Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Айдалбай калган аянттар көп болууда


Кыргызстанда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Эгин-тегиндер түштүктө дээрлик айдалып бүтүп калса, өлкөнүн түндүк аймактарында айдап-себүүлөр эми башталып жаткан жерлер да бар. Ошол эле учурда жаз аяктап жатса да, айрым жерлердеги айдоо аянттары иштетилбеген бойдон калууда.

Жаз –жарыш...

Дыйкандардын белгилөөсү боюнча быйылкы жылы жазгы талаа жумуштары жылдагыдан кечирээк башталды. Буга нөшөрлөп жааган жамгыр коштогон жаздын кечигип келүүсү себеп болду. Жалал-Абад облусунда пахтакерлер жамгыр талаага көмүлгөн чигиттин баарын чиритип салды, деп нааразы болуп атышса, күздүк буудай айдаган дыйкандар жаздын жаанчыл болгонун кубануу менен кеп кылышат. Түндүк Кыргызстандын айрым аймактарында аба-ырайына жана жаздын кечигип келишине байланыштуу айдоо иштери башталганына аз эле болду. Ал эми Ысык-Көл облусунда жазгы эмгек майданы 61% аткарылды. Көлдүк дыйкандар быйыл буудайды азайтып, көп жылдык чөп себүүгө көбүрөөк көңүл бурушууда. Ошондой эле картошка да быйыл мурдагы жылдарга караганда азыраак айдалды. Мунун себеби түшүмдүн баасы арзан болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Жалал-Абатта тынымсыз жамгырдан пахтанын чигити чирип кетти

Жаздын жамгырлуу келиши күздүк буудайлардын өсүмү үчүн ыңгайлуу шарт түздү. Бирок пахта эгүү жылдагыдан кечигүүдө. Айдын жаанчылдыгын эске албай, мурда эккен дыйкандар чигиттин жер алдында чиригенин айтышып, күн ысыса, пахтаны кайра экмек болуп жатышат. Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда быйыл пахта аянттары кыскартылып, буудай көп эгилди.

Сузак районунан Жумакары Алишеров жеке чарбасындагы эки гектар жерге күздүк айдаган:

-Буудайды экинчи ирет азыктандырууга 300 килограммдай минералдык жер семирткич зарыл. Аны сатып алуу оңой эмес. Жер семирткичтин баасы 12-13 сомдон болууда. Быйыл түшүмдүн канча сомдон болоору да белгисиз. Каражаттын тартыштыгы айдап себүүгө каскак болууда. Жер айдоо жана тегиздөө жумуштары кымбат болду, үч миң сомго чейин төлөдүк, – дейт Жумакары Алишеров.

Облустагы «Адилет» дыйкан чарбасы төрт гектарга буудай өстүрүүдө. Жамгыр көп жаагандыктан суу былтыркыдай таңкыс болгон жок. Техника да жетиштүү, күйүүчү май арзан. Чарбанын төрагасы Тагайбек Жаркынбаевдин айтымында каражаты эсептелүү дыйкандар менчик жерлерин иштетүүдө кыйналууда. Өкмөт жиберген күйүүчү май, үрөн облустагы бардык эле чарбаларга жете бербейт, дейт дыйкан.

Атабеков айыл өкмөтүнүн тургуну Боронбай Хажиматовго 84 сотых жер таандык. Мээнети акталбагандыктан көптөгөн жердештериндей пахта экпей койгон.

-Үлүш жердин көп бөлүгүнө жүгөрү айдадым, калганына күрүч өстүрөйүн десем, суу тартыш. Айыл чарбасына көрүлгөн мамлекеттик жардамдын таасири жок. Дыйкандар өз каражатыбыз менен жер иштетип атабыз. Тапкан маяна, пенсияларыбыз жер иштетүүгө эмес, бир кишини багууга жетпейт, -деп белгилеген Боронбай Хажиматов ушундан улам айылда айдалбай-себилбей калган жерлер көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.

Өкмөт аке кеп айткан...

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жазгы айдап-себүү иштерине “Айыл банк” тарабынан 100 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражат дыйкандарды үрөн жана күйүүчү май менен камсыздоого жумшалмак. Аталган министрликтин башчысы Искендербек Айдаралиев 15 миң тонна күйүүчү май дыйкандарга базар наркынан төмөн баада сатыларын эрте жазда эле жарыя кылган болчу.

Ысык-Көлдөгү жазгы айдап себүү иштери учурда 61 пайызга бүткөрүлгөнүн облустун айыл чарба башкармалыгынан билдиришти. Быйыл көлдүктөр дан эгиндеринин аянтын 3 миң гектарга азайтып, көп жылдык чөптү 4 миң гектарга көбөйттү . Аны өткөн жылдагы буудайдан чыгаша болгону менен байланыштырууда. Дыйкандар менен айыл өкмөттөр жазгы талаачылык иштеринде үрөндүн кымбаттыгы менен күйүүчү майдын мурдагыдай талон менен берилбегени ишти кечеңдеткенин белгилешти:

Балыкчыга келген 17сом 70 т майга 1сомдон кошуп, берип атканы элди күмөн санаттырып, көбү албай койду. Андан көрө ташып келгенге эле акча кетирбей, айылдагы май куюуучу жайлардан эле алган ыңгайлуу болду. Мурдагыдай Газпромдун да талону берилбей, эл түйшүк тартты. Үрөн да 25 сомдон кымбат болуп атат. Анын айрымдарын акчага эмес күздүк түшүмгө алдык, болбосо элде азыр акчасы жок, -деди Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башсчысы Турдуманбет Совданбеков. Ал эми дан эгиндерин айдагандан чөп айдоо – жер кыртышын да жакшыртып, аз каражат сарптаарын чечмелеген дыйкандар буларды айтты:

- Жер арыктап кетти. Быйыл кудая шүгур жер ным. 2 жыл болду көп жылдык чөпту кармап атабыз.

-Эмнеден кыйналдыңар?

-Күйүүчү майды акчалай эле берсе, болбосо майдын дайынын кайдан табасын. Убаккытты алат, атайын 10 дон ашык комиссия түзүлүп, жер айдата тургандарга май сатып ал деп акчасын берсе, алыстан тартып келгиче, заправкалардан ала койсок тез, анан чыгым аз да. Чоңдор ошол ыкманы жасашпайбы.

Жазгы айдап себүүдөгү мындай мүчүлүштүктөр жөнүндө облустун айыл чарба башкармасы Жолдошбек Байсейитовго кайрылдык:

-Быйыл үрөн 25 сомдон өтүп кеткени дыйкандарга оор болуп калды, эмнеге кымбаттап кетти?

- Өкмөткө карыз үрөн чарбалар быйыл продукциясын көтөрүп ийди. Буудайдын үрөңү 45 сомго чейин чыгып кеткен да.

-Мамлекет бөлгөн күйүүчү май убагында келбей, дыйкандар убара болдук дейт?..

-Жок. Балыкчыга убагында эле келген, бирок аны айылдарга ташып келгиче баасы кымбат болуп кетет экен, деп көбү албай койду. Балыкчыга жакын Тоң райондору алды, -деди облустук айыл чарба башкармасы.

Ж. Байсеитовдун айтуусунда быйыл картошка 4 миң гектарга көп айдалыптыр. Дан эгиндеринен себилчү 100 миң гектардын 49 миң жери айдалды. Ал май айынын 20 ларында аяктайт. Жаздын жаанчылыгы быйыл жакшы түшүм алууга негиз берип атканы айтылууда. Анткени көп жылдык чөп беделер болуп көрбөгөндөй бой алды.


Берилген убада, өтөөсүнө чыгалбаган өкмөт

Быйыл өкмөт кредиттик бирикмелер аркылуу жүздөн ашуун тракторлорду дыйкандар акысын 8 – 10 жылда төлөп беришин милдеттендирип бөлүп берди. 22 миллионго жакын сомду үрөн, 75 миллион сом айыл чарба техникасын сатып алууга бөлүнгөн. Буларга кошумча сугат системасын жакшыртуу үчүн бюджетте каралган 459 миллион сомдун жарымын да бере албасын каржы министри Марат Султанов дыйкандарга эскерткен. Анын айтуусунда “Казанда болсо чөмүчкө чыгат” дегендей эле абал.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча жалпы Кыргызстан боюнча 1 млн. гектардан ашуун айдоо аянты бар. Быйылкы жылы мунун ичинен 108 миң гектары айдалбай калууда. Буга бир жагынан айдоо аянттарынын жыл өткөн сайын жарактан чыгып, түшүмдүүлүгү азайып бара жаткандыгы себеп болсо, экинчи жагынан жер айдап, кылган мээнет акталбагандыгын белгилеген дыйкандар үлүш жерлерине көп жылдык чөп гана себүү менен чектелишүүдө. Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында жерди иштетүүгө кубат-күчү бар адамдардын көпчүлүгү Орусияга кеткендигине байланыштуу айдоо жерлер бозоргон боюнча калууда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG