Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Жаңы жылдан тартып ишкерликтин патент менен иштеген түрү кыскарды. Мындай жаңы тартип мамлекетке кандай пайда алып келет жана ишкерлерге таасири кандай болот? Ушул маселенин айланасында экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев "Азаттыкта" ой-пикир бөлүшөт.

- Жаңы салык кодексиндеги жаңы патенттик система боюнча мурда патенттик негизде иш жүргүзгөн ишкерликтин 122 түрүнүн 51и кыскарбадыбы. Мындан тышкары патенттин баасы ишкерликтин түрүнө жараша 3-4 эселеп кымбаттаганы да айтылып жатат. Айрым байкоочулар мындай талап коюу менен өкмөт ишкерликти көмүскөгө түртүп жатат деп баамдашууда. Бул боюнча сиз да пикириңизди билдирип кетсеңиз?

- Албетте, патент бул салыктын түрү катары кээ бир майда жеке адамдардын кичирээк гана ишкерлигине керектүү нерсе. Себеби патент алуу аркылуу жүздөгөн, миңдеген адамдар кичине-кичине иштерди жүргүзүүсү керек. Себеби аларда кассалык аппарат коюп, бухгалтерлик эсеп жүргүзүүгө эч кандай шарт жок. Ошондуктан патент дүйнө жүзүнүн баардыгында эле колдонулуп келген. Өзгөчө салык системасынын пайда болуу тарыхынын эң башында.

Ал эми Кыргызстанда болсо патент системасын пайдалануу тескерисинче көмүскө экономиканын башкача түрү болгон формалдуу эмес экономиканын өтө көбөйүшүнө алып келген. Себеби жарыбаган акчага патент алып коюп ондогон, жүздөгөн миң сомдор менен соода иштери, же башка иштери жүргүзүлүп келген.

- Угармандарыбызга түшүнүктүү болуш үчүн ушул формалдуу эмес экономика тууралуу кененирээк маалымат берип кетсеңиз?

- Формалдуу эмес экономика деген азыр бизде экономикалык илим изилдөө чөйрөсүндө официалдуу түрдө айтыла элек, изилдене элек. Бул жөнүндө азыр чет өлкөлөрдө эл аралык финансы уюмдарынын жардамы менен жүргүзүлгөн ар кандай иштер болуп келди. Формалдуу эмес экономика деген, бул мисал үчүн бир миң - он миң сомго официалдуу түрдө патент алынат дагы, ошол эле патенттин негизинде кайра жүз миңдеген, миллиондогон сомдук иштер жүргүзүлөт. Ошонун айырмасы формалдуу эмес экономика болуп калат.

Бул кандайдыр бир түрдө легалдуу, калган көпчүлүк бөлүгү болсо легалдуу эмес болуп калат дагы, мамлекетке көптөгөн зыяндарды алып келет. Анын үстүнө формалдуу эмес экономика менен иш жүргүзгөн адамдар бир топ адамдарды өздөрүнө жалдап иштетишет дагы, ал адамдар социалдык жактан коргоосуз калышат. Алар медициналык камсыздандыруу, пенсия, пособия алуу мүмкүнчүлүгүнөн калып калышат.

Бул өтө кандайдыр бир түрдө мамлекет уруксат берген сыяктуу, бирок экинчи жагынан алганда көптөгөн социалдык жактан коргоосуздукка алып келген көмүскө экономиканын башкача түрү болуп калат. Ушул экономиканын түрү бизде өтө көп өнүгүп кеткен. Бул жөнүндө азыр эч ким кызыгып да көрө элек. Ошондуктан патентти кеңири пайдалануу, анын көптөгөн адамдар менен иштеши ушул формалдуу эмес экономикага алып келип аткан.

- Жаңы салык кодекси боюнча кошумча нарк салыгы 20 пайыздан 12 пайызга түшпөдүбү. Бул жаңы тартиптин зыяны жана пайдасы тууралуу да кыскача токтоло кетсеңиз?

- Кошумча нарк салыгы аркылуу, же кыйыр салуу аркылуу биздин бюджеттин эң негизги бөлүгү 70 пайызга чейинки бөлүгү мамлекеттик бюджетке түшөт. Бул салык болсо салык чогултуунун өтө эле жеңил түрү. Кыйыр салыгы, же болбосо кошумча нарк салыгы 20 пайыз менен кармоо мамлекеттеги өтө кедейчиликтин көрүнүшү болуп эсептелет. Бул өтө кедей өлкөлөр гана ушундай түргө өтөт. Андыктан салыкчаларыбыз болсо көнүп калган кыйыр салык аркылуу мамлекеттин бюджетин толтуруп жүрүп. Тескерисинче, 12 пайызга түшүрүү элди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт, элдин бир топ деңгээлде байышына алып келет.

- Башкача айтканда карапайым элдин кызыкчылыгы бул жерде биринчи орунга туруп аткан туруп аткан турбайбы?

- Албетте. Ал эми кээ бир продукцияларды сатып алууну 12 эмес, 10-5 пайызга да түшүрсө болот.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG