Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Мектепке камылга көрүүгө көп каражат керек


1-сентябрга саналуу күндөр калды. Ушул күндөрү Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда ата-энелер менен мугалимдер мектепке кызуу даярдык көрүп жаткан чагы. Бул күнү мектепке баруу үчүн ким канча сарптайт?

Деги эле мамлекет да, ата-энелер да жаңы окуу жылына кандай даярдык көрүп жатат?

Июнь айында улут аралык жаңжал орун алган Ош жана Жалал-Абад аймактарында бардык мектептерде окуу 1-сентябрда баштала турган болду. Айрым талкаланган мектептин окуучулары үчүн чатырлар тигилген. 740дан ашуун бала 1-сентябрды чатырларда тосмой болду.

Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык уюмдардын жардамы менен чатыр мектептерде керектүү шарттар түзүлгөнүн белгилеп жатат. Ал эми Ош шаарында жаңжалдан жабыркаган дагы бир Хамза мектебинин окуучулары жакынкы мектептерге которулмай болду.

Мектепке даярдык ата-энелерди түйшөлтүүдө

Ошентип ушул аралыкта мектептерде окуучуларды күтүп алууга даярдык көрүлүп жатса, ата-энелер окуучу балдары менен бирге базар аралап, даярданып жаткан чагы. Коогалаңдан жабыр тарткан Ош шаарынын тургундары балдарын окууга даярдоодо кыйынчылык тартышууда. Алардын айрымдары каражаттын жетишсиздигинен быйыл балдары мектепке барбай каларын айтышууда.

Күмүшай Ырысалиева 3-класска бара турган баласына бут кийим карап жатат. Ал бүгүн төрт баласына кийим-кечек, окуу куралдарын алганы базарга түшкөн. Бирок керектүү нерселердин кымбаттыгынан чөнтөгүндө болгон акчасын баарына жеткире албады:

- Кымбаты кымбат экен. Ак көйнөктөр 350, юбкалар деле 450 сом дейт. Айылда 350 сомду таба албайсың да. Иш жок, айлык жок, эч ким иштебейт, баары бекер. Эптеп тапканыбызды балдарга араң жеткирдик. Дептер, калемдер деле кымбат. Бир күндөлүк 30 сом, аны деле табыш кыйын. Мен азыр төрт балама кийим кылып атам. Буларга орто эсеп менен 5 миң сомдон ашуун кетти. Ошол да жеткен жок, алчу нерсенин жарымын алдым.

Билим майрамынын башталышы бир-эки күн калганы окуучулардын формалары жана окуу куралдарынын наркы көтөрүлүп кеткендигин, сатуучулар учурдагы абал менен түшүндүрүшүүдө. Ош шаардык борбордук базарда канцелярдык буюм сатып олтурган Дилбар Акматова “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Кытай дептери мурда бир сомдон келчү эле азыр 2,30дан келип атат. Жетишпеген үй-бүлөлөр ушуну алып атат. Ал эми Орусиянын дептерлери дүңүнөн 4,20 сомдон келип атат. Быйыл Кытайдан келгендер кымбаттап кетиптир. Мурда беш сомдон келгендер азыр 7 сомдон келип атат, биз он сомдон сатып атабыз.

Деген менен июндагы коогалаңда үй-жайынан ажырап калган калаа тургундары балдарына окуу куралдарын жана кийим-кечек алып берүүгө акыбалы жетпестигин айтышууда. Үйү өрттөнүп кетип, чатырда күн өткөрүп жаткан Гүлноза Каримова, каражат жоктугунан балдары быйыл мектепке барбай калышы мүмкүндүгүн билдирди:

- Биздин үйүбүз, кийим-кечегибиз күйүп кетти. Азыр чатырларда отурабыз. Балдардын мектепке да кийими жок. Жардам келген жок, жазылып эле атат. Мектепке кандай кылып жөнөтүштү билбейбиз. Кийими жок, балдар да көнбөйт. Барбай да калышы мүмкүн.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Оштогу коогалаңда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө стабилдештирүү фондунан жана эл аралык уюмдар тарабынан ар түрдүү жардамдар берилип жаткандыгын айтты. Анын билдиришинче, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча жалпысынан 2 500 балага мектеп формалары жана окуу куралдары берилген.

Бул аралыкта Оштогу борбор калаада эмгек жана жумушка орноштуруу министрлиги тополоңдон жабыр тарткандарга кол кабыш кылуу максатында атайын 3 күндүк жарманке өткөрүүдө. Жарманкеден ата-энелер окууга керектүү буюм-тайымдарды жана мектеп кийимдерин адаттагыдан арзанырак наркта сатып алышууда.

