Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

«Замбиректер атылганда муза үн катпайт»


Башкасын коюп "Манасты" айт

Башкасын коюп "Манасты" айт

Кыргызстан кыйын абалга капталып турганда адабият менен көркөм өнөр өкүлдөрүнүн үнү угулган жок. Керектөөчүлүктүн арааны ачылган жерде көркөмдүк басмырланып, өлүү дүйнө азгырыгына алданган аламандын үстөмдүгүнө, зордук- зомбулугуна алып келерин Кыргызстан ушуну менен экинчи ирет башынан кечирип жатат.

«Азаттыктын» «Бетме-бет» талкуусуна бул ирет акын Токтосун Самудинов, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов катышты.

Жараканын баары эле жүрөктөн өтпөйт

- Токтосун мырза, коомдон жарака кетсе акын жүрөгү аркылуу өтөт, деп келчү акындардын унчукпай отурушунун себеп-жөнү эмнеге байланыштуу болуп турат?

Токтосун Самудинов:
- Акындар унчукпай эле отуруп алышты деп айтууга деле болбойт. Азыр жайнаган китептер чыгууда. Башкасынан жутасак да акындардан жутачудай эмеспиз. Мурда адабият коомдун жарчысы дешчү эмес беле. Ошондой жарчы боло албасак да үн кошкондору бар. Элдин баары кулак түрүп, сөзү эм болчу жазуучуларыбыз аз чыгар. Кантсе да үн кошкондорубуз бар. Мунун деле себеби бар го дейм. Азыр саясатчылар, саясатты сүйгөндөр көбөйүп кетти. “Замбиректер атылганда муза үн катпайт” деген сөз бар эмеспи. Жазуучу, акындар болуп жаткан окуяларды көркөм аңдоодон өткөрүшү үчүн убакыт керек. Бул доор китеп, документ чыгарма болушу үчүн арадан бир аз мезгил өтүшү зарыл. Ошон үчүн көркөм өнөр ээлерин демитиш деле туура эмес. А бирок публицистикага акын-жазуучулар аз аралашып жатышат. Мен өзүм болсо “Вечеркага” биртоп макалаларды жазып, болуп аткан окуяларга өз түшүнүгүмөн чыгып баа беришке аракет кылдым.

- Токтобай мырза, кесиптештериңизди коомдук маселелерге кайдыгер калышы үчүн сындоонун кажети жок, деген ой айтылды. Сиз да ушундай пикирдесизби?

Токтобай Мүлкүбатов:
- Материалдык байлык менен руханий байлык тең болгондо, эриш-аркак жүргөн өлкөдө жетишкендик болот. Ири тарыхчы аалымдар демократия кенен жайылган жерде искусство менен маданияттын өсүшү кыйын экенин белгилеп кетишкен жайы бар. Өнөргө мамлекет башчылары, жетекчилери көңүл бурган жерде өсүш болот. Бизде саясат алдыга кетип, адабиятка көңүл бурулбай артта калып калды. Биздин коңшу өлкөлөрдө, мисалы Тажикстан менен Өзбекстанда маданиятка абыдан көңүл бурулат. Маданиятты колдобой, жалаң саясатка ооп алганыбыз туура эмес. Бирдеме десең эле бизде каражат жоктугун айтып алакан жайып туруп калабыз. Жоктун түбү жокко алып барат. Аны чечиш керек. Маданиятка колдоо көрсөтүүнүн мамлекетте биртоп мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми бийликтин маданиятка көңүл буруп, көркөм өнөр адамдарына таянбай жатышы алардын ачуу чындыкты айтып коебу деп коркуп жатышынан да болууда.

Бийлик Арзыматтары дагыле арбын

- Бул жерде адабият саясатка кызмат кылышы керектиги, мурдагыдай мамлекеттик камкордук керектиги айтылды. Токтосун мырза, саясатка ошондой кызматтын кереги барбы?

Токтосун Самудинов: - Менин жеке пикирим. Саясат менен муза бири-бирине душман эмес, бирок эч жуурулушпаган, эки тарапта турган нерселер. Экөө коюн-колтук алышып жүрбөшү керек. Токтогул деле байлар менен бийлерге кандай ачуу кермек сөздөрүн айткан. Ал эми Барпы абабыздын:

Ак кымкаптан тон албайм,
Ак күмүштөн сом албайм,
Ар кимди барып бир мактап,
Ары жок ырчы боло албайм,-
деген бийлик менен байлыкка кызмат кылбастыгын ырастаган сөзү бар. Бул акындын коомдук милдети болушу керек. Биздин улуу акыныбыз Алыкулдун: “Уйчу, койчу, кетменчинин, Менмин кымбат акыны”, деген саптары бар. Биз азыр уйчу, койчу, кетменчинин арманын жаза элекпиз. Биздин калемдештирибиз китеп чыгарып бийлик менен байлыктын адамдарын мактап, көкөлөтүп жатышат. Мен ошолорго уялып кетем. Азыркы бийлик Арзыматтары ошентип уялбай-этпей эле мактоону жаадырып жатышат.

- Кечиресиз, ушул жерде сиздин пародиялардын удулу келип турат. Акындарга жакшы пародия жазып келатасыз.

