Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Өзбекстан газдын баасын арзандатуу жөнүндө сунушка көнбөй, эң алды Кыргызстанга 18 миллион доллар карыздан кутулуу жөнүндө маселе коюуда.

Жакында Ташкентте болгон сүйлөшүүлөрдө көгүлтүр отундун баасын арзандатуу аракети ишке ашкан жок. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубан Мырзакановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, өзбек тарап газдын баасын 2009-жылдын төртүнчү кварталында 20 долларга арзандатышы мүмкүн:

- Бул маселе октябрда өтө турган сүйлөшүүлөрдө чечилет. Учурда 2009-жылга карата гана баалар боюнча сүйлөшүлүп жатат. Ал эми 2010-жылга газдын баасы кандай болот, бул боюнча сүйлөшүүлөр ноябрдын аяк ченинде, декабрь айынын башында өтөт.

Кубан Мырзаканов ошондой эле учурда газ маселеси боюнча премьер-министр жана биринчи вице-премьердин деңгээлинде талкуу жыйындар өткөрүлүп жатканын, алар чечим чыгаргандан кийин, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр улантылаарын кошумчалады.

Өзбек тараптын Кыргызстанга газдын баасын арзандатпай жатышын “Ар намыс” партиясынын Түштүк боюнча координатору Бөдөш Мамырова Өзбекстандын Кыргызстанга өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүү максаты менен байланыштырууда:

- Өзбекстан өзүнө керек болгон учурда, суугат мезгили башталганда гана мунасага барат. Анан газды пайдалана турган мезгил келгенде, кыш жакындаганда эле өздөрүнүн бийик баасын коюп алып тура беришет. Бул эки мамлекеттин бири бири менен тил табыша албай жатканын,же болбосо Өзбекстан Кыргызстанды өнөктөш катары тең ата кабыл албай жатканын көрсөтүп турат.

Ал эми экономист Айылчы Сарыбаев өзбек тараптын көгүлтүр отунга болгон бааны төмөндөтпөй жатышына кыргыз өкмөтү гана жооптуу деп эсептейт:

- Өзүбүздө электр кубаттуулугу ашык чыгарылып жатып, жыл сайын газга дооматыбызды айта бергенибиз, ошого көз каранды болгонубуз өзүбүздүн күнөөбүз. Өзбекстан болсо өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн газды дүйнөлүк баада сатууга сөзсүз кызыкдар. Бул жерде Өзбекстанды күнөөлөп, өзүбүздү жакшы көрсөткөн болбойт.

Айрым серепчилердин өзбек тарап көгүлтүр отко болгон бааны арзандатат деген ишенимдери “Кыргызгаз” ишканасынын 75 пайыз акциясынын Орусиялык “Газпром” ишканасына өтүшү менен негизделүүдө. Ошол эле учурда эгерде “Кыргызгаз” ишканасынын көзөмөлдөөчү акциясы “Газпромго” өтүп кете турган болсо, анда тескеринче, газ дүйнөлүк баада сатылат деген кооптонуулар жок эмес.

Экономист Айылчы Сарыбаевдин баамында, “Кыргызгаз” ишканасынын “Газпромго” өтүшү менен Орусия газдын тарифтерин биринчи ирээт өз кызыкчылыгын эске алуу менен аныктайт:

- Орусиянын “Газпрому” биздин “Кыргызгазды” сатып алса эле турмуш оңолуп, газ арзандайт дегенден алыс болушубуз керек. Себеби “Газпром” өзүнүн газын дагы Европага жана башка өлкөлөргө дүйнөлүк баада сатууга кызыкдар.

“Ар намыс” партияснын өкүлү Бөдөш Мамырова болсо, “Кыргызгаз” ишканасынын орусиялык ишканага өтүшүндө терс гана эмес, оң жактары да бар экенин айтат:

- Менин оюмча “Кыргызгаз”орусиялык “Газпромго” өтсө Орусия Өзбекстан үчүн жогорку деңгээлдеги өнөктөш болгондон кийин Кыргызстанга да тиешелүү мамиле жасайт эле.

Б.Мамырова ошондой эле газдын баасын төмөндөтүү боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүдө суу маселеси да бирге каралышы керектигин белгиледи:

- Биз газ маселесин суу маселеси менен бирге чече албай жатабыз. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып баратат деп айтып жатышат. Азыр биз кышка даярдыкты көрүп, сууну азыртан топтоп, Өзбекстанга көз каранды болбой газ маселесин мурда эле чечип алсак болот эле.

Ушул тапта Кыргызстан Өзбек газынын миң кубун 240 долларга сатып алууда. Буга чейин макулдашылган бул баа арзандайбы же ошол эле калыпта калабы, аны октябрь айында боло турган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы аныктайт.
XS
SM
MD
LG