Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Өткөн жыл кыргызстандыктардын эсинде президенттик шайлоо, анан да узакка созулган соттук териштирүүлөр аркылуу калат окшоп калды.

Уй жылынын жыйынтыктары тууралуу «Азаттык» студиясынын бүгүнкү меймандары эркин ой жүгүртүүчү Карыбек Байбосунов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Жеңишбек Акматов пикир бөлүшөт.

- Мына эски жыл кетип, Жаңы жыл кирип келди. Карыбек мырза, эски жыл эмнеси менен кыргызстандыктардын эсинде калды?

Карыбек Байбосунов: - Жылдардын баары эле окшош. А бирок 2009-жылдын да өзгөчөлүгү болду. Биринчиси экономикалык кризистин каарын ушул жылы катуураак сездик. Бардык маселе барып-келип эле каржы маселесине такалат эмеспи. Биз да каржылык жагынан кыйла кысылдык. Өкмөттүн жакшы аракеттерин айта кетишибиз керек. Ички дүң продукт көбөйдү. Анан да Кыргызстан суу-энергетика проблемасында өз позициясын көрсөтө алды. Энергетикага үстөмдүк берсек ал локомотив катары калган тармактарды сүйрөп кете алат. Экинчи жагынан жарандык коом деп коебуз. Анын активдүүлүгү басаңдады. Оппозиция өкүлдөрүнүн айрымдары чет өлкөгө кетип, калгандарына бул жерде иш козголуп, коомдогу жигердүүлүк начарлады. Мамлекеттик аппарат, куугунтуктоо күч алды. Биз авторитардык тарапка ооп кеттик, бийлик ошол багытка оой баштады. Жарандык коом баш көтөрө албай турат. Патриоттук, мекенчилдик көбүнесе акча менен бааланып калды.

- Жеңишбек мырза, а сиз өтүп бараткан жылды кандай сыпаттайт элеңиз?

Жеңишбек Акматов: - Жыл тууралуy кеп кылсак, Карыбек байке айткандай, жыл-жылга окшош. Бирок өткөн жылдын бир өзгөчөлүгү саясий куугунтуктоолордун күчөгөн жылы болду. Буга Балыкчыдагы сот жыйынтыгы, Петровка жаңжалы, көптөгөн саясатчылардын чет өлкөлөргө кетишке мажбур болушу, ал эми эл үчүн тарифтердин болуп көрбөгөндөй жогорулашы эсинен кетпей турган окуялардан.

- Өткөн жылдын кабатырлантчу жагдайлары арбын болду. Карыбек мырза, өткөн жылдын эсте калчу маданий турмушуна токтоло кетсеңиз.

Карыбек Байбосунов: - Маданий турмуштагы олуттуу окуя деп кино тармагынын азыноолок жанданышы, жаштардын жакшы кинолорду тартышын айтар элем. Жаштар бул ишке аралашып, студенттер кино тартышууда. А бирок андай мактоону театр өнөрүнө карата айта албайбыз. Анын көбү акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу болду. Мыкты режиссерлордун көбү өтүп кетти, калгандары убакты-саатын күтүп отурушат. Адабиятта болсо, көркөм сөз алпы Ч.Айтматов о дүйнө салып кеткенден кийин үмүттү жаштарга таштап күтүп отурабыз. Бул өзү убактылуу тыным алуу болуш керек.

- Жеңишбек мырза, өтүп бараткан жылда көчмөн цивилизациясына көңүл буруу, өткөнүнө кайрылуу күч алды. Бирок ошол эле мезгилде кыргыздын уруучулдук сезимин ойготуп, оң, сол, ичкиликке бөлүү аракети да жасалды. Муну кандай деп бааласа болот?

Жеңишбек Акматов: - Көчмөн цивилизациясын көтөрүүнү мен колдой турган идея деп айтат элем. Акыркы кездери биздин каада-салт, нарк-насилибиз көбүнчө унутулуп кетип бараткан. Ушунун негизинде алар эми кайра ордуна келеби, деген ой болуп жатат. Ал эми үч топ кылып, уруу-урууга бөлүнүүнү көп сөз кыла турган маселе. Мунун колдой турган жактары бар. Бирок трес жактары деле көп экени айтылып жатат. Аны мезгил көрсөтөр, анан да жалпы эл тарабынан кандай колдоо табат – бул да өзүнчө күмөн ойлорду жаратууда.

- Карыбек мырза, өткөн жыл реформалардын жылы болду. Башкаруу системасын, күч кызматтарын жаңылоо, иши кылып реформалардын өксү болбодук. Жай саратанда президенттик шайлоо өттү. Соттук териштирүүлөр арбып кетти. Кыргызстан адам укугунун сакталышы, демократия жагынан артка кеткендиги көп айтылууда. Бул жааттагы абалы тууралуу эмнелерди айта алат элеңиз?

Карыбек Байбосунов: - Демократия мурда бизде болбогон себептүү аны өз эркин бирөөгө таңулай билүү, элдин атынан сүйлөгөнгө укуктуулук деп түшүнчүбүз. Анын деле оң-терс жактары көп экен. Эгер эстүү башкаруучу, эстүү эл, эстүү коомдук пикир болбосо демократия анархия менен кыйкырык-сүрөөнгө айланып, башаламандыкка айланып кетет экен. Болбосо ал мамлекеттин күчкө таянып, элдин үшүн алып, үрөйүн учуруп, башка чаап турчу, жакын туyгандарына чейин куугунтукка алып келчү нерсе экенин биз түшүнө баштадык. Ал жагына келгенде биз алдыга кеттик же чегиндик деп айтыш туура эмес. Батыш түшүнүгүндөгү демократия болгонбу, деген маселе бар. Кыргыз менталитетине ылайык салттуу коомдук мамилелерибиз бар экен. Ал азырынча терс жактары менен көрүнүп жатат. Бийлик элге кызмат кылуунун ордуна анын үстүндөгү тап болуп алгандыгы, элдин бийликтин, мансапкорлордун алдында жүгүнүп, аларга шарт түзүп, талап кылгандын ордуна бийликтин алдында артты кылчайып карап, жүгүнүп турганы. Манап келатат, шер келатат деген сыкятуу той кылсак бараан үчүн депутат же Акүйдүн өкүлүн чакырабыз. Авторитардык бийликке өтүшүбүзгө элдин өзүнүн шарт түзүп берип жатышы бул өзү артка чегинүүчүлүк болот. Реформа - өзгөрүү. Эмне өзгөрдү? Азыр реформа деген сөздүн артында мамлекеттик аппаратты бекемдөө аракеттери жүрүп жатат. Бийликтин элдин үстүнөн үстөмдүгүн жүргүзүшү үчүн чоң аракеттер көрүлүп жатат. Эрежени сактабай башкача эрежелерге өтүп кетүү болуп жатат. Бул башкаруудагы көп катачылыктарга алып келет. Арты өкүнүчтүү болуп бүтөт. Себеби 10 жылдан кийин да, 15 жылдан кийин да бүгүнкү аракеттерге жооп беришке туура келет.

- Реформалар чынында эле көп болууда. Жеңишбек мырза, Кыргызстан реформалардан эмнелерге жетишти, эмнелерди тапты?

Жеңишбек Акматов: - Бу реформалар сөз жүзүндө эле калып жатат. Азыр эле Карыбек мырза айткандай, ар бир өлкөнүн ыйык символу Конституция. Ошол реформа жүргүзүлмөкчү болгондо Конституция бузулду. Конституция бузулган жерде реформалардын ийгилик алып келерине бир эле биз эмес, жалпы эл деле ишенбей турат. Мынакей реформанын негизги милдети мамлекеттик башкаруу аппаратын кыскартуу болчу. Президенттик администрация аппарат болуп түзүлгөнү кайра көбөйүп, Акүйгө мурун өкмөт, президенттик администрация, иш башкармалыгы батып атса, азыр иш башкармалык батпай “Ысык-Көл” мейманканасына көчүрүлүп, калган аппарат Акүйгө толуп калыптыр. Бул дагы реформанын иш жүзүнө кандай ашырылып жатканынын бир белгиси. Президенттик шайлоо быйылкы жылдын негизги окуяларынын бири болду. Тилекке каршы Европа коопсуздук жана кызматташу уюму ага терс пикирин билдирди. Бул алардын байкоо жүргүзгөндөн кийинки бүтүмү. Акыркы кездери бизде шайлоонун баркы кетип бүттү. Азыр деле ошол А.Акаев башкаруусундагы “процент кубалаш” оорусунан арыла албай жатышат. Ошол кездеги элдин 95%, 98%, 99% элдин катышуусу азыр деле колдонулуп жатат. А кезде элде азыраак ишеним бар эле. Азыр болсо бизде эмгек мигранттары көп. Орусиянын президенттик администрация башчысы С.Нарышкин “бизде кыргызстандык 600 миңден ашуун эмгек мигранттары катталган” деп айтты. Бирок биздеги шайлоодо мигранттар аз эле киши болуп жатат. Баары эле шайлоого катышып жатат. Шайлоонун баркынын кетишинин бир себеби мына ушул. Анан шайлоону бузууга аракет кылды деп Балыкчыда жөнөкөй бир карапайым адамдар камалып кетишти. А бирок ошол шайлоону бузуп, жасаган адамдар эч жоопко тартылган жок. Шайлоо учурунда тутамдап таштагандарды Таластан кармап, 1-каналдан көрсөтүп реклама кылышты эле. Башкы прокурордун орнубасары бизде шайлоо мыйзам бузууларсыз өткөнүн айтып, эчким даттанбаганын депутаттар алдында айтып олтурат. Бул дагы шайлоонун баркынын кетишинин бир белгисиби деп ойлойм.

- Мырзалар ишиңиздерге ийгилик, Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!
XS
SM
MD
LG