Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Т. Калматов: Суу сатып бирөөлөр чөнтөгүн кампайтып жатышат


Токтогул суу сактагычында өткөн жылы суу азайып кетти
Токтогул суу сактагычында өткөн жылы суу азайып кетти

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов “Азаттыктагы” маегинде бийлик менен оппозициянын тил табышуу аракеттери жана оппозициялык лидерлердин камалышы жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Азыр саясий кысым күчөп атканы айтылууда. Сиздин баамыңызда кандай, чынында эле Кыргызстанда саясий куугунтук күч алдыбы?

- Менин жеке пикирим, сиздин айткан сөзүңүзгө мен толук макулмун. Чынында эле Кыргызстанда саясий тапшырмалар акыркы маалдарда абдан күчөдү. Бул бүгүнкү бийликтин аброюн эл массасында кадыр-баркын түшүргөнгө биринчи жөрөлгө болуп атканы ачуу чындык.

- Бүгүн оппозиция менен бийликтин жолугушуусу күтүлүүдө. Мындан бир натыйжа болобу?

- Мен мындан чоң натыйжа чыгышына анчалык ишенбейм, күмөндөрмүн. Анткени эки тилде, эки ой пикирде сүйлөшкөн инсандардын эл, өлкө үчүн чоң жыйынтыкка келиши татаалырак. Бул жөн гана эл көзүнө көрүнүш үчүн жолугушуу, сүйлөшүү болушу мүмкүн.

- Оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун камалышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып атат. Ушул Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган ок Таласта түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу деп камалышына сиз кандай карайсыз?

- Мен ачыгын айтканда туура эмес деп эсептейм. Себеби Аликбекти абдан көп жылдардан бери аябай жакшы билем, анын комсомолдук кызматтарда иштегенден бери, тышкы иштер минисрлигинде, чет өлкөдө элчи катары иштегендеринин бардыгы менин көз алдымда болгон. Ал жигитти жакшы билем. Андай ишке барашына мен анчалык ишенбейм.

- 2005-жылдын 24-мартындагы убадаларды азыркы бийлик аткарбай калды деген дооматтарда негиз барбы?

- 24-мартта чынында бийликке Курманбек Салиевичтин келишине түздөн-түз жардам берген, жандоочулар кийик аттырат дегендей эле президенттикке келишине жардам берген инсандардын бири катары мен бүгүнкү кетип аткан саясатты, бүгүнкү экономикалык-социалдык республикадагы абалдардын баардыгын көз алдыга алып келип, анализдеп туруп айтаарым, андагы үмүттөр, андагы макулдашылган сөздөр, андагы пландардын басымдуу көпчүлүгү аткарылбай калды десем жаңылыштык болбойт.

- Мындан мурдагы маекте “Ак жол” фракциясынан депутат Ажыбай Калмаматов айтып өттү, эл арасында бийликти колдоочулар көп деп. Мына сиз дагы эл аралап жүрөсүз, бүгүнкү күндө элдин бийликке ишеними кандай?

- Мени абдан түйшөлткөн маселе, бүгүнкү бийлик, анын ичинде парламент бийликтеги, жер-жердеги бийликтеги инсандар топтоп берген гана дүжүр кишилер менен жолугушуп, туура эмес ой-пикирде жүргөндүгү мени абдан өкүндүрөт. Ал эми элдин ичинде эл менен сүйлөшө келсеңиз, бүгүнкү күнү жалпы калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү бийликтин жүргүзүп аткан саясатына, айрыкча экономикалык коррупция менен натыйжалуу күрөш жүргүзө албай атканына абдан нааразы, бул талашсыз маселе. Мен бул боюнча бир-эки мисал келтирет элем.

Биринчиси, электр энергия боюнча, адамдарды түшүнбөйт деп ойлогон абдан туура эмес. Мына бүгүнкү өлкөнүн башчылары айтып атат, кыш оор болгондуктан суу көп кетип калды деп. Бирок биз жакшы билебиз, улуттук статкомитеттин берген маалыматы боюнча, 5-10 жылдан берки орточо электр энергиясын иштеп чыгуу 14 млрд. 200-300 миллиондун айланасында.

Эгерде суу элдин электр энергияга болгон талабын канаттандырганга сарпталса, анда электр энергия көбүрөк иштетилиши керек эле. Башкача айтканда, 18-20 млрд. киловатт электр энергия иштеттик, ошон үчүн суу кетти десе бул туура болмок. Ал эми электр энергия мурунку эле калыпта, ал эми суу мурункуга караганда 4-5 млрд. куб көп кетиши бул абдан ойлонто турган маселе. Жеке менин пикиримче, суу дагы, суу иштелип чыккан электр энергия дагы сатылып, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына, кимдир бирөөнүн чөнтөгүн толтурганга кеткендиги - бул талашсыз маселе.

Экинчи, газ маселесин алалык. Өзбекстан чынында 240 доллардан сатып атат азыр, башкача айтканда 165 пайызга көтөрдү. Бирок элге кызмат кылган Кыргызгаз өзүнүн кызматын 221 пайызга көтөрдү, башкача айткандай 650 млн. кубду элге таратканга кеткен кызматы мурунку баа менен 1 млрд. 189 млн. сом болсо, азыр ошол 650 млн. кубду элге таратуудан алган пайдасы “Кыргызгаздыкы” 2 млрд. 626 млн.

Муну кайсы өкмөттүк чиновник анализдеп атат, кайсы өкмөттүн чиновниги ушуну тескеп жөнгө салууга аракет кылып атат. Менимче ушуларга тергөө ишин козгоп, ушуларды жоопкерчиликке тартса эл абдан ишенет болчу жана колдойт болчу.

XS
SM
MD
LG