Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Комбайн жетишсиздигинен эгин чирип кетүүдө


Түштүктө арпа-буудай оруу-жыйымы аяктап калды. Дыйкандар быйылкы жылы күн жаанчыл келгендиктен эгин көгөрүп кеткендигин айтышууда.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы 900 миң тоннадан ашуун буудай жыйнап алууну максат кылууда. Бул тууралуу айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги ала-шалбырт жазда айдоо иштери башталган мезгилден бери айтып келе жатат. Белгилүү болгондой, өткөн жылы кыргызстандык дыйкандар 842 миң тонна буудай жыйнап алышкан, бирок бул жергиликтүү элдин керектөөсүн толук камсыздандыра алган эмес.

Ун салуучу “Акун” өндүрүшүнүн жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун маалыматы боюнча Кыргызстандыктар жылыга 1 млн. 200 миң тоннанын тегерегинде буудай жешет, ошондуктан, быйылкы жыйналат деп айтылып жаткан 900 миң тонна буудай дагы элдин керектөөсүнө жетпейт.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев кенемте коңшу Казакстандан жана башка мамлекеттерден эгин импорттоо менен толтуруларын маалымдаган. Министрдин берген маалыматы боюнча, быйылкы жылы 656 миң гектар жерге айдалган арпа-буудай жыйналат, эгин оруп-жыюу иштери түштүктө июнь айынан тартып эле жүрүп жатат. Ушул тапта Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарында эгин оруп-жыюу аяктап калды, ал эми Чүйдүн ысык аймактарында уланууда. Айыл суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги быйылкы жылы түшүмдүүлүк гектарынан 30-40 центнерге жетип жаткандыгын маалымдоодо.

Комбайн жок, буудайды 10 сомдон сатып алууга убада берген өкмөттөн дайын жок

Жалал-Абат облусунун айрым аймактарында эгин чабуу аяктап калган болсо, кээ бир түндүгүрөөк жайгашкан райондорунда эми гана башталып жатат. Бирок дыйкандардын кендирин кескен нерсе - оруп-жыюучу техниканын жетишсиздиги болууда. Ушундан улам бышкан арпа-буудай турган жеринде төгүлүүдө, деп нааразы болуп жатышат дыйкандар. Облустук бийлик мындай мүчүлүштүк бар экенин мойнуна алып, аны жоюунун аракеттери көрүлүп жатканын маалымдоодо.

Обулуста эгин чаап-жыйноо иши ортолоп калды. Облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Дүйшө Мусаев айткандай, буудай талааларына 186 комбайн чыгарылган:

-Быйыл эгин 48275 гектарге же былтыркыдан он бир миң гектар аянтка көп айдалган. 22-июлга карата 18651 гектар жердеги буудай жыйналды. Түшүмдүүлүк гектарына 35 центнерден ашык болуп жатат.

Бирок облуста комбайн тартыш. Базар-Коргон районундагы Мунарбек Жөргөмовдун үй-бүлөсү бир гектар жерге буудай айдаган. Дыйкандардыын көбү техниканын аздыгынан эгинди жыйнай элек:

-Жаанчыл саратанда бышкан эгин жыгылып, түшүм жерге төгүлүүдө. Коромжунун көптүгү менен буудай баасынын арзандыгынын быйыл дыйкандардын мээнети акталбай калуусу ыктымал. Килограммын он сомдон сатып алабыз деген бийликтин убадасы качан аткарылаары белгисиз. Күйүүчү май да кымбат түштү. Жер семирткич, үрөн кымбат болду,- дейт Мунарбек Жөргөмөв.

Техниканын кыйынчылыгын Сузак районундагы Көк-Арт өрөөнүнүн калкы да сезүүдө. Жерге-Тал айылынын тургуну Маматжан Бөкөев үч гектарга буудай өстүргөн:

- Айыл өкмөткө караган эки комбайн бөлөк жакка жиберилгендиктен дыйкандар түшүмүн жыйнай албай келүүдө. Комбайндарды башка жакка кетирип жиберишип, өзүбүздө жок болуп атат. Мен 3 гектар айдадым эле, жыйнап алгыча күбүлүп калмай болду. Мамлекеттин дыйкандарга көргөн камкордугу сезилбейт.

Ноокен районундагы « Кенч» акционердик коому 150 гектар буудайын жыйнап алды. Чарбанын төрагасы Акыбай Сооронбаев көп дыйкандар чаап алууга үлгүрбөй, эгин талаасын отоо чөп басып, буудайды өстүрүүгө жумшалган чыгым арбын болгонун белгилейт. Анын чарбасындагы ар бир адамга 200 килограммдан буудай акысыз таркатылган. Буудайдын арзан, кеңири эгилгени жана техниканын жетишсиздиги дыйкандарды эмки жылы буудай айдоодон айнытып коюусу ыктымал:

- Буудай быйылкы жылы салыштырмалуу көп айдалган, түшүмү да жакшы болду. Бирок баягы эле техниканын жетишсиздигинен эгин орулбай, күбүлүп кетүүдө. Убагында оруп-жыюу – эң негизги маселе. Анткени күн сууп, дагы жаан-чачын күчөйт, бул терс таасирин тийгизет. Мал тебелейт, отоо чөп өсөт, дегендей..

Жалал-Абат облусунда ушул тапта 1 кг. буудайдын баасы 6 сом турат. Албетте бул дыйкандардын кылган мээнети менен сарптаган каражатын актай албайт. Жаз алды менен дыйкандарды буудайды арбын айдоого чакырган кыргыз өкмөтү эгин бышкан мезгилде буудайдын килосун 10 сомдон сатып алууну убада кылган. Бирок ушундай эле убада өткөн жылы дагы берилип, анда өкмөт дыйкандардан өстүргөн буудайын 1 кг. 16 сомдон сатып алууга убада берип, аны аткарган эмес. Бул арада болсо ундун баасы кымбаттап отурат.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги берген убадасын унута элек, бирок буудайды дыйкандардан сатып алуу биздин милдетибизге кирбейт деп кутулушууда. Сөз эми мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикте калды.

Байкоочулардын белгилөөсү боюнча пахта, тамеки сыяктуу эгиндерди көп айдап келген түштүк облустарында акыркы жылдары арпа-буудай, жүгөрүгө көбүрөөк көңүл бурула баштады. Буга эң биринчиден пахта менен тамеки баасы кескин төмөндөп, дыйкандардын кылган мээнети менен сарптаган каражаты акталбай жатканы себеп болгон. Кийинки жылдардан тартып, буудай дагы аз айдалуучу эгиндин катарына кирип калуусу шексиз, дешет алар.

Жаан-чачын эгинди чиритип жиберди

Быйылкы жылы Ош облусунда да арпа-буудай мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк айдалды. Дыйкандар быйылкы жаанчыл келген күн бышып калган эгинди кара-көк тартып, чиритип жиберип жаткандыгын айтып, нааразы болушууда.

Карасуулук Гүлмира аттуу дыйкан түшүм мол болгондугуна кубанып турган чагы. Ал быйыл түшүм былтыркыга караганда жакшы болгондугун айтып, кубанычы менен тең бөлүштү. Аравандык дыйкан Шарабидинди жумуш үстүндө кепке тарттык. Шарабидиндин айтуусунда эгин-оруп жыюучу техника тартыш болуп жатат:

- Бирок ушул жагына да кудайга шүгүр. Гектарынан 40 центнер болбосо да 35 центнерден алып атабыз.

Карасуулук мээнеткеч Марапат жазда жана жайда нөшөрлөгөн жамгыр кылкандуу дан эгиндерин жайлап кеткендигин мындайча түшүндүрдү:

- Жамгыр көп жааганы зыян алып келди. Буудайларыбыз бышып калган учурда баштарын көтөрө албай кулап, ошол жерде чирип кеткендери да болду. Ошентсе дагы быйыл түшүм жакшы.

Кара-Суу районунун тургуну Гүлнара мамлекеттик камкордуктун жоктугунан улам жергиликтүү дыйкандар кыйынчылыкка көбүрөөк кабылгандыгын төмөнкүчө ырастады. Анын айтымында, айыл чарбасына керектүү заттарды обу жок кымбаттаткан ортомчуларды же мамлекеттик ишканаларды антимонополдук комитет катуу көзөмөлдөсө түйшүк кыйла жеңилдемек.

Анткени менен жергиликтүү бийлик дыйкандардын сын-пикирлерин курулай доомат катары баалоодо. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык саясат бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов буларга токтолду:

-2009-жылы 79 582 миң гектар кылкандуу дан эгиндери айдалган. Азыркы күндө 21 миң гектар эгин орулду, анын көпчүлүгү буудай. Быйыл эгинди оруп-жыйноо иштери жыйырма күнгө кеч башталган. Учурда эгин-оруп жыюуда 304 комбайн иштеп жатат. Быйыл гектарынан 35 центнеринен түшүм алынууда. Биз мындан да көп болот деп күттүк эле, бирок жаан-чачындын көп болгондугу түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизди. Анча-мынча тоскоолдуктарды эске албаганда облустун керектөөсү быйыл 93-94% камсыз болот.

Комбайн болот. Качан?

Техниканын жетишсиздиги боюнча кенемтени толтурууга айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги да быйыл катуу киришти. Аталган министрликтен алынган маалымат боюнча, буга атайын 500 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү. Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрилигинин алдындагы мамлекеттик техника инспекциясынын жетекчиси Нурлан Кожогуловдун айтуусунда, арпа-буудай оруучу комбайндар жетишсиз, ошондуктан айыл чарба министрлиги “Кыргыз автомаш” ишканасынан 100 комбайн сатып алууну көздөөдө. Эгин оруп-жыйноочу техниканын 80% азыр Баткен, Жалал-Абат, Ош жана Чүй облустарынын талааларында иштеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG