Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Кыйла жылдар дымып калган адабий турмуш азыноолок жанданып, көркөм чыгармалар арбын жарыялана баштады.

Саман-топону аралаш китеп дайрасынан чыныгы көркөм баалуулуктарды калпып алуу кыйын ишке айланууда. Адабий чыгарманын барк-баасы кандайлыгын аныктап турчу сын жок болгон. «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу мына ушул адабий сындын абалына арналат. Ага адабиятчылар Мырзабек Жумаев менен Садык Алахан катышат.

Китеп дайра: ал өйүз менен бул өйүз

- Мына кийинки кездери саман-топону аралаш китептер арбын чыгып жатат. Окурмандар алардын арасынан кайсынысын тандашты билбей калышты деген сөз да айтылууда. Садык мырза, китептердин көп чыгышы адабияттын мурдагы деңгээл, калыбына келишине өбөлгө түзө алабы?

Садык Алахан:
- Мунун эми эки жагы бар. Мурунку цензуралуу социализм тушунда Кубатбек Жусубалиев сындуу жазуучулардын коомго сынчыл көз караштагы чыгармалары чыккан эмес. Ал эми азыр болсо китептердин көп чыгышы, басма маданиятынын калыптанып баратышы жакшы иш. А бирок саман-топону аралаш китептердин көп чыгышынын начар жагы да бар. Ал биринчи иретте окурмандын көркөм табитин өлтүрөт. Көркөм табитти, көркөм чен-өлчөмдүн өзүн жок кылат. Азыркы жеке менчик басмалардан чыгып жаткан көп китептердин пайдасынан зыяны көбүрөөк болууда. Албетте, мыкты китептер деле чыгууда. Мисалы, К.Акматовдун китеби, айрым акындардын жыйнактары. Бирок саман-топону аралаш китептердин көп чыкканы ойлонтот. Мына акыркы үч жылда мен бир ырыстуу сын макала окуган жокмун.

- Эмки кепти Мырзабекке узатсам. Китептердин көп чыгышы адабияттын жандана башташын билдирбейби?

Мырзабек Жумаев: - Биринчиден, муну адабияттын жанданышы катары да караса болот. Азыр көркөм-эстетикалык табити жок адамдар деле китеп жазууга өтүп кетпедиби. Пулуң болсо эле китеп чыгарыштын кыйынчылыгы жок. Антип отурса китеп тек утилитардык төмөн баскычка түшүп калышы мүмкүн. Азыр чыгып жаткан китептердин идеялык-тематикалык арымы кыйла кеңейди. Мурда айтылбаган ойлор козголуп, жаңы темалар иштелүүдө. Анан да тарыхый темага келгенде “коктулук психология” ойноп, кайсы бир уруу, аталыкты көкөлөтүү аракети да көрүнүп калууда. Ошондон эмне үчүн менин чоң атамды мактоого болбосун деп китеп жазууга киришип кеткендер болот. Мурда китепке коом тарабынан заказ болсо эми ал кеңейип, үй-бүлөлүк, аймактык, уруулук болуп бөлүнүп кетти. Булардын арасында азыркы мезгил талабынан жооп бере ала турган мыкты чыгармалар да көп жарыяланып жатканын айтсак болот.

Торпоктун барар жери саманкана

- Садык мырза, мына сиз үч жылдан бери жакшы сын макала окубай келатканыңызды айттыңыз. Адабияттын жанданышы сындын мурдагы калыбына келишине, адабий сындын көтөрүлүшүнө көмөк тийгизе алабы?

Садык Алахан: - Тап катары жоюлуп кеткен адабий сынга кайсы бир муун 10 – 15 жылда күргүштөп бир келет. 50-жылдары К.Асаналиев, М.Борбугулов, К.Укаев, К.Артыкбаев, К.Бобулов, С.Жигитовдор келишсе, андан кийин К.Даутов, С.Тургунбаев, А.Токтогуловдар келип, 70-жылдары болсо өзүңүз билесиз, А.Эркебаев, Калык, Осмонакун Ибраимовдор, К.Эдилбаев, андан кийин С.Алахан, М.Жумаев, К.Байжигитов жана башкалар келишкен. Мына ушул 80-жылдардан кийин сынга Б.Акматов менен А.Медетов экөө келди. Ошону менен токтолду. Андан кийин сын жок. Адабий салт муундан-муунга өтүп келсе гана сын өнүгөт. Салт уланбай калды. Анткени сынга эмес, илимге келгендер, жөн эле кандидат болуп коюу психологиясы күчөдү дагы адабий сынчыга келгендер азайып, андан илимге өтүү салты жок болду. Азыр деле жакшы китептер көп чыгууда. Ошолордун жакшы-жаманын иргеп, сын жазчулар чыгышы керек. Ошондо гана жанрдын өнүгүшүнө жол ачылат. Сынды илимий даражага гана умтулган арампөштөр өлтүрдү.

- Адабий сындын жок болушуна саясий публицистиканын өөрчүп кетиши, ошого көп көңүл бурулуп калышы себеп болгон жокпу. Мырзабек, сиз кандай ойдосуз?

Мырзабек Жумаев:
- Сындын деңгээли төмөндөгөн жок. Тек ал аренадан орун таппай калды. Мурда гезит-журналдарда сынга көп орун берилчү. Алар азыр чыкпай калды. Мына “Кыргызстан маданияты” жумалыгы, “Ала-Тоо” журналы чыкпай калды. Бирок кийин “Адабий Ала-Тоо”, адабий гезит, журналдар чыкты. Булар бир күн чыгып эле анан жок болуп атпайбы. Анан адабий сын макаланы кайсы жакка чыгаруу маселеси аксатууда. Гезиттердин нускасы аз. Элге жетпейт. Ошондон айла жок сын макалалардын көбү илимий жыйнактарга чыгарылат. Аларды калк окубайт. Мобу адабий басылмалар жакшы рубрикалар ачышкан болчу. Анан аларды системага салып, калкка жеткирүүгө чама-чаркы келбей жатат. Атүгүл Жазуучулар союзу секция-секция боюнча талкууларды уюштура баштады эле, ал да кийинчерээк дымып калды. Мурдагы салтты улантууга демилге жатпей атабы деп ойлойм. А.Алдашевдин, Ө.Даникевдин, М.Абакировдун прозасын алалы, поэзияда деле биртоп мыкты чыгармалар жарык көрдү. Адабий процесс жүрүп жатат. Бирок анын жалпы элге жеткирилиши, тааныштыруу болбой жатат. Бул адабий сындын өксүгү. Туура, адабий сынды кесип эмес, илимий даражага жетчү жол катары гана карагандыктын айынан сын жазгандар азайып кетти.

- Жанагы сөздү улантсак. Садык мырза, адабий сын өзүнүн кемелине келе алабы же качандыр бир кезде өтүп кеткен армандуу дүйнө болуп кала береби?

Садык Алахан: - Жок, андай болбойт. Публицистиканын көп чыгышы да өз салакасын тийгизген жокпу, деп атпайсызбы? Андай эмес. Сын макала болсо гезиттердин көбү эле басканга даяр, мисалы “Кыргыз руху”. Кеп макаланын жазылбай жатышында болуп жатпайбы. Сын жазышка дилгир жаштар көрүнбөй жатат. Салт үзүлүп, муундар катышы болбой калды. Адабий сын коомдук психологияга таасир этчү жанр, ал деле илим экени эске алынбай калды. “Жаңы Ала-Тоого” кыргыз адабий сыны, адабиятчылары жөнүндөгү эки томдук жөнүндө чоң макала жазып, басууга даярдап койдум.

- Мырзабек, адабий сындын жанданышына өбөлгө түзүлүп калды деп айтышка азыр негиз барбы?

Мырзабек Жумаев: - Антишке азыр толук негиз жок. Бирок да өткөөл мезгилде сөзсүз болчу табигый процессти баштан кечирип жатабыз. Анткени азыр жаңы идеялык багыттарды, эстетикалык өбөлгөлөрдү кайрадан табуу процесси болуп жатат. Бул жерде мурдагылардын мыктыларын өздөштүрүү керек. Бул ишке кызыккан жаштар азайып кетти. Анан да биздеги гезиттердин нускасы өтөле аз, элдин баарына жете бербейт. Алардын айыл-айылдарга аз жетишинен адабиятка кызыккан жаштардын сынга тартылуусу токтоп калды. Азыркы өткөөл мезгилден өтүп алсак, биздин адабий сын да калк арасында кадыр-барк таап, өз ордун ээлейт, деген ишенимим бар.

- Анда эмесе ушундай жакшы маанайда бүгүнкү талкуубузду жыйынтыктасак!
XS
SM
MD
LG