Мектептер жаңы окуу жылына даяр

Өлкө боюнча окуучулардын саны 1 млн. 36 миңден ашуун болсо, алардын токсон миңден ашууну быйыл биринчи жолу мектеп босогосун аттаганы турат. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына бардык мектептер даяр экенин белгилесе, айрыкча көп балалуу ата-энелер сентябрдын келиши аларды бир топ түйшөлтөрүн айтышууда.

Бул арада Кыргызстан эле эмес башка кошуна өлкөлөрдүн арасында да ири базарлардын бири эсептелген "Дордойдо" эл кым-куут. Көбүнчө 1-сентябрга карата кийим-кечек алуу учүн балдарын ээрчитип жүргөн ата-энелерди көрүүгө болот. Бурмакан айым да учурда 3 баласы менен базарга түшүптүр. Азыркы шартта ар бир баланы кйииндирүү оңой эмес экенин айтат:

- Азыр эми акча-тыйын жагынан тартыш эле болуп атат. Төрт баламды мектепке даярдап жатам. Өздөрү каалаган нерсени алалы десек кымбат. Айла жок алып бересиң. Орто эсеп менен 10 миң сомдон ашуун жумшадык. Эл кийгенди кийсек дешет.

Кубаныч мырза да ушул күнү балдарына кийим-кечек алганы базарга келген. Ал базарга балдары менен биринчи жолу келип жатышы. Анткени жубайы Москвада иштегендиктен, бул ирет балдарын окууга даярдап жөнөтүү жоопкерчилиги Кубаныч мырзанын мойнуна жүктөлгөн:

- Баалар асман экен. Мен биринчи жолу алып келип жатам. Он миң сом алып келгем, билбейм жетеби, жетпейби. Биз али китеп, дептерлерин аал элекпиз. Шым, кофта - ушундайларды алдык.

Ал эми базарда мектеп формаларын сатып, кардарлардын биринин артынан бирин узатып жаткан Миргүл быйыл кийимдер арзан деп эсептейт. Ал кийимдерди шаардыктар эмес, айылдарга көбүрөөк алып жатканын айтты:

- Мектеп формаларынын үч түрүн сатып атам. Буларды Бишкектеги түгүүчү цехтерден заказ берип тиктирип жатабыз. Баалары да ар түрдүү. 250 сомдон жогору. Азыр арзанына карап алат жана айылдарга көбүрөөк алып кетип жатышат.

Быйыл Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны 100 миңге жетиши мүмкүн. Мындай оюн Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Галина Куликова белгиледи. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, окубаган балдардын саны 1100дөн ашуун. Бул жакында эле Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн “Кайрадан мектепке” рейдинин натыйжасында аныкталган.

“Сапаттуу билим" долбоору августтун башынан тартып бир айга чукул Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы мектеп окуучулардын санын тактап жана аларды мектепке тартуу иштерин жүргүзүштү. Аталган долбоордун директору Кеңешбек Сайназаровдун белгилешинче жаңы конуштарда тогуз миңдей мектеп жашындагы бала болсо алардын эки миңден ашууну быйыл биринчи класска барат:

- Алардан мектепке кантип мектепке барыштын жолдорун билбеген учурлар да бар экен. Эки миң баланын жети жүздөн ашууну мектепке барганга шарты жок үй-бүлөлөрдөн экен. Алар мектепке барбай калгандын бир канча себептерин айтып жатышат. Айрымдары окутулган сабактар кызыксыз деген пикирлерин айтышты. Окугусу келбеген балдар үчүн атайын программалар иштелип чыгып, альтернативалык жолдору каралыш керек.

Быйыл мектептердеги коопсуздукту камсыздоого күзөт агенттиктери менен студенттер тартылмай болду. Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейин билим берүү бөлүм башчысынын орун басары Раимбек Султанов мектептер жаңы окуу жылына даяр экенин белгиледи:

- Мектептерде коопсуздук маселеси чечилди. Керек деген мектептерге күзөт берилип атат. Атайын маршруттар иштелип чыкты. Мектептердин бардыгы ремонттон өттү. Жаңы окуу жылына даяр.

Билим берүү министрлиги белгилегендей, мектептер окуу куралдары, китептер менен быйылкы жыл 62 пайыз камсыз болгон. Ал эми жалпы республика боюнча эки миңден ашуун мугалим жетишпейт деп айтылууда. Билим берүү министрлиги бул жетишсиздикти жогорку курстагы студенттер менен жабууну пландап жатат.
XS
SM
MD
LG