Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

2008-жылды Кыргызстан жалаң кризис сарсанаасы менен өткөрөт окшоп калды. “Ильич шамынын” жаздан тарта “жалп” өчүрүлүшү жаамы журттун көңүлүнө көк таштай тийип турган кези.

Ошол себептүү республиканын жаш-карысы Токтогулда канча суу топтолгонуна кулак түрүп турушат. Кризис Кыргызстан энергетикасын каптап, салакасын дагыле калк тартууда.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, быйылкы жылдын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жыл башында болжолдонгон пессимисттик сценарийден итапкан өйдө болду.

- Оптимисттик, негизги, анан пессимисттик болжол түзүп, ушунун кайсынысы келерине жараша иш кылууну ойлогонбуз. Бизде негизги сценарий иштеп атат. Ички дүң продукттун өсүшү 7,6% жетти. Жылдын башында инфляция катуу көтөрүлүп кетти эле. Июнь менен октябрь айларында ал туруктуу кармалды. Улуттук банк менен чогуу аракетибиздин натыйжасында жыл аягына чейин инфляция деңгээли 20% ашпайт деген ишеним бизде бар.

А.Жапаров энергетикалык кризистин салакасынан Кыргызстан канча зыян тартканы жыл соңунда ачыкка чыгарын айтып, ал албетте, ички дүң продукт көлөмүнө таасирин тийгизерин маалымдады.

- Эгер энергетика 1% кыскарса анын айынан ички дүң продукт көлөмү 0,2% азаят. Жыл аягына чейин бизде ИДП 20 – 30% азайышы мүмкүн. Ошону 0,2% көбөйтсө эле энергетика кризисинин салакасы кандай болгону билинип калат. Азырынча бизде так маалыматтар жок.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык багыты өзгөрүлүп баратканын, антишке себеп берген жагдай катары быйылкы жылы соода алака-катыштын өлчөмү 6 миллиардга жакын долларга жеткенин айтты. Министрдин маалымдашынча, сырттан келген буюм-тайымдын жарымына жакынын техникалык жабдуулар, өндүрүшкө керектүү каражаттар түзөт. Ал эми экспорт көлөмү 28% жетип, Кыргызстан жыл сайын чет өлкөгө 1,5 миллиард ашуун долларлык товар чыгарууда.

Экономика илим доктору Жусуп Пиримбаев 2008-жылдын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү мурункусунан анча деле өзгөрүлбөгөндүгүн ырастап, кризис шартында ички дүң продукттун өсүшү 11% чейин жетиши мүмкүн болчу деп эсептейт.

- Экономикалык туруктулук бул жылы деле сакталды. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр анча деле өзгөргөн жок. Экономикада тынымсыз аракеттер жасалып турушу керек. Эмнелер жасалды дегенде айта турган, макатана турган нерселер аз болууда.

Анткен менен быйыл айыл чарбасындагы өсүш мурда белгиленген чектин жарымына да жете алган жок. Каржылык кризистин капшабы Кыргызстанда биринчи ирет курулуш тармагына тийип, 11 айдын жыйынтыгы боюнча ал өткөн жылга салыштырмалуу 96% араң жетти. Инфляция деңгээли ошол эле өкмөттүн дагы бир маалыматы боюнча быйыл 28% чыкты.

“Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жететкчиси Равкат Хасановдун ырасташынча, калктын сатып алуу жөндөмү дагыле бийик бойдон калууда.

- Экономикада резерв пайда болду. Сандар менен белгилечү болсок, азыр керектөө өндүрүштөн 20% жогору болууда. Мына ушул резерв өндүрүштүн өсүшүнө көмөк көрсөтөт.

А бирок быйыл курулуш деми кыйла басаңдап, өткөн жылдын деңгээлине жете албай калды. “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин пикиринде, бул экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизет.

- Өкмөттүн үч жылдык бюджет долбоору киргизилгенде быйылкы экономикалык өсүш 6,6% тегерегинде болорун, инфляция деңгээли 28% чыгарын болжоп жатышат. Өсүш, албетте, бар. Ага сырттан келген мигранттардын акчасы шарт түзүүдө. Себеп дегенде ал керектөө базарын алдыга сүрөйт. Инфляция антип бийик көтөрүлүп атканда айлык, жөлөкпулдар 30% көтөрүлгөн жок. Дегинкиси инфляция деңгээли мындан да жогору. Анткени инфляция деңгээли 350 товардын тизмеси боюнча аныкталат. Кыргызстанда болсо 20-30 товардын баасынан эле аныкташат. Алардын баасы деле 2 эсе көтөрүлүп кетти. Андан да оор маселе өндүрүштүн төмөндөп кетиши болууда. Ал 10% чейин ылдыйлайт. Күнүмдүк турмуш кыйла оор, аны көмүр, отундун баасынын кымбатташынан деле көрсө болот. Жарык өчүп жатат. Жумушсуздук күчөп жатат.

Темир Сариевдин айтуусунда, быйылкы жылы инфляция деңгээли 30% жакындап барганы менен бюджеттин колун карап отургандардын айлык маяна, пенсия, жөлөкпулдар анчалык көбөйтүлгөн жок. Каржылык кризистен чочулаган өкмөт эмдиги жылы айлык акы, пенсия, жөлөкпулдарды көбөйтө албастыгын билдирип, аткаруу бийлиги мугалимдердин эмгек стажына кошулчу төлөмдөргө гана каражат бөлүүдө.

Базар экономикасын бучкактап жүрчү кризис өнүгүүнүн жаңыча жолдорун издөөгө шарт түзөт. Экономика илим доктору Жусуп Пиримбаев Кыргызстан кризистен пайда алышы керек, деген пикирде.

- Кризис базар экономикасын коштоп жүрөт. Өндүрүш кату өнүгүп кетсе да кризис пайда болот. Себеби товарлары өтпөй калат. Анан валюталар ортосундагы дал келбестиктен да проблемалар чыгып калат. Кризистен зыян да, пайда да көрсө болот. Мына энергия ресурстарынын баасы, айыл чарба продукцияларынын баасы аябай түшүп кетти. Ошон үчүн өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды арзан кезинде арбын топтоп, жазында дыйкандарга арзан баада берсе бул кризистен биз пайда менен чыгабыз.

Кыргызстан экономикасынын өнүгүшү быйыл өткөн жыл деңгээлине бираз жете бербестигин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жооптуу кызматкери Кубанычбек Айдаралиев да бышыктады.

- Энергетикалык кризис, жыл башында инфляция күчөп кетпесе, дүйнөлүк каржы кризиси биздеги банктардын кредит баштыгына таасирин тийгизбесе бизде экономиканын өнүгүү темпи абдан эле жогору болмок. Болбоду дегенде 12% өсүш болмок. Ал биз үчүн чоң көрсөткүч. Ага жете албадык. Бирок да азыркы шартта экономикалык ахывал түзүк эле.

Каржы кризисинин капшабын Кыргызстан Орусия менен Казакстандагы эмгек мигранттарынан агылып кирчү акча селинин азайышынан сезиши мүмкүн. Акылбек Жапаров чет жердеги кыргызстандыктардын көпчүлүгү тейлөө тармагында иштей тургандыгын маалымдап, алардын өлкөсүнө жөнөтчү акчалары анчалык деле азайбастыгына ишенет.

- 9 айдын жыйынтыгы боюнча биздин эмгек мигранттарынан келчү акчанын көлөмү өткөн жылга салыштырмалу 30% көбөйдү. Бул жерде көбү эмнеликтен сырттан келчү акчалардын агымы азайбай жатканын сурашууда. Биз Миграция комитети менен Москвадагы абалды иликтеп көрдүк. Ал жердеги көрүнүш башка жерлерге деле тийиштүү. Билимдүү, анын үстүнө орус тилин мыкты билишкендиктен биз мигранттардын көпчүлүгү, атап айтканда, 60 – 70% тейлөө, соода тармагында иштешет. Ал жерде мигранттарга берилчү квоталар анчалык азайган жок. Анын үстүнө кыскартуулар да аз болот.

Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп жаткан сырттагы эмгек мигранттарынын каражаттары, ага кошумча чака жана орто бизнеске түзүлүп жаткан шарттар каржылык кризисинин капшабын кыйла азайтарын айрым адистер белгилешүүдө. Негизи Кыргызстан экономикасынын быйылкы жылдагы өнүгүшүнүн өкмөт алдын-ала түзгөн пессимисттик божомолдон итапкан өйдө чыгышы көптөр үчүн алигече табышмак.


XS
SM
MD
LG