Токтосун Самудинов: - Акындардын чыгармачылыкты чайкоочулукка айлантып, аны акча табуунун примитивдүү жолуна айлантып алышкандары бар. А бирок жакшы эле китептерди алып окубаган окурмандарыбыз деле толтура. Ал чөнтөк менен көңүлгө жараша иш го. Анан биз рекламага жарабайт экенбиз. Өзүбүздү өзүбүз мактай албайт экенбиз. Ушу азыр көчөлөрдө жүз миңдеген долларлык акчага кермелерге сүрөттөрүн, сөздөрүн жазып, өздөрүн рекламалаган депутаттыкка талапкерлерди көрүп атабыз. Мен мындай бир ыр жазып койгом:

Эркиндик деген жакшы экен,
Оозду-бутту тушабайт,
Акындар – ырда, сын – кында,
Даутов буга чычалайт.
Журтубуз жапырт жазуучу,
Акындан асты жутабайт.

Акын-жазуучулардын көптүгүнө шүгүрчүлүк деш керек. Ошондой болсо да элдин-журттун мүдөөсүнө үндөш болушубуз керек. Илгертен келген бир жакшы ыр бар.

Түндө бир жатып түш көрсөм,
Карайган көлдөр көрүндү.
Карайган көлдөр үстүнөн,
Карарып өрдөк бөлүндү.
Карайган көлдөр – көз жашым,
Карарган өрдөк - өз башым.

Өтүмдүүсү Жаныбек Жанызактын китептери болуп атыр

Жерден жарака кетсе ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт. Анан сен китепке байланыштуу пародияны сурап калдың. Кыргызга ортон колдой таанымал Төлөгөн Мамеев деген акын досум бар. Ошол:
“Кандай болуп баратабыз кокуй, ай,
“Каныбектен” башка китеп окубай”,
деп жазат. Төкөмүн ырын өзүнчө уладым:

Жакшы китеп жан дүйнөгө дары деп,
Жатка окулду Жантөшевдин “Каныбек”.
Эми минтип издеп калар кез келди,
Эмне жазса Жанызактын Жаныбек.

Китеп өтпөй кээлер тартып ызаны,
Жарыларга даяр турат бычагы.
Мактоо угар мыкты жыйнак аз эмес,
“Атажурттун ажарычы” мисалы.

Он, онбеш жыл мурда биртоп жаш элем,
Көкүрөктү койгулоодон жат элем.
Азыр болсо Аккуладай буудан бар,
Акындардан Т.Мамеев, маселен.

Кокуй ай, деп коркутат деп чочуба,
Жазуучу үчүн жазбаш жаман окуя,
Эң башкысы пулун төлөп сатып ал,
Андан кийин окубасаң окуба.

- Жакшы, Токтобай мырза, акын-жазуучулардын өздөрү элге жетишке аракет кылып жатышабы?

Токтобай Мүлкүбатов: - Азыр китептер көп эле чыгып атат. Акынмын деген бир жигит мени менен таанышып китебин белек кылды. Анда мурдагы райком, райисполком төрагаларынан баштап азыркы олигархтарга чейин сүрөттөрү менен жүрөт. Баарына бирден ыр арнаптыр. Он чакты күндөн кийин дагы жолугуп, Жазуучулар союзуна кабыл алынсам, деген өтүнүчүн айтып, менден сунуштама жазып берүүмдү суранды. Мен акын эмес, жазуучу экеними айтып араң кутулдум. Ал жигит мактаган кишилеринин баарынан акча алып, ошого китеп чыгарып, өзүнө да тыйын ашырып калыптыр. А бирок жазуучу, акындардын баары эле андай эпчил эмес. Базар-нарк мамилелерине алардын тез эле көнүп кетиши кыйын. Айрымдар саясатчыларды жазып бала-чакасын багып жүрүшөт. Анан жаза турган киши нан таап келишти ойлобогон, жетиштүү турмушу, бала-чакасы багылуу болушу керек.

- Токтосун мырза, жаңы жазган пародияларыңыздан окуп бербейсизби?

Токтосун Самудинов: - Бир кемчилигим, жазгандарымды жаттап кала албайм. Бирок “Тилек” деген ырымды окуп берейин, баарыбыздын тилегибиз:

Күн болсо деймин, ак бубак гүлдүү жазы бар,
Түн болсо деймин, нөшөрлөп барып басылар,
Көз болсо деймин, махаббат нуру чачырар,
Сөз болсо деймин, укканда оозуң ачылар.

Эми бир нерсени айта кетейин. Китеп арман деп атпайбызбы. Китеп чыгып эле жатат. Бири-бирине белек кылып берген китептер менин редакциямда деле жыйылып жатат. Анан китеп чайкоочулук кылган деле убактылуу нерсе, ал деле иргелер. Уйкаштырып жазганды ыр көргөндөр, халтураны көбөйткөндөр толтура. Поэзия - улуу түшүнүк.

- Токтобай мырза, кеп сизде.

Токтобай Мүлкүбатов: - Жакында бир улуттук отчетту окуп чыктым. Анда коогалаң чыкчу жерлер көбөйүп кеткени жазылыптыр. Чүй облусунда 8 жерде, Ошто 14 жерде, Баткенде 3 жерде деп көрсөтүлүптүр. Ошолорду карап отуруп ушуларды кантип жойсо болот эле, деп ойлодум. Биз бардык баалуулуктарды талкалап алдык. Башкасы жакпайт. Биз китеп окубаган муунду тарбиялап жатабыз. Баалуулуктар төмөн түшүп, анын ордун саясат ээлеп алды. Биздин улуттун кендирин кесчү маселе ушул болуп жатат. Биз өз пайдубалыбызды таба албай жатабыз.

- Сиздерге ырахмат! Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак.
XS
SM
MD
LG