Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Мамлекеттин сата турган дагы кандай байлыгы калды?


"Бишкек жылуулук борбору" биринчи кезекте сатыкка чыгарылган энергетикалык ишкана.
"Бишкек жылуулук борбору" биринчи кезекте сатыкка чыгарылган энергетикалык ишкана.

Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Бакиров Сүйөркул Кыргызстанда менчиктештирүү үчүн кезекте турган ишканалар жөнүндө маалымат берди.

-Быйыл өкмөт “Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук борбору”, “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасын сатыкка койду. Бул ишканалардан сырткары кайсы стратегиялык мекеме, ишканалар келерки жылы менчиктештирилет?

-Азыркы убакта “Кыргыз телекомдун” мамлекеттик пакетин сатуу боюнча конкурс жүрүп жатат. Андан тышкары менчиктештирүүнун программасы бекитилген 2008-2012-жылга чейин. Ушул жерде бир топ ишканалар бар мурдатан бери сатыкка коюлуп, бирок өтпөй келе жаткан мамлекеттик мүлк бар, ар кайсы акционердик коомдордо майда үлүштөр бар. Ушулардын баары сатыкка коюлат.

-Ошонун ичинен стратегиялык ишкана деп эсептелген “Кыргызалтын”, “Кыргыз темир жолу”, геологиялык чалгындоо ишканалары да менчиктештирилет келерки жылы деп оппозиция өкүлдөрү айтып атат, булардын канчалык чындыгы бар?

- 2012-жылга чейинки программада “Кыргызалтынды” сатыкка коюу маселеси каралган жок. “Кыргыз темир жолу” болсо бүгүнкү күндө мамлекеттик ишкана болуп саналат. Мунун 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар, акционердик коомго айлантуу жагы гана каралган, менчиктештирүү жагы карала элек. Ал эми жанагы геологиялык экспедициялык айрым ишканалар Мамкомгеологиянын сунушу менен программага киргизилген. Эмки жылдан баштап айрым ишканаларды сатыкка коюу жагы каралган.

-“Кыргызтелекомду” менчиктештирүү жөнүндө айттыңыз, бул 44 млн. долларга бааланган эле. Азыр конкурс кандай жүрүп жатат, качан аяктайт, барбы талапкерлер алууга кызыккан?

-Талапкерлер бар, алты талапкер берген. Азыр алардын сунуштары каралып жатат. Жакынкы арада жыйынтыгы чыгып калат го.

- Жогоруда аталган “Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук борбору”, “Бишкек жылуулук тармагы” энергетикалык ишканаларына кызыккан инвесторлор чыгып жатабы?

- 27-январга чейин сунуштар кабыл алынат. Азырынча кызыккан ишкана бар деп айта албайм. Анткени бир жумадай эле убакыт болду жарыяга берилгенине. Тажрыйбабыз боюнча 20 күн, бир айдан кийин гана келе баштайт. Анткени муну чоң компаниялар караштырат дагы өздөрүнүн директорлор кеңешинде чечип, анан катышууга кызыкдар болгондон кийин гана бизге билдирет. Эми 10-15 күндөн кийин гана билинет кайсы ишканалар бизге кызыгып жатканы.

-Орусиянын “РОУЭС” кызыгып жатат деген маалымат түштү эле, чындыгы барбы?

-Ооба, булар кызыгып, бирок катышабыз же катышпайбыз деп айткан жок. Маалымат алышкан, азырынча карап жатышат.

-Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG