Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Кыргызстан бюджетинин таңкыстыгы көбөйгөндөн-көбөйүп баратат. Өкмөт орусиялык экономиканы өнүктүрүүгө бөлгөн кредиттин кыйласын социалдык секторго жумшаганы турат.

7-апрелден кийинки Кыргызстан экономикасынын абалы тууралуу пикирин сурап кабарчыбыз мурунку 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровго кайрылган. Ошол маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Жаңы өкмөттүн бийликке келгендеги убадасы бюджетти эки эсеге көтөрүү демилгеси болчу. Эми болсо бюджет таңкыстыгы көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Түштүктөгү жаңжалдан жабыркагандарга үй куруп берүү да кыйла акчаны чапчыганы турат.

Акылбек Жапаров: - Каржы министринин салыкчылар менен жолугушуусунда мурдагы өкмөт тушунда бюджет таңкыстыгы 13 миллиард сомду түзгөнүн, 3 ай ичинде ага 5,5 миллиард кошулуп 18,5 миллиард сомду түзгөнү маалымдалды. Ички дүң продуктта бул 12-14% түзөт. Минтип кирешебиз азайып, чыгашабыз көбөйүп кете берсе ал экономикалык оорчулукка алып келиши мүмкүн. Макроэкономикалык туруктуулукка, сомдун кунунун качышына алып келиши ыктымал. Ошондуктан Р.Отунбаева өзгөчө бюджет кабыл албаса күзүндө пенсия, жөлөкпулдарды төлөөдө проблемалар чыгышы мүмкүн. Анан шайлоо тынч өтүшү, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына дагы каражат бөлүп берүү зарыл. Өкмөт өтөле керектүү делбеген чыгашаларды кыскартышы керек. Энергетика системасын кышка даярдоо үчүн да биртоп акчалар талап кылынат. Токтогулда азыр суу көп. Казактар менен баа келишимине жетише албай калса топтолгон сууну жөн эле кое беришке туура келет. Электр убагында сатылбай калса 25-30 млн. доллар келбей калат. Мына укук коргоо органдарына 1 миллиард 200 миллион кошумча акы төлөөгө акча керек болуп турат. Бюджетти көтөрүш оңой, бирок акчаны табыш кыйын.

- Кыргызстан экономикасынын чоң таянычы орто жана чакан бизнестин ахывалын көрүп атасыз. Инвестицияны алып келүү, башка тармактарда деле толгон проблемалар чыгууда. Өкмөт мындай шартта эмне кылышы керек?

А.Жапаров: - Азырынча мен өкмөттүн кечиктирилгис чараларын көрө элекмин. Саясий кризис бара-бара экономикалык кризиске өтүп кетиш коркунучу турат. Бюджеттин киреше булактарын көбөйтүп, чыгашаларды азайтмайын кыйынчылыктан чыгыш мүмкүн эмес. Мурда биз айлык акыны, жөлөкпулду убагында төлөп берүү жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Эмки жаңы парламент да ошондой мыйзам менен ишин баштап калышы мүмкүн. Р.Отунбаева мындай шартта Евразия кризиске каршы фондунан 100 – 150 миллион долларды кечиктирилгис чара катары алып келиши зарыл. Орусиялык 300 миллион доллардын 100 миллионун үй курууга жумшайбыз деп жатышат. 80 миллиону бюджетке сарпталат экен. Орусия бул 300 миллион долларды Кыргызстан экономикасын өнүктүрүү үчүн бөлгөн. 150 миллионун бюджет тартыштыгын жабыш үчүн грант катары берген. Аны пайдаланганбыз. Экономикалык акчаны социалдык маселелерге жумшап ийген туура эмес. Акчанын орду бар. Бюджетке делгени бюджетке, өнүгүүгө делингени ошол максатка жумшалышы керек.

- Банк системасындагы кырдаал. Жеке менчик Азия универсал банкын сактап калыш үчүн өкмөт 3 миллиард сомдук жарым жылга кредит берип жатат. Ушул банкка чоң акча коротуп сактап калыштын кажаты бар беле?

Акылбек Жапаров: - Айрым маалыматтарда АУБдан 200 миллион доллар акча чыгып кеткени айтылууда. 2005-жылы март окуясынан кийин биз 200 миллион доллар эмес 200 миң сомду да сыртка чыгарткан эмеспиз. Эларалык эсептердеги акчаларды Улуттук банктын бекем көзөмөлүнө алып койгондо бир да сом чыкмак эмес. Азия универсал банктын акцияларын өкмөт көзөмөлгө алып, калганын тим коюп иштете бериш керк эле. Азыр эми ага 3 миллиард сом жардам берип жарым жылда сактап калалы деп жатабыз. Бул систем банк. Ал иштеп кете албаса биз банк секторундагы кризиске да учураганы турабыз. Бул банкты профессионалдарга берип жакшы иштетип кете албасак, октябрь-ноябрда чоң кыйынчылыкка капталышыбыз мүмкүн. Азыр банк секторунда башаламан жумуштар жасалууда. Мындан кантип чыгарыбыз белгисиз. Эларалык каржы институттарынан жардам сурап, кеңеш алып, активдерди сактап калуунун аракеттерин тез арада жасаш зарыл.

- Акылбек мырза, маегиңизге ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG