Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Түгөнбөгөн тил арман: каршы бирөө жок, баары макул


Жээнбай Мукамбаевдин кыргыз тилинин диалектилик сөздүгү

Жээнбай Мукамбаевдин кыргыз тилинин диалектилик сөздүгү

Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганына 20 жыл толду. Бул арада биртоп иштер жасалганы менен кыргыз тил көйгөйлөрү дале толтура.

«Азаттыктын» «Бетме-бет» талкуусунун бүгүнкү катышуучулары профессор Кадыралы Конкобаев менен парламент депутаты Бейшенбек Абдыразаков мамлекеттик тил проблемалары боюнча ой бөлүшөт.

- Кадыралы мырза, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынганы менен анын колдонулушу кеңейип кеткен жери жок. Анда башкалар эмес кыргыздардын өздөрүнүн көбү сүйлөбөй жатат. Мурда Москванын оозун карап, айтканынан чыкпай келсек, эми өз тилибизди өзүбүз өнүктүрө албай жатышыбыздын себеби эмнеге байланыштуу болууда?

Кадыралы Конкобаев: -
Мунун биртоп объективдүү себептери бар. Билим бизде орусча жүрүүдө. Башкаруучу болуп иштеп аткандардын көбү билимди орусча алып, орусча ойлонгондон ушундай болуп жатат. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин анын эки нерсе боюнча ачык саясаты болушу керек эле. Биринчиси, ушул жерди, Ата журтту ыйык тутуп, аны коргоону колго алышыбыз керек. Аны дүйнө таанымы улуттук деңгээлге көтөрүлгөн киши гана коргой алат. Ошого жетиш керек. Экинчиси, бизге терең билим керек. Биз “евроцентризмдин” туткагынан чыга албай ушул абалга келдик.

Тил дегенде эки түшүнүктү эске тутушубуз керк. Биринчиси - оозеки тил. Анын колдонулушу жагынан бизде проблема жок. Бүгүн дүйнөдө кыргыздын саны 5 миллиондон ашты. Кыргыз тили жоголот дегенге ишенбеш керек. Бүгүнкү маселе эмнеде? 20 жылдан бери мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алып, ошону иштете албай жатышыбызда. Экинчиси, биз баарын эле тыйынга шылтай беребиз. 40-50 миллиард сому туруп кыргыз тилинин өнүгүшүнө деп он миллион ашуун акча таба албаган мамлекет эмне деген мамлекет? 50 – 100 миллион сом деген азыр акчабы? 2 миллион доллар. Ушул каражатты бөлүш керек. Ага окуу китептерин, адабий китептерин чыгарышыбыз зарыл.

- Бейшенбек мырза, мамлекеттик тил мыйзамынын бардыгы мына ушул 20 жыл ичинде байкалдыбы?

Бейшенбек Абдыразаков:
- Кыргыз тилинин өнүгүшүнө мына президентибиз өзүнүн фондунан акча чыгарып, орфографиялык сөздүктүн жарык көрүшүнө көмөк көрсөттү. Мамлекеттик тил комиссиясын президент алдында түзүп, президенттикке талапкерлердин тил сынагынан өткөнү – жакшы иш десек болот. Иш кагаздарынын орусча жүрүп калышы билимдин орусча алынышынан, орус тилинде түш көрүп, орусча ойлонуп калгандан болууда. Эми эсибизге келдик.

Өткөндө өкмөттүк саатта айттык эле. Кыргыз тилинин мамлекеттик мыйзамга ээ болушунун 20 жылдыгына карата иш-чаралар жүрүп жатат. Ошондо үч ай бою Жогорку Кеңеште, өкмөттө, мамлекеттик ишканаларда кыргыз тилинде сүйлөп, иш кагаздарын жүргүзөлү, көрнөк-жарнактарды кыргызча жазалы дегем.

Бишкектен башташыбыз керек. Төрт районго илгертен келген тарыхый атын коюшубуз керек. Алатоо, Энесай, Теңиртоо деген аттарды койсок, кыргыздын тарыхый аттары болот. Анан китептерге көңүл бурсак. Балдар китептери жок. Сөздүктөрдү чыгарышыбыз керек. К.Юдахин 50 жыл мурун чыгарып кеткен кыргызча-орусча сөздүктү карап отурабыз. Түшүндүрмө сөздүк, орфографиялык сөздүктү чыгарышыбыз керек. Зарылдык кылышыбыз зарыл. Президент болом дегендер экзамен тапшырган соң министрлер эмне үчүн сынактан өтүшпөйт? Башкалары? Мындай темп менен кете берсек кыргыз тили унутула берет.

Дүйнөдө 6800 тил бар экен. Акыркы 500 жылда ошонун 3 миң, 4 миңи жоголуп кеткен. Окумуштулардын эсептөөсү боюнча акыркы 100 жылда дагы 1500дөй тил жоголот экен. Ал кимдердики? Бизге окшогон элдердики. 2 миллиондон аз калк сүйлөгөн тилдер жоголуп кетиш коркунучу чоң.

- Кадыралы мырза, азыркы учурда кыргыз тилинин изилдениши, илимий аңдалышы кандай ахывалда?

Кадыралы Конкобаев: - Фундаменталдуу изилдөөлөр канчалык жакшы изилденсе тилдин колдонулуш жагы ошончолук жогорулайт. Кыргыз тилин изилдөө азыр биз күткөндөй деңгээлде эмес. Илимий эмгектер корголуп жатат. Алар мамлекет, учур талаптарына жооп бербейт. Ошондуктан тилчи илимпоздорго мамлекет каражат жагынан жардам көрсөтүп, кыргыз тилин өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, ошого керек каражатты таап бериши керек. 50 жыл мурда түзүлгөн сөздүктөрдү карап отурабыз. К.Юдахин, Э.Абдулдаев, Д.Исаев, Ж.Шүкүров агайларыбыздын ишин улантуучу адистер жок. Мамлекеттик колдоо болбосо бул жаатта абал кыйын.

- Бейшенбек мырза, үч айга чейин мамлекеттик тилде сүйлөйлү, ошондо иш жүргүзөлү дедиңиз. Эмне үчүн үч ай эле?

Бейшенбек Абдыразаков: - Антип айтканым, биздеги Мамлекеттик тил комиссиясынын демилгесинен улам чыккан. Алар үч айлык жарыялап, ошонун үстүндө иштеп жатышат. Менин тилегим кылымдар бою кыргызча сүйлөсөк деген ой. Мен аны парламентте да козгоп чыккам. 6 ай ичинде аюу деле велосипед тепкенди үйрөнөт экен. Үч айда кыргыз тили боюнча азыноолок билип калышат, деп ойлойшсо керек.

- Бул жерде дагы бир проблема чыгып жатат. Кыргыз тилин кыргыздардын өзү окубай, текеберчилик менен мамиле кылып жатпайбы?

Кадыралы Конкобаев: - Туура, оозеки тилде кыргызча келегей сүйлөмдөр, орусчасынан сулп-сулп көчүрүлгөн сөздөр, тилдин ышпалдасын чыгарчу сөздөр толтура. Кыргыз өзү сүйлөбөй жатканы да чын. Бирок, буга карата туура мамлекеттик саясат болсо сүйлөйт болчу. Мына коңшулаш казак туугандар өз эне тилинде сүйлөгөндү чоң өнөр көрүшөт.

- Бейшенбек мырза, тили өнүктүрүш үчүн эмнелер жасалышы керек?

Бейшенбек Абдыразаков: - Сөздүктөрдү жайнатып чыгарып коюш менен эле иш бүтпөйт. Ириде ар бир адам патриот болушу керек. Өз эне тили үчүн күйүп, колунан келген ишти жасашы абзел. Мына Чүй облусунда кыргыз тили боюнча жооптуу адамы башка улут өкүлү экен. Бишкек шаары боюнча жооптуу адамдын кесиби башка экен. Эң негизгиси ар бир кыргыз өзүнөн башташы керек.

- Урматтуу коноктор! Ушуну менен кебибизди аяктасак. Ишиңиздерге ийгилик, бакубат ден соолук каалайм!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG