Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта беш миң сомдук ири акча жүгүртүүгө түшөт. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жаңы акчанын киргизилиши экономикадагы чыныгы абалдын күзгүсү боло албаcтыгын, тескерисинче акча саясатынын алешемдигин көрсөтөөрүн “Азаттыктын” түз обосундагы суроолорго жооп берип жатып билдирди.

- Айылчы мырза, бүгүнтөн тарта Кыргызстанда 5 миң сомдук жаңы акча жүгүртүүгө киргизилгени жатат. Айрым эксперттер мындай ири акчанын жүгүртүүгө кириши сомдун девальвацияланышын шарттап, кымбатчылыкка түртөт деп жатышат. Сиз ага кошула аласызбы?

-Демейде улуттук ири өлчөмдөгү валютаны киргизүү экономиканын өнүгүшү жана элдин айлык маянасынын кескин өсүшү менен шартталат. Себеби айланууда жүргөн накталай акчалар товарды сатып алууга жетпей калат. Ошондо акчанын жетпей калуусунун алдын-алуу үчүн жаңы ири акчалар чыгарылат. Ал эми Кыргызстанда эмне үчүн киргизилгендиги биз үчүн дагы белгисиз. Чын эле айлык маянанын орточо деңгээли 20-30 миң сомго жетип калдыбы, товарлардын баасы кескин өсүп кеттиби, же товар сатып алууга накталай акчанын жетпей калуусунун алдын-алуу үчүн киргизилдиби деген суроо баарыбызды эле түйшөлтүп турат. Ошон үчүн Улуттук Банк эмне себептен чыгаргандыгын ачык-айкын айтса мындай күдүк ойлор болбойт эле. Себеби экономика кескин өнүктү, же айлык маяна өстү дегенден алыспыз. Андыктан бул кандайдыр бир процесстин алдын-алуу максаты менен жүргүзүлгөн операция болду го деген бүтүмгө түртүп жатат.

- А кымбатчылыкка түртөт деген ойго кошула аласызбы?

- Албетте, эгерде чөнтөктө ири акчалар болсо сатуучулар өз товарынын баасын көтөрүшү толук ыктымал. Бул психологиялык түрткү болушу мүмкүн. Албетте бул жүз пайыздык себеп болот деп кесе айта албайбыз. Бирок кандайдыр бир деңгээлде түрткү болушу толук абзел.

- Улуттук банк быйыл Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 15 пайыздан ашпайт деп болжоп турат. Аналитиктер болсо анын деңгээли 30 пайыздан кем болбойт деп жатышат.Экономист катары сиздин божомол кандай жана ири акчанын киргизилиши буга кандай таасир бериши мүмкүн?

- Албетте мамлекеттик бийликтин жана Улуттук Банктын башкы милдети колдон келишинче инфляцияны көтөрбөө жана ага каршы акча-кредиттик саясатты жүргүзүү. Ал эми базардагы товарлардын баасынын деңгээли биздин өлкөдө өндүрүлүп жаткан товарлардын баасына, же реалдуу экономиканын деңгээлине жараша эмес, чет өлкөдөн келип жаткан товарлардын баасынын деңгээлине жараша болуп жаткандан кийин инфляциянын көлөмү 15тен 30 пайызга чейин болушу анык.

Ошондуктан инфляцияны 15-20 пайыз болот деп так кесе айтуу кыйын. Эгерде чет өлкөдөн келип жаткан товарлардын баасы өсүп кетсе, анда инфляцияны ооздуктоо мүмкүн эмес. Аны Улуттук Банктын бир деңгээлде кармап турууга да мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан биз дагы инфляция 25-30 пайыздын тегерегинде болот деп божомолдоп турабыз. Ал эми кээ бир товарлар боюнча андан да жогору, айрым товарлар боюнча төмөн да болушу мүмкүн. Улуттук Банк 15 пайыз болот деген саясатын туруктуу кармап турушу кыйын.

- Тарыхта, маселен Түркия, Африка өлкөлөрү ири акчаларын азайтуу үчүн көп аракет көргөн тажрыйбасы баарыга маалым эмеспи. Бул жагдайдан алганда Улуттук Банктын мындан аркы акча саясаты кандай багытта болуш керек деген ойдосуз?

- Улуттук Банк кандайдыр бир деңгээлде инфляцияга жетеленген саясат жүргүзүп жатат. Ал тескерисинче баалар масштабына жараша ири же кичи өлчөмдөгү акчаларды чыгарышы керек эле. Улуттук банк инфляцияны ээрчигендей абалда болуп, айлыкты да, эмгек өндүрүмдүүлүгүн да, акчанын айлануусун да бир калыпта кармап турган туруктуу саясат жүргүзгөн жери жок. Демек азыркы кырдаал мындай саясаттын начардыгын далилдеп жатат.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG