Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы бүгүн жарыяланат


Сыйлык Норвегиянын баш калаасы Ослодо жарыяланат. Башкы талапкерлерден кытайлык диссидент Лиу Шиа-обонун ысмы аталууда. Бирок Кытай Нобел комитетин бир жарым миллион доллардык сыйлыкты түрмөдөгү диссидентке бербөөсүн эскерткен. Айрымдар Ооганстандык феминист Сима Самар утат деп болжолдоп жатышат. Кечээ адабият боюнча Нобел сыйлыгы перулук жазуучу журналист Марио Варгас Лиоско ыйгарылды. Буга чейин медицина, физика, химия боюнча лауреаттардын ысмы маалым болгон. Келерки дүйшөмбүдө экономика боюнча сыйлык жарыяланат.

XS
SM
MD
LG