Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы табигый кырсыктардан сактануу үчүн жер-жерлерде куткаруучулар тобун түзүү долбоорун ишке ашырууда. Элеттик куткаруучулардын алгачкы топтору 16 айыл өкмөтүндө түзүлүп, даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө опурталдуу жерлерде жайгашкан элеттик куткаруучулар керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз болушат.

Кыргызстанды кышкысын кар көчкү, жазгысын жер көчкү, сел, суу ташкын жүдөтсө, булар аз келгенсип кийинки жылдары жер титирөөлөр да көбөйө баштады. Өлкө калкынын 70% табигый кырсыктар болчу кооптуу аймактарда жашайт. Ошондон кырсыкка туш келгендерге жардам көрсөтүү, аларга коргонуунун жол-жобосун үйрөтүү милдети жалпы мамлекеттик ишке айланууда.

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы табигый кырсыктарды алдын-алуу, андан сактануунун жол-жоболорун калкка үйрөтүү максатында айылдык куткаруучулар тобу долбоорун ишке киргизүүгө киришти. Долбоордун тескөөчүсү Кубанычбек Орузбаевдин айтуусунда, азырынча жаңы ишти сындан өткөрүү үчүн 16 айыл өкмөтүндө даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

- Айылдык куткаруучулар тобуна киргендер атайын сабактарды окушуп, даярдыктан өтүшөт. Анын жыйынтыгында тийиштүү билим кагаздарын алышат. Бул адамдар кырсык болгон учурда токтолбой ишке киришет. Алар андай кырдаалда эмне кылышты билишет, даярдыктан өтүшкөн, тийиштүү жарак-жабдыктарга ээ. Опуртал чакта эмне иштерди, иштин жол-жобосун, кантип кабар берүүнү билишет.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун кызматкери Медербек Өмүралиев көпчүлүк адамдар кырсыктан кантип сактануунун элементардуу эрежесин билишпейт, деген пикирде.

- Куткаруу иштерин багыттоо жөнүндө көп эле сөз болот. Ар кандай деңгээлде айтылат. Иш жүзүндө болсо эч нерсе жасала элек. Эмне кылыш керек? Бул үчүн биринчи кезекте мыйзамдык негиз түзүү зарыл,- дейт М.Өмүралиев.

Анын айтуусунда, оор кырсык башка түшкөндө оголе көп кызматтардын аракетин жөндөп, алардын бири-экинчисине жолтоо кылбагыдай куткаруу иштерин уюштуруу - түйшүгү түмөн жумуш. М.Өмүралиев 80-жылдары өзү күбө болгон Армениянын Спитак шаарындагы катуу зилзаладан кийин шаардын аркыл кызматтары кандай иш жасарын билбей, бири-экинчисине жолтоо кылып, аткарылчу жумуштар маалынан кеч бүткөнүн мисалга тартты. Ошондой жагдайга кириптер болбош үчүн эмитен даярдык иштерин ыкчам жүргүзүп, бул иштин мыйзамдык негизин түзүүгө басым жасады.

Ошондой олуттуу сыноо Кыргызстан үчүн өткөн жылдын 5-октябрындагы Нурадагы жер титирөө болду окшойт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эларалык байланыштар башкармалыгынын башкы адиси Чынара Бербаеванын кабарлашынча, кесепети оор болгон табигый кырсыктан аман калгандарга көмөк көрсөтүүнү каалагандар көп болду.

- Нура айылындагы үйлөр дээрлик кыйрап, курмандыктар көп болду,- дейт Чынара Бербаева.Билесиздер, чоң кырсык болгондо анын кесепеттерин жоюуга өзүбүздүн каражат жетпейт. Бюджеттик каражаттар чак келбейт, азык-түлүк жагынан тартыштык сезилет. Көмөк көрсөткөн уюмдардын жардамы менен табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жетиштик.

75 адамдын өмүрүн кыйган Нурадагы жер титирөөдөн аман калгандар кышты убактылуу темир үйлөрдө өткөрүп, эми өкмөт күзгө чейин тикелеп берчү 151 үйдүн курулушун күтүп отурушкан чагы. Айыл башчы Мукамбет Болпоновдун кабарлашынча, алгачкы үй өткөн жылы эле бүткөрүлгөн.

- Бирөөн Транспорт жана коммуникация министрлиги былтыр жаңы жылдын алдында салып, жетим балдарды киргизген. Калганын ушул мамлекет 151 үй салып берет. Кирпич эмес, мунун деталдары толук Кытайдан чыга турган болуп жатат. Үстү чатыр менен жабылат деп жатышат. Бизге азыр эч кандай материалдары келип түшө элек.

Нурадагы жер титирөөнүн кесепеттери жоюла электе быйыл 16-апрелде Аксы районундагы Райкомол айылындагы 3 үйдү көчкү басып 16 адам набыт болду. Ошол эле айылдагы 49 үйдү коопсуз жерге көчүрүү милдети коюлууда. Адистердин ырасташынча, жазында нөшөрлөп куйган жамгырдын өлчөмү жылдык орточо көрсөткүчүнөн 140% ашып кеткенде жер көчкүлөр көбөйүп, ансыз да кооптуу жерде жашагандардын үрөйүн учура баштайт. Салынган үйлөрдүн текши баары камсыздандырылбагандыктан кырсыкка кабылгандарга каржылык колдоо көрсөтүү түйшүгү мамлекет мойнуна жүктөлөт.
XS
SM
MD
LG