Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Казакстанда диний чакырыктар менен чыккан жаран соттолду


Актөбө шаардык соту күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кол салууга жана Орусиядагы «каапырларга» чабуул жасоого үндөө айыптары менен жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратты.

23 жаштагы Нурнияз Саркулов кастык козутууга жана терроризмди ишке ашырууга чакырык жасоого күнөөлүү деп табылды.

Тергөө материалдарына ылайык, Саркулов «өзүнүн диний көз караштарын таңуулоо» максатында августта, тергөөнүн версиясы боюнча, радикал исламды карманган эки таанышы менен жолуккан. Саркулов тааныштарын «каапырларга» каршылык көрсөтүүгө үндөп, Сириядагы согушка Орусия себепкер экенин билдирген.

Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Саркулов жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрүшү керек.

XS
SM
MD
LG