Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Текшерүү жок, иштей бергиле


Убактылуу өкмөт ишкерлерди текшерүүнү жылдын аягына чейин чектөө жөнүндө декрет кабыл алды. Жаңы өкмөттүн мындай кадамы коңшу өлкөлөрдүн экономикалык блокадасына кабылгандан кийин жасалды. Жагдай Кыргызстандын экономикалык абалын жакшыртууга багытталган кескин чараларды талап кылууда.

Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат

Жагдай жакшы жагына ооп калышынан үмүтүн үзбөгөн Кыргызстандын Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Казакстан ортолук чек араны жакын арада ачарын, ашып барса бул иш 13-майда жүзөгө ашырыларын айтып келишкен. Мына андан бери деле билинбей апта өтүүдө. Коңшулардын экономикалык кысымынын салакасын карапайым калк, өзгөчө эки өлкө ортосунда соода-сатык, алака-катыш жасаган ишкерлер тартууда. Убактылуу өкмөт башчы орунбасарынын милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров ойдо жок жерден Кыргызстан кабылган экономикалык кысымдан чыгуунун момундай жолун ортого салат. Анын пикиринде, күйүүчү майдын жоктугу дыйкандардын түйшүгүн көбөйтүүдө.

- Анан ойлонуп келе жатып мен мыйзамчы депутат болуп көп иштегем да. Бизде Административдик кодексте “Контрабанда” деп тыюу салып койгонбуз. Бажыдан 20 литрден ашуун солярка, бензин өткөрүүгө мүмкүн деп койгонбуз. 100 литрден көп күйүүчү май ташып өтсө “контрабанда” катары кылмыш жоопкерчилигине тартууну Кылмыш-жаза кодексине киргизип койгонбуз. Азыр мен ойлоп атам. Ушулардын бардыгын Кыргызстанда алып коюшубуз керек. Анан эле билесиңер да коңшулар эшеккке артып эле контрабанда кылып киргизип иет. Биз аларды кармабайбыз. Казакстан менен Өзбекстан тыюу салып койгону менен ишкерлер, бизнесмендер Кыргызстанды солярка, бензин менен камсыз кылып коет.

Убактылуу кыйынчылыктан чыгуунун мына ушул жолун мыйзамдаштырып А.Бекназаров жакын арада өкмөт жыйынына сунуш кыларын маалымдады.

- Назарбаевге барып жалдырап, Түркияга барып, Орусияга барып солярка бер деп жалдырагандан көрө, келгиле ушуну алып коелу,- деп айтарын ырастады.

Сыноодон жол таап чыгыш ишкерлер түйшүгү

Кыргызстандын экономикалык жөндөө министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиев коңшулардын чек араны жылчыксыз жаап ташташы биртоп оорчулуктарды жаратарын белгилеп, бирок да бул жагдай ошол эле өкмөткө батыл кадам жасоого өбөлгө түзүп жатканына токтолду.

- Биринчиден биз өзүбүздөн чыккан товарларды бир гана рынокко, бир гана жолго, бир гана корзинага салып койбой, бир гана тарапты карап турбай, ошолорду кандайдыр бир ар тараптуу жерлерге изденүүлөрдү токтотпошубуз керек. Мүмкүн бүгүн ошол изденүүлөрдү табууга убакыт келгендир. Рынокту алмаштыруу деп коет. Бир гана рыноктон, бир гана кошунадан өтөле көз каранды болуп калбаш керек.

Э.Үмөталиев өлкөнүн экономикалык карым-катышын багыты көп тараптуу болуш керек деп эсептейт. Экинчи элик революциядан кийинки чек аралардын жылчыксыз жабылышы дагы бир зарыл маселенин башын ачты. Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары өзүндө иштетилбей коңшу өлкөлөргө жөнөтүлүп келген.

- Бизден чыгарылчу продукциялар көбөйүш керек. Бизден гана сырье кете бербестен, өзүбүзгө пайдасы тие турган продукциялардын өзүбүздөн чыгарылышына биз жол ачышыбыз керек,- дейт Э.Үмөталиев.

Ушу тапта Экономикалык жөндөө министрлиги мурдагы “Doing bisuness” долбоорун улап, “Экономикалык эркиндик”, “Мамлекеттин ишкердикке кийлигишүүсү” индексин жайылтуу аракетине киришкени маалымдалууда. Кыргызстандын салык кызмат жетекчисинин милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, текшерүүлөрдүн кескин азайышы салыктардын арбын чогултулушуна алып келди.

- 2007-жылы 16743 текшерүү болгон. Анын натыйжасында 530,8 миллион сом кошумча акча түшкөн. 2008-жылы 9814 азыраак текшерүү жүргөн. Андан 530,6 миллион сом түшкөн. Акча ошондой эле, бирок текшерүүлөрдүн саны 2 эсеге кыскарган. Сандар өзү көрсөтүп турат.

Антип текшерүүлөрдүн санын азайтып, экономикалык иш-аракеттерге дурус дегидей шарт түзүү аракетине карабай, коңшу өлкөлөр менен экономикалык алака-катыштын солгундашынан ансыз да кризистен чыга албай турган Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү кандай болорун азыртан болжош кыйын.

XS
SM
MD
LG