам Экия кыргыз өнөрүндөгү бирден бир фигура, чоң талант эле,-деп эскерет Тууганбай Абдиев.

XS
SM
MD
LG