Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Ушу кышта өлкө энергетикалык каатчылыктан тышкары тамак-аштын тартыштыгына кептелип калышы мүмкүн экендигин эл аралык уюмдар эскертишүүдө. Дүйнөлүк кризис Кыргызстанды да кыйла эңги-деңги кылаары айтылууда.

Улуттар уюмунун эсебинде, экономикалык кризистин каарын Кыргызстанда миллионго чукул калк тартып калышы мүмкүн.

Экономикалык кризистин каарын кыш чилдеде ириде жону жука калк тартарын ойлоп, өкмөт Улуттар уюмуна 20 миллион доллар жардам көрсөтүү чакырыгын жөнөткөн. Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова суук кыштан кантип чыгуу жөнүндө кабатыр кептер көп айтылып жатканын, бирок да кооптонууга эч кандай негиз жоктугун билдирүүдө.

- Республикалык бюджеттен бул тармакты колдоп, каражат бөлүп жатабыз. Сырттан акча сураштырып, өзүбүз да караштырып жатабыз. Менимче, баары жакшы болот.

Тажикан Калимбетова Кыргызстандын эл аралык аброю кыйла көтөрүлгөнүн ырастап, анын айныксыз шарты катары эл аралык донорлор карыз акчанын жарымын жеңилдетилген кредит, калганын грант түрүндө берип жатканын мисалга тартты. Министрдин маалымдашынча, Кыргызстан тамак-аш жагынан жетишерлик камсыз болушу үчүн өкмөт реалдуу секторго көңүл буруп, бюджеттик каражаттардын кыйласын ошого жумшоодо. Эмдиги жылга бул максатка 4,5 миллиард сом бөлүүнүүдө.

Экономикалык кризистин капшабы жону жука калктын абалын оорлотору кыргыз өкмөтүнө караганда эл аралык уюмдарды көбүрөк ойлонтуп жатканына Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов да токтолду. Кыргызстан экономикасынын кендирин кесип жаткан энергетика тармагындагы ит ыйларлык абал оңолмоюн жооткотчу жооптон майнап чыкпасы турулуу иш.

- А бирок экинчи жагынан, мен сизге айтып коеюн, Эл аралык валюта кору - абройлуу каржы уюму Кыргызстан өкмөтү менен 18 айга созулчу жаңы долбоорду ишке киргизүү жөнүндө макулдашууга жетишти,- дейт У.Сарбанов.- Директорлор кеңеши декабрь айынын башында Кыргызстан боюнча программасын карайт.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери агылып келип жаткан андай кредит акчалардын саны 2 миллиард доллардан ашып, карызды кайтаруунун эң оор учуру эмдиги жылдан тарта башталганы туру. Эмдиги жыл бюджетинин 1, 5 миллиард сому карыздарды кайтарууга жумшалат. Каптап кирип келген каржылык кризис Кыргызстанды кыйла эңги-деңги кылары эмитен эле айтылууда. “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Рафкат Хасановдун ырасташынча, кризистин каары мынабулардан көрүнүшү мүмкүн. Ириде Кыргызстанга чет жерде иштеп жүргөндөрдөн келчү акчанын сээли азаят. Экинчи жагынан каржы кризиси Кыргызстан экспортуна терс таасирин тийгизет. Үчүнчү жагынан сырттан келчү инвестиция азаят. Анан албетте, азык-түлүк проблемасы да калкып чыгышы мүмкүн.

- Кышында азык-түлүк жетпей калабы деген суроого келсек, ачарчылык болбойт. Бул менимче, жөн эле чайкоочулук. Азырынча резервдер жетиштүү. Жазында проблема болуп калышы мүмкүн. Энергокризис, суу агып кетип, азык-түлүк резерви азайышы ыктымал. Кышында андай болбойт.

Р.Хасанов энергетикалык кризис ириде инвестицияга салакасын тийгизет деп эсептейт. Энергия каатчылыгын башынан кечирип жаткан өлкөгө эч ким инвестиция алып келбейт. Быйыл анын көлөмү өткөн жылга салыштырганда 1,5% азайды. Анын салакасы төрт-беш жылдан кийин билинет.

Адистердин баамында, ушу тапта Кыргызстанда керектөөнүн көлөмү өндүрүштөн 20% өйдө болууда. Непадам, керектөө өлчөмү азая баштаса анын салакасы импортко, андан ашып бюджетке таасирин тийгизет. Кыргызстан бюджетинин 50% импорттук төлөмдөрдүн эсебинен толтурулуп келатканын эсепке алганда, каржы кризисинин оорчулугу кайда түшөрүн боолголошко ашкан акылдын деле кереги жок.

XS
SM
MD
LG