Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы менен күн өткөн сайын өсүп жаткан баалардын таасири кыргызстандыктарга да терс таасирин тийгизүүдө. "Адам жана базар" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында мына ушул маселеленин тегерегинде сөз болот.

Айлык акынын аздыгы мугалимдердин санын да азайтууда

Ош облусунун орто мектептеринин биринде мугалим болуп иштеген Тамара Мамытова Орусиянын борбору Москвага сапар тартып баратат. Ушуну менен Кыргызстандагы мектептерде ансыз да жетишпеген мугалимдердин катары дагы азайып, Орусиядагы миңдеген эмгек мигранттарынын саны көбөйүп жатат.

Тамара эжей өзүнүн сүйүктүү ишин, сүймөнчүк окуучуларын таштап, катардагы карапайым мигрант катары Москвага иш издеп бара жатканын айлык акынын аздыгы менен байланыштырды:

- Москвага кетип жатканымдын себеби – мугалимдердин айлык акысы аз. Айылда дыйканчылык да кылабыз, бирок баары бир азыркы шартта жетпейт. Мен орто эсеп менен үч миң сом алам. Биз жолдошум экөөбүздүн үч балабыз бар, бирок үстүбүздө үйүбүз жок. Азыр кайын ата, кайын энемдер менен алардын үйүндө жашайбыз, ал үй болсо бизден кийинки кичүү кайниме калат. Ошондуктан, эртерээк аракет кылалы, деп ушуга барууга аргасызбыз.

Тамара эжейдин айтуусунда, анын жубайы да мугалим болуп иштечү. Бирок эки мугалимдин тапкан акчасы үй-бүлөнү багууга жетпегени үчүн эки жарым жыл мурун Орусияга иштегени кеткен. Айлык маянанын аздыгынан мектептеги ишин таштап, сырт жактарга иш издеп кеткендердин саны күн өткөн сайын арбууда. Биздин маектештин айтуусунда айлык акынын аздыгынан жаш адистер мектепке баруудан качышат:

- Ушундай жетишпеген шартта жашап атышканы үчүн баары эле мектептен чыгып, көбүнчө башка жактарга, Орусияга иштегени кетип атышат. Азыр айылдарда бардык эле мектептерде мугалимдер жетишсиз. Чет тил, информатика сабактарын окутууга киши жок. Бул сабактардын мугалимдери фирмаларга, банктарга жана башка айлык маянаны көп төлөгөн ишканаларга иштеп кетишет. Мамлекет мугалимдерге колдоо көрсөтүп атат, бирок анысы ишке ашпай атпайбы...

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн күздөн тартып, Кыргызстанга сырт жактагы мигранттардан келген акчалар кыскарууда. Жыл башынан бери чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардан келген акча 40 пайызга азайган. Мунун негизги себеби - дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабынан учурда Орусияда курулуштар токтоп, Борбор Азиядан барган мигранттар үчүн жумуш орундары азайганы деп түшүндүрүлүүдө.

Биздин маектеш, мурдагы мугалим Тамара Мамытованын айтуусунда, анын Москвада иштеп жаткан жолдошу мурдараак айына 150-200 доллардан акча каражатты үйүнө жиберип турган болсо, акыркы эки-үч ай ичинде 100 доллардан 2 жолу гана акча жибере алган. Мындай акыбалды көрүп-билип туруп, эмне үчүн жолго чыктыңыз, деген суроого Тамара эжей төмөнкүчө жооп берди:

- Мен ошого мажбурмун. Жолдошум келип иште деп чакырган. Айласыздан кичинекей балдарды апама калтырып, баратам эми. Ал жерде деле дайыма иштегенге иш жок, бирок үзүлбөгөн үмүт да. Өзүңүз билесиз, ал жакта эле бизди кучак жайып тосуп турушкан жок, кантсе да башка мамлекет. Бирок башка айла жок,

Айлык акынын аздыгынан, кымбатчылыктын күчөп, жашоонун оорлогонунан Жалал-Абаттагы мугалимдер да кесибин өзгөртүшүүдө. Жалал-Абат шаарындагы №4 гимназия-мектептин жаш окутуучусу Аида Жусупованын белгилешинче, азык-түлүк, электр, жол кире жана башка тейлөө акылары кымбат:

- Мугалимдерге мурдагыдай өкмөт тарабынан үй-жай, алыс райондорго барып иштегендерге кошумча каражат, үй чарбасы үчүн жер, кыштыгына отун-көмүр берилбейт, электр жарыгынан да жеңилдик жок. Мындай жеңилдиктер жаштардын түшүнүгүндө да жок. Үй-бүлөнү багуу түйшүгү көбүнчө күйөөмдүн мойнунда.

Мектеп-гимназиянын директорунун орунбасары Сейдеке Эргешованын айтымында, иштеген жылдарына ылайык мугалимдерге кошумчалар жасалган:

- Он беш жылдан ашык иштегендерге 30 пайызга дейре ашыкча акы убагында төлөнөт. Мугалимдердин жетишсиздигинен мектептегилердин 30 пайызы эки кишинин ордуна иштешет. Алардын эмгек акысы беш миң сомдон жогору. 18 саат иштеген мугалим 2200 сом акы алат. Бирок жаш мугалимдердин маянасы мындан да аз.

Айлык акы менен жашоого зарыл шарттардын жетишсиздигинен жаш адистер мектепте иштөөдөн баш тартып, тажрыйбалуу мугалимдер кесиптерин өзгөртүп, бөлөк мамлекетке кеткендери аз эмес. Облбийликтин чогулушунда облус мектептерине былтыр 915 мугалим жетпей калганы маалымдалган.

Мугалимдерге өкмөттүк камкордук зарылдыгын облустук билим берүү борборунун башчысынын орунбасары Токомбай Тургамбаев да белгиледи:

- Жаш мугалимдер үчүн каралган депозит долбоорунан кандайдыр жардам болгонсуганы менен жаңы адистер ага кызыгышпайт. Анткени депозит боюнча айлыгына кошумча болгон 2 миң сом жаш мугалимдердин талабына дал келбей калды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, бүгүн Кыргызстандагы орточо айлык акы 5,5 миң сом. Маалыматта айтылгандай, өткөн жылы айлык акы 36% көбөйтүлүп, мурдагы жылга караганда 4,7% көп. Ошол эле учурда айлык акынын чыныгы өсүшү 8,8% да жеткен жок, 2007-жылы болсо чыныгы өсүш 10,2% түзгөн.

Бирок айрым пикирлер боюнча, Улуттук статистикалык комитет тарабынан көрсөтүлгөн бул орточо айлык акы - мамлекеттик бюджеттен берилген эмгек акынын көрсөткүчү эмес. Азыркы учурда жумасына 18 саат сабак берген мугалимдин айлыгы - 2200 сом. Ошондой эле адистер мамлекеттик бюджеттен берилген айлык акылардын, пенсия-пособиялардын өз убагынан кечиктирилип берилгенин да эске алууну сунушташат.

Мамлекет өзүнүн жыртыгын жамай албай убара

Нарын облусунда жыл жаңыргандан бери айлык акылар, социалдык төлөмдөр убагында өз ээлерине жеткирилбей жатканы тууралуу арыз-дооматтар бар. Облустук казына башкармалыгы болсо эски жыл үчүн аласа-береселер жоктугун биздин Нарындагы кабарчыбызга маалымдаган. Жыл жаңырганда 2008-жылдын эмгек маянасы үчүн Нарын облусуна келген 119 миллион сомдун 70 миллион сомунун кайра кайтарылып кеткендиги тууралуу салмактуу кеп болгон эле.

Нарын облусунун губернаторунун маалымат катчысы Айнура Темированын айтуусунда, өткөн жыл үчүн мамлекеттик карыздарын жоюу азыркы учурга чейин аткарыла элек:

- Нарын облусунун бюджеттик ишканаларынын карызын жапкыла, деген каржы министринин буйругу эмгиче аткарыла элек.

Нарын аймактык казына бөлүмүнүн башчысы Шаршенбай Мамакеев болсо өткөн жыл үчүн карыздар толук төлөнгөндүгүн айтат.

Мамлекеттик жөлөк каражаттарды төлөө карызы жок жүргүзүлүп жаткандыгын Нарын социалдык кызмат көрсөтүү борборунун жетекчиси Жумгалбек Солтонкулов маалымдады.

Кеткендердин аягы тыйылчудай эмес

Улуттук статистикалык комитет өткөн жылы Кыргызстандан 41 миңден ашуун жаран чыгып кеткенин жарыялады. Маалыматта айтылгандай, өлкөнү таштап кеткендердин көпчүлүк бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Улуттук статистикалык комитет муну Орусия өкмөтү тарабынан сырттан көчүп келүүнү каалаган мекендештерине көрсөтүлүүчү жардам тууралуу мамлекеттик программанын иштей баштаганы менен байланыштырууда. Талдоочулар болсо тескерисинче Кыргызстандагы жашоонун оордугу мекендештерди башка жактарга жакшы жашоо издеп кетүүгө мажбур кылып жаткандыгын айтышат.

Калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин маалыматы боюнча, акыркы үч жылдын ичинде Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык мигранттардын саны 60 миңге жетти. Мына ушунун өзү кыргызстандык кыргыздардын келечекке болгон ишеничи жоголгону, дешет байкоочулар.

Дүйнөлүк экономикалык кризис Кыргызстанды кыйгап өтүп кетет, деген бекемдөөсүн кыргыз бийлиги кайра-кайра кайталоонун үстүндө. Бирок минтип кыйырынан тийип, негизинен карапайым элге кыйынчылыгын салып жатканын эч ким тана албас. Кечээ жакында өлкөдөгү эң ири ишканалардын бири, Кант цемент-шыйпыр комбинаты 600 жумушчусун каржыланбай турган эмгек өргүүсүнө жиберди. Бул деген жумушсуздардын саны дагы 600 кишиге көбөйүп, дагы 600 кишинин үй-бүлөсү үчүн кыйын мезгил башталды, деген сөз.

Акыркы үч жылдан бери Кыргызстанда жашоо жакшырууда, жумуш орундары түзүлүүдө, айлык акылары 12-30% чейин көтөрүлүүдө, деп айтылганы менен жакшы жашоо издеп, сырт жакка кеткендердин, кетип бараткандардын аягы тыйылчудай эмес.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG