Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Кыргызстан демократиялык багытынан четтеп, авторитардык башкарууга өтө баштаганы кийинки кездери көп айтылууда. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу калтыс абалда турган өлкөнүн саясий багыты тууралуу болмокчу.

Студияга белгилүү коомдук-саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов, парламент депутаты, «Акжол» фракциясынын өкүлү Бейшенбек Абдыразаков чакырылган.

- Аликбек мырза, Кыргызстандын демократия жолунан четтеп кетиши тууралуу камтама ойлордун чыгышынын реалдуу негизи барбы же бул саясий оюндун айла-амалдарынын бириби?

Аликбек Жекшенкулов: - Бул системадан келип чыгып жатат. Бийликтин демократияны өнүктүрөбүз деген сөзү иш жүзүндө тескери кетип жатат. Мисалы, саясий куугунтуктар, журналисттердин сыртка качып кетиши, гезиттердин жабылышы, жыйындар тууралуу мыйзам. Кыргызстанда демократиянын абалы начар.

- Бейшенбек мырза, мурда Кыргызстан “Борбор Азиядагы демократия аралчасы” экендиги көп айтылчу. Элдин көбү ага ишенбегени менен, ошондой ишеним бар эле. Азыр болсо “демократия” деген сөздүн өзү айтылбай калды. Президент кайрылуусунда ал жөнүндө оозанган деле жок. Анын себебин сиз эмнеге байланыштуу түшүндүрөсүз?

Бейшенбек Абдыразаков:
- Мурда айтылчу, азыр деле айтса болот. Бизде Өзбекстан, Түркмөнстанга салыштырмалуу демократия бар. Бул өзү коомдук өсүшкө байланыштуу маселе. Анан да ал ар бир адамдын өзүнө жараша, акылы, интеллектине жараша, ошолорго көз каранды нерсе. Акыркы жылдары биз демократия деп өтө эле аша чаап кеттик. Анын зыяны элге, коомго тиет. Демократия менен жөн нерсенин ортосунда чек болуш керек. Андан чыкпашыбыз керек. Азыр демократия деп коюп билгендерин кылып жатат. Атасы баласын укпай, баласы атасын тоготпой, билгендерин кылып жатышат. Демократия кыргыздын өзүнө, каада-салт, үрп-адатынын сакталышына зыянын тийгизип жатат, деп айтар элем.

- Аликбек мырза, Кыргызстан чын эле демократиядан ыдык көрүп жатабы?. Ал жөнүндө кеп болсо эле “ашып кетти, көбөйүп кетти”, айтылат. Мунун артында кандай мүдөө жатат?

Аликбек Жекшенкулов:
- Бул бийликтеги, парламенттеги отургандардын демократияны түшүнбөстүгүнөн болуп жатат. Бейшенбек иним туура айтат, демократия саясий деңгээлге, билимге, маданиятка байланыштуу. Ал бир үй-бүлөнүн мамилесинен эле көрүнбөйт. Анан кыргыздын канында демократия түшүнүктөрү бар. Мисалы, кандын же бийдин баласына бийлик өтчү эмес. Шайлоодо добуш берүү таш менен өтөбү же аксакалдар чечеби, иши кылып акыйкат менен калыстык кармалып келген. Маданияты жоктукту же жетесиздикти биздикилер демократия деп айтып алышат. Бул туура эмес. Демократия мыйзамдар аркылуу жөндөлөт. Анда чоң-кичине жок, баары мыйзам алдында жоопкер. Мен, билесиңер, бийликте да болдум, эми оппозициядамын. Мен бийликте отургандарга айтар элем. Демкратияны орнотпосок, аны терең түшүнбөсөк элибиз да, мамлекетибиз да жок болот.

- Бейшенбек мырза, Кыргызстандын демократия жолунан тайып баратканы чын эле болуп жаткан нерсеби же бул оппозициянын эле чыгарган сөзүбү?

Бейшенбек Абдыразаков: - Болушу мүмкүн. Анткени азыр оппозицияга куугунтук күчөгөнүн жон терибиз менен сездик, деп айтып жатышпайбы. Канткен менен Кыргызстанда дале демократия бар. Жанагы “демократия аралчасы” дегенди биз өчүрбөшүбүз керек. Ошо атты сакташыбыз зарыл. Демократия ар ким өз билгенин кыла берчү нерсе эмес. Демократия мыйзам дегенди мен да колдойм. Кийинки жылдары демократтар көбөйүп кетпедиби. Баары эле демократ, баары эле кыйын. Менимче, Кыргызстандагы демократия мынабу Бишкектин тегерегиндеги үй куруучулардан башталган. Жер басып алууну баштагандарды жетектеп жүргөндөр азыр бийликте да, оппозицияда да. Ө.Текебаев, Ж.Жекшеев, Т.Тургуналиев, Ж.Усуп Чоңаюу, Т.Акун жана башкалар. Мына ушул кишилердин өрнөгү кийинки муун жаштарга сабак болушу керек.

- Аликбек мырза, Кыргызстан демократия жолунан четтеп кетишин бул жерде антитеррордук күчтөр жайгашкан аскер базасы турган үчүн байкамаксанга салышканы айтылып жүрөт. Эми база чыгарылгандан кийин Батыштын маанайы башкача болот, деген сөз айтылып жатат. Ушундай пикирдин чыгышына негиз барбы?

Аликбек Жекшенкулов: - Тилекке каршы, негиз бар. Тышкы саясатта негизги маселе - улуттук кызыкчылык. АКШнын улуттук кызыкчылыгы Кыргызстан демократиясы эмес, мына ушул “Манастагы” аскерий база болчу. Менин оюмча, алар эми башкача иш жүргүзөт го, деп ойлойм. Анан Бейшенбек иниме айтчу кебим, демократия - эл бийлиги. Ал “Акжолдун” парламентке өтүшү менен тебеленип калган. Кандай бурмалоолор болгонун билебиз. Кайсы партия канча добуш алганы белгилүү. Акүйдөгүлөр баарын жасап коюшкан. Ошентип эл укугу, адамдардын шайлоо укугу тебеленген. Эл алдына чыкканда бүгүнкү жетекчилер бизде демократия гүлдөп жатканын, баары жакшы экенин айтууну жакшы көрүшөт. Бүгүнкү бийлик анын ордуна биз демократия курбайбыз, биз авторитаризмди орнотобуз, десе кыйла чын болмок.

Кыргыз элинин тагдырын кыргыз чечиши керек. Бирөө келип чечип бербейт. Анан бийликтегилер бир нерсени жадынан чыгарышпаса. Бийликтен эртең эле кетет. Кийин отуруп калганда адилетсиздиктер болсо башын мыкчыйт. Ошон үчүн демократия, адилеттик үчүн эмне кылып жатканын ар бир адамдын ойлой жүргөнү жакшы. Башаламандык менен өзүмбилемдикти айрымдар демократия дешет. Андай эмес. Элдик башкаруу мыйзамга таянат. Ошондо гана демократия болот. Адам укугу сакталышы керек.

- Бейшенбек мырза, бул жерде парламенттик, жергиликтүү шайлоонун өтүшүнө көп кинелер айтылып келатат. Ошондой кине айтышка негиз барбы?

Бейшенбек Абдыразаков:
- Шайлоону алалы. Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш шайлоосу. Жогорку Кеңеш шайлоосу деп жүргөндө мен жаңы конуштардан “Атамекен”, башка партиялардын өкүлдөрүн көргөн жокмун. Келишкен жок. Катышкан жок, деп айталбайм. Анан базардагы эле бирөөнү алып келип өтпөй калдык, деп чычалабаш керек. Мыйзам чегинде караш керек. Ал жерде протоколдор бар. Далилдеш абзел. Утулуп калгандар айта беришет. Чыккыла кимиң кыйын болсоңор эмдиги шайлоого.

- Аликбек мырза, кеп шайлоо жөнүндө болуп калбадыбы. Сиздин пикир.

Аликбек Жекшенкулов: - Бул жерде антип айтышка негиз жок. Мен эки шайлоого тең катышкан жокмун. Анан кичине уят деген да болушу керек го акыры. Бул жерде отуруп алып эле “Акжол” жеңди деш туура эмес. Биздин да кишилер бар. Иштегенбиз. Сиз чычалабай угуп коюңуз, сүйлөп атканыңызда сөзүңүздү бөлгөн жокмун. Илгертен бери демократпыз деген кишилер бийликке келгенден кийин эле ушинтип калышат.

- Эми соңку суроо. Бейшенбек мырза, Кыргызстан ушул ыргакта кете берсе эртеңки күнү анын эларалык кадыр-баркы, турум-турпаты кандай болот?

Бейшенбек Абдыразаков: - Биз демократия курабыз дегенден бери 18 жыл өттү. Демократиялык каада-салты 200 жыл болгон өлкөлөр бар. Өз деңгээлибизде өнүгүп баратабыз. Ага элдин мамилеси бийик болушу керек. Таптакыр эле жок деп айтыш кыйын. Элибиздин деңгээли ошондой. Дагы 10-20 жылдан кийин коом өзгөрөт. Жаңы муун келет. Коом даяр болот.

- Аликбек мырза, демократияга келишибиз үчүн дагы канча мезгил, убакыт керек?

Аликбек Жекшенкулов: - Буга албетте, убакыт керек. Бирок мен элдин деңгээли ошондой, шашпай жетебиз, дегенге кошулбайм. Элдин саясий деңгээли жогору. Бүгүнкү бийликтин каалаганын жасап жатышынын себеби - саясий элитанын абалына байланыштуу. Жакшы эле кишилер бийликке баргандан кийин өз камчысын чаап, элди ойлобой калат. Эң биринчиси биз ачык, калыс шайлоо өткөрүүгө жетишибиз керек. Президенттикпи, парламенттикпи, жергиликтүү кеңешкеби. Ал эми саясий маданият, илим-билим - буларга убакыт керек. Азыр эч ким унчукпайт. Шыбырап айткандан башкага жарабай калды. Бирөөнүн баласы, тууганы кызматта, коркконунан унчукпайт.

- Мырзалар, келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат! Ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG