Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Эл аралык милдеттенмеге ылайык, Кыргызстан аналог телеберүүлөрдөн санарип ыкмасына 2015- жылда толугу менен өтүшү керек..

Санарип ыкма телеканалдардын санынын көбөйүшүнө, үнү менен сүрөтүнүн сапатын жогорулатууга апкелет. Ошону менен катар кардарлардын да мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Адистер ошондой эле санарип ыкмасына өтүү менен жыштыктардын жетишсиздик маселеси чечилээрин айтышууда.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Таалайбек Эшалиевдин айтуусунда, телеберүүлөрдү санарип ыкмасына өткөрүүнүн артыкчылыктары арбын болгону менен ушул тапта Кыргызстанда телеберүүлөрдүн жаңы форматына өтүүдө бир катар кыйынчылыктар болуп жатат. Алардын эң негизгиси, каражат маселеси:

- Маселен ошол санарип берүүнү кабыл ала турган ресиверлердин баасы 95 доллар болуп жатат. Бул, албетте, биздин эл үчүн кымбат. Негизинен каражат маселесине такалып калып жатабыз.


2006-жылы Женевада санарип ыкмага өтүү боюнча келишим иштелип чыгып, ага 119 мамлекет кол койгон. Анда белгиленген жобого ылайык, милдеттенме алган мамлекетер, алардын катарында Кыргызстан телеберүүлөрдү санарип ыкмага 2015-жылы 17-июнга чейин өткөрүүсү тийиш. Алгач санарип ыкмасына өтүүнүн мамлекеттик программасы кабыл алынышы керек. Таалайбек Эшалиев бул жаатта бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи:

- Азыр программаны иштеп жатабыз. Алдыдагы алты жылдын ичинде санарип ыкмага өтүүнүн техникалык жактарын акырындап ар бир областта киргизе башташыбыз керек.

Жергиликтүү адистер телеберүүлөрдү санарип түрүнө өткөрүү процесси Кыргызстанда кечеңдеп жатат деген тынчсызданууларын билдирип келатышат. Медиа өкүлчүлүк институтунун жетекчиси Бегайым Үсөнова эгерде Кыргызстан “Женева -2006” келишимин аткарбаса, анда мамлекет аралык мамилелерге доо кетиши мүмкүндүгүн эскертет:

- Биз санарип ыкмасына өтпөй кое албайбыз, анткени биз өз убагында өтпөсөк Өзбекстан, Кытай сыяктуу коңшулаш мамлекеттерди мустарап кылып, техникалык жактан, тагыраак айтканда, биз алардын радио жыштыктарына тоскоолдуктарды жаратышыбыз ыктымал. Мамлекет аралык мамилелерде мындайга жол берилбеши керек. Биз 2015-жылда санарип ыкмасына өтпөй калабыз деген кооптонуу бар, ошондуктан мындай ыкмага өтүүнү биз тездетишибиз керек.

Жыйында Транспорт жана байланыш министрлигинин жетекчилиги санарип берүүлөрдө акысыз көрсөтүлчү “соцпакетке” УТРК, ЭЛТР, МИР телеканалдарын киргизүү каралып жатканын билдирди. Ал эми калган каналдар мындай ыкмага өз каражаты менен өтүшү керек болот. Баткен ТВ телеканалынын жетекчиси Алтынай Арстанбекованын пикиринде, аталган “соцпакетке” областтык телеканалдар да киригизилсе туура болот:

- Баткенде эл БаткенТВны, Нарында НарынТВны, борборго келсе деле элеттен келгендер жергиликтүү областтык каналын көргүсү келет да. Ошондуктан УТРК,ЭлТРден тышкары областтык жергиликтүү телеканалдар да ошол “соц пакетке” киргизилиши керек деп ойлойм.

Санарип ыкмасына өтүүдө атайын 7 жабдык алгач Баткен областында орнотулган. Учурда санарип берүнү кабыл ала турган жабдыктар Ош жана Жалал-Абатта орнотулганы маалым болду.

Ал эми дүйнөлүк тажрыйбаны алып карасак, бүгүнкү күндө Европанын 9 өлкөсү санарип берүүсүнө толугу менен өттү. Санарип берүүсүнө өтүүгө мындан эки жыл мурун кадам таштаган Украинанын көз карандысыз телерадио берүүлөр ассоциациясынын жетекчиси Ольга Большакова санарип ыкма бүгүнкү күндүн талабы болуп жатса, эртеңки күндүн келечеги интернет экенин айтат:

- Келечекте кайсы бир тасма качан көргөзүлөт деп эч ким күткүсү келбейт, анткени ошол тасманы интернет аркылуу жүктөп каалаган учурда көрө алат да.


Айрым адистердин баамында, эгерде Кыргызстанда телеберүүлөр санарип ыкмасына өтсө, анда мамлекеттик тил мыйзамына ылайык телекөрсөтүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилинде болсун деген талабын аткаруу оорлойт. Ошону менен катар санарип ыкмасына өтүү менен акы төлөп көрүү заманы келет.
XS
SM
MD
LG