Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Электр-энергияга, курулуш материалдарына баалардын жогорулашы, кризис, жумушсуздук токойлордун кыйылып, жок болушуна алып келиши мүмкүн.

Адистердин баамында, өлкө аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү. Алар мергенчилик мезгили ачыла электе уруксат берилбеген жаныбарларды аткан учурлар кезигет.

Ал эми Кыргыз жергесине аңчылык кылуу атайын келген чет элдик жарандар мыйзам менен бекитилген сумманы төлөп, уруксат алган соң мергенчиликке чыгышат. Атай кетсек, Mарка Поло аталган кулжаны атуу үчүн – 250 миң сом, тоо эчкиге - 36 миң сом каражат төлөшөт.

Мергенчиликти көзөмөлдөө жана мергенчилик ресурстарынын санын жөнгө салуу департаментинин жетекчиси Бакыт Сатаркуловдун айтымында өлкөдө мыйзамсыз мергенчилик кылып, жаныбарларды зыян кылган фактылар да кездешет.

-Ушул жылдын 23-августунан 31-августуна чейинки убакытта жүргүзүлгөн браконьерлерге каршы рейддин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунан 6 адам, ал эми Нарын облусунан 11 адам кармалган Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 35 миң сомду түзүп, ал толугу менен төлөнүп берилди.

Өлкөдөгү жаратылыш байлыктарынына зыян кылган жагдайдын бири-кышкы убакта электр энергиянын өчүрүлүшү, калктын көмүр менен камсыздалбашы токойдун кыйылуусуна алып келүүдө.

Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Баянбек Кадыровдун пикиринде өлкөдөгү электр-энергияга жана курулуш материалдарына баалардын жогорулашы, жумушсуздук, калктын жашоо шартынын начарлашы, кризис кыргыз токоюнун жок болушуна алып келиши мүмкүн.

-Кышкы убакта электр-энергиянын өчүрүлүшү, калктын көмүр менен камсыздалбашы токойдун кыйылуусуна алып келүүдө.

Ошондуктан соңку жылдардан баштап токой тармагын өнүктүрүү департаменти тарабынан өлкөнүн түштүк аймагында массалык түрдө кара талды өстүрүү демилгеси колго алынууда. Себеби кара талдын өзгөчөлүгү ал бат өсөт жана отунга жакшы дешет адистер.

Быйыл токойчулар калк менен бирге Жалал-Абад облусунун Арсланбап, Кызыл-Үңкүр айылдарындагы ар бир үйгө 50-60 түптөн кара тал тикти.

“-Ар бир атуул мындай теректен тигип, алса кышка жыгач отун менен камсыз болуп,токойго кол салбайт эле”-деди Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Баянбек Кадыров.

Статистикалык маалыматтарга караганда өлкөдөгү токой аянтынын 36 пайызы арча токой, 28 пайызы жапыз өскөн дарактар, 15,5 пайызы теректер, ал эми 5,01 пайыз гана жаңгак токою.

Адистердин баамында өлкөнүн түштүк аймагындагы уникалдуу жаңгак токойлорунун абалы өтө оор. Ага түздөн-түз ошол аймактарда жашаган 45 миң үй-бүлө себеп болууда. Алар жаңгак токоюнун баркын билбей ага жанаша олтургузулган мөмө-жемиштүү токойду үй тиричилигине, отунга пайдалануу үчүн кыйышууда.

“Кыргыздар жаңгакты ыйык дешип кыйбайт” деп ага тийбегени менен жанындагы токойду жок кылышууда. Алар ошол жемиштүү бактар менен биргеликте жаңгак токойго зыян алып келип жатканын түшүнүшсө да, чара көрүлбөй келет.

Ошондой эле өлкө аймагында 2 минден ашык токойчу иштейт. Алардын көбү Орусиядагы жогорку окуу жайларда билим алып келгендер. Дагы бир көкөй кескен маселенин бири- токой кызматкерлердин айлык маянасынын аздыгы, алар айына 2 миң сом гана айлык алышкандыктан айрымдары башка тармактарда иш издеп кетип калышууда.

Өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү агентигинин биотүрдүүлүктү сактоо бөлүмүнүн башчысы Кылыч Жүндүбаевдин пикиринде жарандарда экологиялык билим жетишпегендиктен, эл аралык уюмдардын жардамы менен семинар-кеңешмелерди өткөрүп, акцияларды уюштуруп жатышат.

Ошондой эле жайкысын Ысык-Көлдө эс алгандар дагы көлдүн экологиясына зыян кылган жагдайлар да кезигүүдө. Айрым учурда күйүүчү майлардын калдыктары, таштандылар көлгө куюлган фактылар да кездешкенин адистер белгилеп жүрүшөт.

20-сентябрда, жекшемби күнү өлкөдө токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.
XS
SM
MD
LG