Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Чернобыль кырсыгына катышкандардын катары суюлууда


Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга тургузулган эстелик

Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга тургузулган эстелик

1986-жылы 26-апрелде Чернобыль өзөктүк электр станциясында ,болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан кыргызстандыктардын ден соолугу кабатыр кылууда.

Адамзат өзүнүн тарыхында өзөктүк алааматты 1986-жылдын 26-апрелинде башынан кечиргени маалым. Учурунда кеңеш бийлиги Чернобыль алааматынын зыяндуулугу менен көлөмүн көшөкөрлөнө жаап жашырууга аракет кылган.

Мындай өзөктүк алааматка камылга даярдыгы жок калкты кырсыктын кесепетин жоюуга чегериши да бейкам адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө чоң зыян алып келген.

Өзөктүк электр станциясындагы жарылуунун кесепети экинчи дүйнөлүк согуш маалында Хиросима менен Нагасакиге ташталган өзөктүк бомбанын радиациясынан жүз эсе күчтүү болгон дешет адистер. Станциянын жарылуусунан Украина, Белоруссия жана Орусиянын ири аймагы жабыркаган.

Өзөктүк электрстанциясына жакын жайгашкан Припят шаары эң көп жабыркаган жана андан 50 миң тургундар башка жакка көчүрүлгөн. Ушул күнгө чейин Чернобылдагы кооптуу аймак турмуш-тиричилик өткөрүү үчүн эң коркунучтуу бойдон калууда.

Кеңеш өкмөтү Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн начар жабдылган он миңдеген жумушчуларды жана аскер адамдарын өзөктүк апаат болгон аймакка жөнөткөн. Алардын көбү андан көп өтпөй каза болуп, же ден-соолугунан айрылган. Ал эми апаатка катышып тирүү калгандар ушул күндөрү аз өлчөмдө акчалай жардам алып келет.

Чернобыль кырсыгынын ден-соолукка тийгизген масштабы азырынча так аныкталган эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун 2006-жылы чыккан билдирүүсүндө өлгөндөрдүн саны төрт миң болушу ыктымал деп айтылса, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча “Greenpeace” уюму андан бери 200 миңге чукул адам радиациянын кесепеттеринен пайда болуучу ооруларга жана рак дартына чалдыгып көз жумганын билдирген.

Айлана-чөйрөнү коргоочулар, өзөктүк изилдөөгө каршы топтору да өз алдынча маалыматтарды каттап Чернобыль кырсыгынан кийин айрым илдеттер күчөгөнүн, өзгөчө рак илдети кулач жайганын келтирүүдө.

Чернобыль алааматын жоюуга кыргызстандыктар да катышып, алардын ден-соолугуна оор залака келтирилип, нечендеген адамдар оору айынан өмүрүнүн акырына чейин жете алышкан жок. Алардын бири-Асан Калбаев Чернобылдан кийин ден соолугу начарлап, 2003-жылы каза болгон.

Маркумдун жесири Шайкүл Калбаеванын айтымында Асандын артында калган балдары да оорукчан болуп калганы аз келгенсип, Бакиев учурундагы өкмөт аларга бөлүнгөн жеңилдиктерди кыскартып салышкан.

Кыргызстандагы чернобылчылардын 2 миң ден ашуун баласы бар болсо, алардын 13-15 пайызы оорулуу болуп эсептелет. Бул туурасында Чернобыль кырсыгына офицер катары катышкан генерал Кубатбек Кожоналиев “Азаттыка” айтып, аларга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай жатканына токтолду:

-Жылдан жылга 40-50 адам Чернобыль кырсыгынын кесепетинен кайтыш болуп кетүүдө. Мамлекеттик жактан аларга камкордуктар өтө аз болуп жаткандыктан, ооруну жеңе албай, каза болуп жатышат. Алардан төрөлгөн балдар дагы оорукчан болуп жатышат. Учурда бир миң алты жүздөн ашуун чернобылчы болсо, ар жыл сайын катары суюлуп баратат. Көпчүлүк каза болгондор жүрөк жана кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер болууда.

Өлкөнүн социалдык жактан коргоо агенттигинин жетектөөчү адиси Жамал Касымова чернобылчыларга беш категория менен жөлөкпул төлөнүп жатканын “Азаттыкка” айтып берди:

-Булар 5 категорияга бөлүнүп, аларга жөлөкпул төлөнүп берилет. Чернобыль кырсыгынын майыптарына ар бирине 3 миң сомдон ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай төлөнөт. Ал эми Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына ай сайын эки жарым миң сомдон жөлөкпул төлөнүп жатат. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга ай сайын миң сомдон акчалай жөлөкпул төлөнүп келүүдө. Ошондой эле Чернобыль кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөөлөрүнө да миң сомдон төлөнүүдө. 18 жашка чейинки балдары да ай сайын миң сомдон жөлөкпул алып жүрүшөт.

Чернобыль кырсыгынын жыйырма беш жылдыгы жакындаган сайын окумуштуулар менен доктурлар, саясатчылар менен экологдор кырсыктан канча киши жабыркаганын аныктай албай, алар атаган сандар кыйла айырмаланып келет.

Маселен, Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан кийин ар кандай ооруларга чалдыгып, үч жарым миллион киши жапа чекти деп маалымдап жүрүшөт. Бирок Бириккен Улуттардын Атом радиациясы боюнча илимий комитети Чернобыль кырсыгынын натыйжасы коомчулуктун саламаттыгына олуттуу зыян келтирген эмес, деп белгилешкен.

Айлана-чөйрөнү коргоо топтору Бириккен Улуттар баш болгон расмий уюмдарды атомдук энергия өндүрүшүн колдоо максатында курмандыктар санын атайын азайтууда, деп айыпташат. Ал эми атомдук маселелер боюнча адистер тобу экологдордун ыкмалары эскиргенин, алар идеологиялык негизге таянып иш алып бараарын сындашат.

Учурда Кыргызстанда Чернобылчылар коому иштеп, ал зыян тарткан адамдардын укугу үчүн күрөшүүгө аракет кылып келүүдө.
XS
SM
MD
LG