Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Жалал-Абадда 400 мугалим жетишпейт


Гүлбара Мамытова Жалал-Абаддагы мектеп-гимназиянын мугалими.
Гүлбара Мамытова Жалал-Абаддагы мектеп-гимназиянын мугалими.

Жалал-Абад облусундагы мектептер жаңы окуу жылын жылдагыдай эле мугалимдердин жана окуу китептердин тартыштыгы менен баштады. Жаңы окуу жылына карата мектептерге 400 мугалим жетишпейт. Ошол эле учурда элеттик мектептер социалдык шарттардын начардыгына кайыл болуп, өз кесибин сүйгөн миңдеген мугалимдердин эмгегинин натыйжасында кармалып турат.



Окуу жылы - жаңы, проблемар - эски


Областтык усулдук борбор берген маалыматка караганда, мектептерге жетишпеген мугалимдердин ордун жаш адистер жана окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттери менен толуктамакчы. Ошол эле учурда иштеп жаткан мугалимдерге да ашыкча сабактарды берүүгө туура келет.

Облустагы 471 орто мектепке 14537 мугалим керек. Алдын ала маалыматтарга караганда 1- сентябрда мектепке 215 миң бала келди, 700 бала окууга келбей калды.

Мугалимдин жүрөгүн өйүгөн ойлор

Гүлбара Мамытова Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн кыргыз тили, адабияты мугалими. Ушу тапта чейрек кылымдан бери иштеп келаткан гимназия мектебинде сабак берүү менен окуу-тарбия бөлүмүн башкарат. 2003-жылы мугалимдердин облустук сынагында үчүнчү орунга чыккан.

Гүлбара биз менен сүйлөшүп жатып, башка мектептен которулуп келген кыздын агасына кеңеш бергенге, айрым мугалимдердин сабакка даярдыгына да көз жүгүрткөнгө да үлгүрдү. Анын өзүнүн айтымында, сабагына түндө даярданат, күндүзү окуу иштерин уюштуруу, сабак берүү, кечинде үй- бүлө түйшүгү менен болот, эртеңки сабакка камданат.

Үч баланы тарбиялап жаткан Гүлбара педагогдун түйшүгү көбөйүп, ошол эле учурда анын кадыр-баркы төмөндөп калганын да кейип айтып отурду:

- Мектептер үчүн программа чыгат жылдын башында. Ошондо бир сабак 45 мүнөт болсун деген көрсөтмө бар. Анан мен өзүмчө ойлоном. 45 мүнөт сабак окуу үчүн окуучу эртең менен саат алтыда туруп, жетиде жолго чыгып, саат сегизге мектепке келүүсү керек. Түштөн кийин бала 45 мүнөттөн окуп олтуруп кечки алты жарымга дейре мектепте болот. Ошон үчүн бир саатты 40 мүнөткө койсок болбойбу, баланын укугун биз бузуп койгон жокпузбу, эртең менен саат алтыда тургузуп? Кечинде үйүнө ата- энесинен кийин барып. Ушул жерде да бир проблема жатат. Анын түштүктөгү окуяларды билесиз.Кечки саат алты жарымга дейре мектепте калбай, эртерээк ата- энесинин жанына барса, коопсуздук жагы да эске алынган болоор эле. 40 мүнөттөн окутсак, бир жарым саат утат экенбиз, ушул жагын мамлекет караштырып берсе деген ой бар, менде. Окууга келбей калган балдар бар. Айрым ата- энелер балдарын мектепке жибербей, кое туралычы азырынча, 10- сентябрга чейин баламды айылда кармап турайынчы, кандай болот, эмне болот, деп кооптонгон ата-энелер болуп атат. Балдарда моралдык-психологиялык коркунуч деген бар.

Мугалимдин социалдык укуктары начар корголгонуна кабатыр болгон педагог кесибин эч нерсеге алмаштырбай турганын белгилеп, айлык менен китеп, мугалимдердин аздыгы өлкөнүн келечегине балта чабаарын кыйытты:

- Көптөгөн мектептерде, кыргыз мектептеринде англис тили, информатика, математика, орус мектептеринде физика, орус тил сабактарынын мугалимдери, китептери жетишпейт. Бала келет, ошол окуу болбойт. Ай өтөт, жума өтөт, жыл өтөт. Бала бир жыл бою ошол сабактарды окубай калат, экинчи жылы да ошондой болот. Бул – баланын тарбиясы менен билимине таасир этет. Анан коомдо биз кандай адамды жаратып алып атабыз? Илим-билим жагынан, аң-сезим, интеллект жагынан аксаган жаранды пайда кылып жатабыз да! Мындай адамдар топтолуп олтуруп, билимсиз, караңгы аркада алган мамлекетке айланып калуу коркунучу бар.

Жаңы заман жаштары мектептен качууда

Гүлбара иштеген мектепке да жаш адистер келбей калган. Кесиптин татаал, катуу талап, аз маяна-жаштарды айлыгы мол чет өлкөнүн жолуна салууда. Мектептерде жашы улуулаган мугалимдер калды, алардын орточо курагы 45 жаш. Билим чөйрөсүндөгү көйгөйлөр төрт жыл мурда ушул мектепте иштеген Аида Жусупованын кесип өзгөртүүсүнө түрткү болгон. Жаш мугалим мындан ары мектепке кайра барбай турганын билдирди:

- Мен ЖАМУнун экология жана жаратылышты колдонуу факультетин аяктап, техникалык институтта, анан мектепте иштедим 2006-жылга чейин. Анан мектептен кетишиме айлыктын аздыгы себеп болду. Окуучулар менен иштөө өтө кыйын азыр. Эки миң сом айлык алчумун, ал эмнеге жетет? Коммуналдык кызматка жетеби, электр жарыгы менен газга жетеби? Эми мектепке кайра барбайм го! Бул жерде дүкөндө сатуучу болуп иштейм, жакшы айлык төлөшөт. Мектепте иштеп жүргөндө башка эле кесипке окубай деген ой келген.
XS
SM
MD
LG