Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

21-апрелде эл аралык, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын, парламент депутаттарынын катышуусундагы «тегерек үстөлдө» өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланды. ЕККУ, Европа Биримдиги мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеп, Кыргызстан кабыл алган эл аралык стандартка каршы келерин белгилешкен.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акундун ырасташынча, бейөкмөт уюмдардын укугун чектеген мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстан жактырган жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык келишимдерге кайчы келген иш жасалат.

- Ошол эларалык пактыны бекиткенбиз да. А бул мыйзамда болсо саясатка кийлигишпесин дейт. Булар бир гана акчаны өкмөттөн алып, ошол алынган гранты боюнча өзүнүн ишин жасашсын дейт. Жол курсун, социалдык объекттерди бүткөрсүн, бирок да саясатка кийлигишпесин, дешет. Бул туура эмес. Минтсек биз эларалык норманы бузган болобуз да. Бул бир. Экинчиси, бейөкмөт уюмдар өзүн-өзү жөндөй турган түзүмдөр. Муну “тиякка бас, биякка бас” деп текшерүүнүн эч кандай зарылдыгы жок.

Ушундай эле пикирин Европа коопсуздук жана кызматташу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эндрю Тесорьер мырза да билдирди. Кыргызстандын мыйзамдары жарандык жана саясий эларалык пакттын жоболоруна кайчы келбеши керек, деп эскертти элчи мырза. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр эларалык келишимдин жоболоруна, атап айтканда, ар бир адам өз пикирин эркин билдирүү укугуна ээлигин ырастаган жобосуна каршы келери талкууда башка сүйлөгөндөр тарабынан да арбын айтылды.

Парламент депутаты Роза Отунбаева Кыргызстанда кийинки жылдары адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алуу тенденциясы орун алганын белгилеп, демократияга кайчы келген андай мыйзам долбоору мындан үч жыл илгери Орусияда ишке киргизилгенин маалымдады. Орусиялык жосунду Кыргызстан коммунисттеринин жетекчиси ишке ашырып жатканына токтолду.

- КМШ айдыңында бардык коммунисттик партиялар 2005-жылкы белгилүү окуялардан кийин аябай сак болуп калышкан. Орус коммунисттеринин жетекчиси Г. Зюганов жакында Молдовадагы нааразылыктарды басууга кандай жардам бергенин мактанып айтты. Башка жерге кандай кийлигишип жатканын ушундан эле көргүлө. Кыскасы, коммунисттер тилектеш. Биздеги мыйзам демилгесинин башы мүмкүн ошол жактан келип жатканбы, деген ой келет.

Роза Отунбаеванын болжолуна реалдуу негиз бардыгын “Арыш” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Кыргызстандагы айтылуу “Ашар” козголушунун башында турган Жумагазы Усуп Чоңаюу да ырастап, өз пикирин мындайча билдирди.

- Мен муну жанагы тоталитардык коомго жан тарткан, демократияны муунткан түзүлүшкө ыктоо катары баалайт элем. Анткени чындыгында эле мунун куйругу тетиги Орусияга барып такалып жатат. Ошол жакта жыйындарды тыюу, өкмөттүк эмес уюмдарга салык боюнча мыйзам, анан бу өкмөттүк эмес уюмдун өзүнүн мыйзамы – ушулардын баары Орусиядан келгендей, аны кайталагандай таасир калтырууда.

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөр Кыргызстандын демократиялык кадыр-баркын түшүргөндөн башкага жарабастыгын “тегерек үстөл” талкуусуна катышкандардын дээрлик баары ырасташты. Президенттик катчылыктын эксперти Владимир Никитин мыйзам долбоорун кароону токтото туруу өтүнүчү менен парламентке кайрылышканын маалымдады.

Ал эми парламенттин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитет төрагасы, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курманов комитет талаштуу мыйзам долбоорун четке кагышы деле мүмкүн экендигин белгилеп, бирок ага карабастан деле мыйзам демилгечиси өз ыктыяры менен жазып алган мыйзамын парламент кароосуна алып чыгууга укуктуу экенин белгиледи.

- Мыйзам долбоорун четке какса да мыйзам демилгечилеринин пленардык жыйынга алып чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

2000-жылы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө, андан 4 жыл илгери укуктук жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган. Кыргызстан коммунисттеринин жетекчиси Исхак Масалиевдин демилгеси менен мына ушул мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалган. Жаңы мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын укугун чектей тургандыгы белгиленип, кызуу талаш-тартыштарды жаратып келатат. Ошол себепти эске алганбы, иши кылып жаңы мыйзам демилгечиси “тегерек үстөл” үстүндөгү талкууга катышкан жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG