Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

“Кайыңды кант” заводу быйыл дыйкандардан кант кызылчасын сатып алуудан баш тартууда. Ушул тапта Чүй облусунда 15 миң тоннадан ашык түшүм кар алдында калуу коркунучунда турат.

Кант кызылчасы быйылкы жылы Панфилов районунда арбын айдалган. Райондук жетекчиликтен алынган маалымат боюнча аймакта 400 гектардан ашуун жерге кант кызылчасы айдалып, 10 миң тоннадан ашуун түшүм алынган. Дыйкандардын айтуусунда быйыл кызылча болуп көрбөгөндөй жакшы түшүм берген, бирок түшүмдү тапшырууга келген учурда “Кайыңды кант” заводу кант кызылчасын албай тургандыгын билдирген. Жайды жайлай мээнет кылып, айдоосуна, үрөнүнө, минералдык жер семирткичтерге каражат коротуп, аягында минтип кылган эмгеги талаада калып жаткандыгына нааразы болгон дыйкандар райондук администрацияга нааразылык билдирип келишкен.

“Эмгегибиз талаада калып кетмей болуп турат”

Панфилов районунун Панфилов айылынын тургуну Алымбек Сарымсаков 25 гектар жерге кант кызылчасын айдаган. Бир нече жылдан бери жалаң кант кызылчасын айдап, анын сырын билип калган дыйкан быйыл Германиядан жакшы үрөн алдырган. Мына эми 1000 тоннага чукул түшүм кар алдында калуу коркунучунда турат:

-Мен 25 гектар айдагам, түшүм 1000 тонна болот деп турам, бирок кайда алпарышты билбей турам. Завод болсо келишимиңер жок, бизге кирешесиз деп албай атат.

Алымбек Сарымсаковдун сөзүн райондук администрацияга чогулган башка дыйкандар коштоого алышты:

-Менин атым Садырбек Кулубаев. Мен дагы эстүүлүк кылып 2 эле гектар айдагам. Мындай болбойт да, мамлекет барбы же жокпу? Биздин жайды жайлай кылган эмгек талаада калабы?

-Бизге реклама кылышкан, алабыз мына деп, жазып, гезитке жарыялашты. Биздин Келечек айлында завод менен келишим түзгөндөр бар. Мына мен 5 гектар жерди ижарага алып, үй-бүлөм менен иштетем. Мына азыр 100 тонна кызылчам турат эми, минтип тура берсе, аз күндө чирийт.

-Биздики да эч нерсе эмес, 2-3 гектардан эле. Мына мобу Алымбек байке 25 гектар жерди айдап, эми андан 1,5 млн сом чыгаша тартат, анын убалы кимге?

Ошол эле жерде 25 гектар жерди иштетүү үчүн 20 дан ашуун үй-бүлөнү жалдаган фермерди “биздин үлүштү качан таап бересиң,” деп кокологон аялдарды да жолуктурдук:

-Мен жыл сайын Алымбек байкеге кошулуп, жарым гектар жериме кызылча айдайм. Мага 25% үлүш бериши керек ал. Мен деле балдарымды баккым келет. Эгер менин үлүшүмдү бере албаса, мен байкени сотко берем. Мага окшогондор дагы толтура.

Кант кызылчасын айдаган дыйкандардын арасында каржы компаниялардан кредит алгандары да бар. Алар да эгер түшүм кабыл алынбай, минтип кар алдында кала бере турган болсо, жол тосуу, кант заводун басып алуу сыяктуу башка аракеттерге барышарын эскертишти.

Андан ары биздин маегибиз кант кызылчасы айдалган талаада уланды. Жүздөгөн гектарлаган жерге айдалган кант кызылчасын дыйкандар жаанга, белчеден баткан баткакка карабай жыйнап атышыптыр. 2 гектар жерге кызылча айдаган Сарыбай Кулубаев минтип жыйнап кетпесе, мал жайылып кетүү коркунучу бардыгын айтып кетти:

-Канча нерв короду мунун баарына? Моралдык болуптур, материалдык чыгымды төлөп берсин бизге, завод төлөп берсин. Ала турган жер жок, кантет элек. Башка жол жок. Малга берип салууга көз кыйбайт, канча мээнет жумшап алып...Талаада кант кызылчасын жыйнап жаткан дыйкандардын бири Татьяна Сердюкова колунда иштеген адамдарга акы төлөй албагандыгына байланыштуу жумушчуларынын бири үйүнө кирип алгандыгын айтып, үшкүрүндү:

Быйыл кызылчанын түшүмү жакшы болду, бирок кар алдында калуу коркунучу бар



-Менин 10 гектарга жакын жерим бар, анда өзүмдүкүнөн башка дагы төрт үй-бүлө иштейт. Бирөөсү Оштон келишкен, мага иштеп тапкан акчасынан батирге беришчү, эми үйүмө көчүп келип алышты. Эмне дей аласың? Завод иштебей атса, мен аларга кайдан каражат таап берем?

Татьяна Сердюкова эми бир гана арга –жыйналган кызылчаны чочко баккандарга сатып өткөрүү гана калгандыгын айтып кейиди:

-Албетте, дагы бир жолу бар. Чочколорго жемге сатса болот, бирок бул деген өз мээнетиңди тебелеген менен барабар.

Дыйкандар кызылча өстүрүү үчүн гектарына 20 миң сомдон ашуун короткондугун айтышат. Биздин талаадагы маектештердин бири Виктор Побацконун 3 гектар жеринде кант кызылчасы бар:

-Көп албетте, аны эсептеп чыгуу керек. Гектарына 20 миң сомдон айланат. Үрөн, күйүүчү май, иштегендерге төлөдүк. Эсептей берсең көп.

Ал эми 38 гектар жери бар, 45 жылдан бери кант кызылчасынын талаасында иштеген пенсионер айым жайды жайлай кылган мээнети минтип талаада калган учур болгон эмес, деп кейийт:

-Эл аракет кылып, иштешти. Аягында мындай болуп жатат. Биздин бийлик, өкмөт кайда карап, эмне кылып отурат. Мындай нерсе өмүрүмдө болгон эмес. Республикада төрт завод бар эле. Кана ошолор? Мына “Кайыңды кант” заводу Кыргызстандын аймагында турат, ал эми бизге кызылча айдоону, айдабоону Москва буйрушу керек экен. Бүт Кыргызстандын энчисин сатып жиберишти,

-дейт пенсионер айым.

Кызылчаны казактарга, “Кайыңды кант” заводун –сотко

“Кайыңды кант” заводу дыйкандардан кант кызыласын кабыл алуудан өткөн жылы эле баш тартышкан. Алардын жүйөөсү –кант кызылчасынын өлчөмү аздыгына негизделген эле. Бирок жергиликтүү бийлик ээлеринин, айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин кийлигишүүсү менен 150 миң тонна кант кызылчасын 1 сом 70 тыйындан кабыл алып, иштетишкен. Ошол тушта облустук жетекчилик дыйкандарга эскертүү берип, кийинки жылдары кызылча айдабоону кеңеш беришкен. Бирок быйыл жазында завод кайрадан гезит беттерине жарыя берип, кант кызылчасын кабыл ала тургандыгын маалымдаган. Тикелей келишимдер түзүлбөсө да, дыйкандар мына ушул жарыяларга ишенип, кайрадан кант кызылчасын айдоого киришкен. Панфилов районунун акими Самарбек Күчүковдун “Азаттыкка” айтып бергени боюнча булар мындай жол менен дыйкандарды алдоого барышты:

-Булардын кылганы –акылга сыйбаган нерсе. Менин сунушум –кант кызылчасын айдаган дыйкандар менен чогуу биз “Кайыңды кант” заводун сотко беребиз. Булар деген моралдык доо тартууга тийиш, материалдыгын кое туралы. Анткенимдин себеби, заводдун качып кеткен Иван Еременко деген жетекчиси биздин жыйынга келип, “эмне болгон күндө да, сырье болбогон күндө да биз иштейбиз,” деп сөз берип, алдап кеткен. Биз анын сөзүн протоколго жазып, киргизип койгонбуз. Андан кийин биздин дыйкандар заводго барып, “иштебейт деген сөз угуп жатабыз,” деп күмөнүн айтышканда да, “жок, иштейбиз, кандай болгон күндө да, губернаторго, акимге карабай иштейбиз,” деп айтып, дыйкандарды алдашты. Такыр ишеничтен кетип, бүгүнкү күнү дыйкандарды талаага калтырып атышат.

Дыйкандардын кылган мээнети текке кетпеси үчүн жергиликтүү бийлик колунан келген аракеттерди жасоодо. Райондун акими Самарбек Күчүков айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жана 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевдин жардамы менен коңшулаш Казакстандын Жамбыл облусундагы кант заводу менен кызылча өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул боюнча райондун акими аким Самарбек Күчүков “Азаттыкка” буларды айтып берди:

-Биз муктаж болгон дыйкан чарбалардын кызылчасын алып, вагонго жүктөп, Казакстандын чегарасына жеткирип берүүбүз керек. Андан аркысын казак туугандар өздөрүнө алуусу керек, деп ойлоймун. Мына ушул жол менен гана биз дыйкандарыбызды азыркыдай оор акыбалдан чыгарып ала алабыз.

-Самарбек Күчүковдун айтуусунда Жамбыл облусунун жетекчилери кант заводунун ээлери менен кыргызстандык дыйкандардын кызылчасын 1 кг 2 сомдон сатып алууга макулдугун беришкен:

-Жамбыл облустук губернатордун орун басары менен сүйлөшкөн учурда мен айттым: биздин дыйкандарга кумшекер менен төлөп берсеңер, алар 2-3 эсе кымбатка түшүп калышат, ошондуктан, акчалай бергениңер эле оң, деп билдирдим. Алар дагы кеңешип туруп, бизге жообун айтышат,

-дейт Панфилов районунун акими Самарбек Күчүков.

“Кайыңды кант” заводу иштөөсү үчүн кеминде 200 миң тонна кызылча керек

“Кайыңды кант” заводу иш жүзүндө токтоп турганы менен жетекчилик курамы иштеп жатканына заводго барган учурда күбө болдук. Аталган заводдун башкы жетекчиси Людмила Козагдын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча 15 миң тонна кызылчаны кайра иштетүү ишкананы көп чыгымга учуратат:

-Бизге мынча өлчөмдөгү кызылчаны иштетүүгө төрт эле күн кетет. Төрт күн үчүн жумушчуларды кайра ишке салып, газ, күйүүчү май, электр энергиясы чыгымдарын эсептегенде, тескерисинче чыгаша тартып калабыз.

“А эмне үчүн анда жазында жарыя берилди эле?” деген суроого “Кайыңды кант” заводунун башкы директору Людмила Козаг жооп бере алган жок, анын айтуусунда азыркы учурда алган түшүмүн кайда алып барышты билбей баш катып отурган дыйкандардын абалы менен заводдун абалы, тарткан чыгымы бирдей эле:

-Азыр чыгашаны дыйкандар да тартты. Биз алар менен бирдей эле акыбалда турабыз. Дыйкандар да жабыркашты, завод дагы. Бизде 1000 жумушчу ишсиз калышты.

-Людмила Козагдын айтуусунда завод тынымсыз иштеп туруусу үчүн кеминде 200 миң тоннадан ашуун кант кызылчасы болууга тийиш. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү да ишкананын иштөөсүнө шарт түзүп берүүсү зарыл:

-Биз буга чейин эле кыргыз өкмөтүнө, өкмөт башчы Чудиновго кайрылганбыз. Бизге газдын баасын төмөндөтүп бергиле, эгер бул колуңардан келбесе, Казакстан, Өзбекстан менен тикелей сүйлөшүүгө бизге мүмкүнчүлүк бергиле, деп айтканбыз. Темир жолдун тарифин жок дегенде кызылча кабыл алынып жатканда төмөндөтүп бергиле, дегенбиз. Коксту биз Казакстандык ортомчулар аркылуу сатып алабыз, мына ушул жагынан жардам бергиле, деп айттык. Эгер бизге мамлекет жардам берсе, биз дыйкандар менен мындан да жакшы шарттарда иштемекпиз.

“Кайыңды кант” заводу акыркы жылдары Кыргызстанда кызылчаны кайра иштетүүчү жалгыз ишкана, монополист завод катары иштеп келген. Заводго мурда Казакстандан да кызылча келип турчу, бирок үч жыл мурун Жамбылга завод курулуп, алар өздөрү иштете башташты. “Кайыңды кант” заводу 2000-жылдары мурдагы президенттин күйөө баласы тарабынан менчикке чыгарылып, андан ары Орусиялык ишканалардын колуна өтүп кеткен. Учурда ишкана орусиялык “Альянспром” жана “Мегаполис” ишканаларынын колунда турат. Заводду мыйзамсыз менчиктештирилген ишкана катары кайра мамлекетке кайтаруу аракети март ыңкылабынан кийин башталып, бирок ишке ашкан эмес. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бул маселени кайра көтөрүү максаты бар экендигин билдирүүдө.

Азап менен мээнет кылган кызылча талаада калып жатат
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG