Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Кыргызстан февралда энергетикалык кризиске кептелиши ыктымал


Учурда Токтогул суу сактагычында 9 млрд. куб метрден бир аз ашыгыраак суу бар

Учурда Токтогул суу сактагычында 9 млрд. куб метрден бир аз ашыгыраак суу бар

Энергетика министри С.Балкыбеков февралда энергетикалык каатчылык күтүлөрүн жарыялады. Анын айтуусунда, ноябрь айынын алгачкы жумасында эле бир айга бөлүнгөн электр кубаты жагылып бүттү.

Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун 11-ноябрда журналисттерге маалымдаганы боюнча жаңы жылдын экинчи айында энергетикалык каатчылык болору айдан ачык иш болуп калды. Анын айтуусунда ноябрь айынын алгачкы он күнүндө эле электр энергиясын колдонуу жалпы республикага бөлүнгөн чектен 16 млн кВт. саатка ашып кетти. Бул болсо февраль айына барып Токтогул ГЭСи ишин толук токтотот, дегенди билдирет:

-Башкача айтканда Токтогул суу сактагычы эң акыркы чегине чейин иштеп бүтөт. Бул болсо Токтогул ГЭСинин токтошуна алып келет. Аталган ГЭС Кыргызстандагы электр энергиясынын 40% иштеп чыгарын жакшы билесиздер. Ошондуктан, жарыкты маал-маалы менен өчүрүүнү токтотуу тууралуу буйрукка кол коюлганда эле берилген лимиттен чыкпоо үчүн бардык чараларды колдонууга да буйрук берилген. Анын ичинде бөлүнгөн чектен ашып кеткен райондор кайрадан чекке түшмөйүнчө даректүү өчүрүүгө туш болушат. Дагы бир жолу кайталап коеюн, бөлүнгөн чектен ашпай колдонуун эрежесин сактамайынча биз февраль айында энерегетикалык кризиске капталабыз.

Министрдин айтуусунда, жалпы республика боюнча бөлүнгөн лимиттен ашырбай колдонуунун чаралары ойлонулуп жатат. Сапарбек Балкыбеков ага чейин ЖКнын жылуулук-энергетика жана кен байлыктарды иштетүү комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ушул тапта Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштарда эл уурдалган токту пайдаланып жатышкандыгын айтып, жаңы конуштардын электр энергиясын өчүрүү керек, деп билдирген.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, “Учкун” жаңы конушунун жашоочусу Азиза Абдурасулова ансыз да жонун жокчулукка тосуп жашап келе жаткан эл мындай кыйынчылыкты көтөрө албайт, деп эсептейт. Анын пикири боюнча, мындай кадамга барчу болсо өлкөдөгү социалдык чыңалуу күч алат:

-Шаардын айланасындагы жаңы конуштардын эли асмандан түшкөн эмес, Кыргызстандын эли алар дагы. Же суусу, жолу жок, кыйынчылыкта жашап жаткан элдин жарыгын да өчүрүп салса кандай болот? Мен дагы жаңы конушта жашайм. Балкыбеков баарыбызды “электр жарыгын уурдап атышат,” деп жылаңач сөз менен күнөөлөп жатканы бери дегенде эле жалаа болуп саналат. Уурдаган кишилерди колунан кармап, сотко берсин, мыйзам турат. Биздин жетекчилер сөзсүз эле элдин социалдык чыңалуусун ойлобой, алардын жакшы жашоосун ойлосо да жакшы болмок. Жарыкты үзгүлтүксүз берип баштабай жатып, кайра минтип толугу менен өчүрүш керек деп отурганы – албетте элдин кыжырдануусун жаратат.

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 9 млрд. куб метрден бир аз ашыгыраак суу бар. Энергетик адистер мындай көлөмдөгү суу менен быйыл кыштан чыгуу мүмкүн эместигин эскертишип, абалдан чыгуунун түрдүү жолдорун сунуш кылып келишкен. КМШга эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыров энергетикалык каатчылыктын алдын алуу үчүн коңшулаш өлкөлөрдөн карызга энергия алып туруу менен кырдаалды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү бар эле деп эсептейт:

-Февралдын он беш-жыйырмаларына барып энергетикалык кризис жеткен чегине жетээрин мен мурда эле билчүмүн, бул мен үчүн жаңылык деле эмес. Утурумдук өчүрүүлөр менен бул маселе чечилбей турганы да белгилүү болчу, жөн эле убакытты өткөрүп жибердик. Андан көрө эң башкысы – башка мамлекеттер менен сүйлөшүп, электр энергиясын импорттоонун маселесин чечүү керек. Антпесек биз бул каатчылыктан кача албайбыз.

Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө жана энергетикалык кризистин алдын алуу үчүн жалпы Кыргызстан жаз айларында жана сентябрдан ноябрга чейин суткасына 10-15 сааттан электр жарыгысыз калтырылып келди. Андан бери ар бир аймакка электр энергиясын колдонууга атайын лимит бөлүнүп берилип, андан ашыкча пайдаланган аймактарда жарык өчүрүлөөрү тууралуу эскертилген.

“Түндүк электро” ишканасынын маалыматына караганда, Бишкек шаары күн сайын 5 млн 870 миң кВт. саат электр энергиясын колдонууга тийиш болсо, акыркы күнү бул көрсөткүч дээрлик 7 млн кВт. саатка жеткен. Ушундай эле көрүнүш Чүй облусунда да болууда. Жалпы облуска күн сайын 5 млн 763 миң кВт саат электр энергиясы бөлүнүп берилип атса, чүйлүктөр дээрлик 1 млн кВт саатка көп жагып атышат.

“Түндүк электро” ишканасы минтип чектен ашыкча пайдалануулар көбөйө берсе, даректүү өчүрүүлөр баштала тургандыгын да кабарлоодо. Бирок даректүү өчүрүүлөр кандай тартипте жүргүзүлөрү тууралуу маалымат жок. Айрым пикирлер ээлери энергетика министрлиги электр энергиясын пайдаланууда элге лимит бөлүүнүн тартиби кандай жүргүзүлүп, кандайча аныкталып жаткандыгы түшүнүксүз экендигин айтышат.

Энергетик Райымбек Мамыров мындай учурда тармактын жетекчилиги бул эрежени жалпы элге түшүнүктүү жол менен маалымат каражаттары аркылуу жеткирүүгө тийиш, деген ойдо:

-Албетте, чектөөгө баруу керек. Бирок ал үчүн лимит кандайча бөлүнүп жаткандыгын: облустукубу, райондукубу же жеке бир абоненттин колдонгон өлчөмүбү, лимит кандайча, канчадан эсептелип берилип жатат, мына ушунун баарын элге түшүндүрүү керек. Жалпы эле сөз болуп калып атат. Алсак, ар бир үйгө эсептегенде канча лимит берилет, ал кандай критерий менен эсептелет, мына ушунун баары түшүндүрүлсө жакшы болмок. Азыр бири суткасына 250 кВт. саат дейт, бири дагы башканы айтып атат. Менимче кыш мезгили үчүн 250 кВт. саат аздык кылат, ар бир үй-бүлө бир айда 400 кВт. саат электр энергиясын колдонот. Ушулардын баарын ачык айтып, түшүндүрүп туруп, анан ошол чектен ашырба, деп талап кылса жакшы болот эле,

Энергетикалык кризис өткөн кыштын катаалдыгынан же быйылкы жайдын кургакчылыгынан эмес, тармактагы жетекчиликтин коррупцияга малынганынан, Кыргызстандын көзүрү болгон тармакты бир ууч мафиоздор башкарып жатканы үчүн болуп жатканы айтылып келет. Ошол эле учурда азыркы энергетикалык каатчылык энергияны Орусияга экспорттоо үчүн суу нормадан ашыкча агызылганынан улам болуп жаткандыгын өкмөт башчы Игорь Чудинов буга чейин мойнуна алганы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG