Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Күйүүчү май күн санап жогорулоонун үстүндө. Бүгүнкү күндө 1 литр бензиндин баасы эки ай мурункуга караганда 5-6 сомго кымбат турат.

Күйүүчү май баасы күн санап өсүүдө

Дүйнөлүк базарда чийки мунай заттын баасы дээрлик акыркы эки ай бою өзгөрүүсүз турганы менен күйүүчү майдын баасы акырындык менен көтөрүлүп келе жатат. Алсак, Кыргызстандагы күйүүчү май базарында баалар 5 сомго кымбаттады. Өткөн жылы чийки мунайдын баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу 35-36 сомго чейин чыккан баалар чийки мунай баасынын кайра арзандашынан улам 18-20 сомго чейин төмөндөгөн эле. Белгилей кетүүчү нерсе, күйүүчү май баасы эң жогорку чегине жеткен учурда чийки мунайдын баасы дүйнөлүк базарда баррелине 145 долларга чыккан. Ал эми быйыл жазында дээрлик үч эсе б.а. 100 долларга чейин арзандаган учурда күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда эки эсе арзандады. Бирок бир айга чукул убакытта чийки мунай заттын бир баррели 70 долларга чыгып, ушундан улам күйүүчү майдын баалары да улам көтөрүлүүдө.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылган бирин-экин ишканалар жума сайын 30-50 тыйындан кымбаттатып отуруп, бааларды эки-үч ай мурункуга караганда 6-7 сомго кымбаттатышты. Ушул тапта "Газпром" ишканасынын Бишкектеги май куйуучу бекеттеринде 1 литр А-80 үлгүсүндөгү бензин 21 сом, А-92 үлгүсүндөгү бензин 23 сом 20 сом, А-95 үлгүсүндөгү 25 сом 50 тыйын, 1 литр дизелдик күйүүчү май 21-22 сомдун айланасында сатылууда.

Чымкент нефти ишканасынан Кыргызстанга алынып келинип сатыка түшкөн бензиндин баасы 7-августка салыштырмалуу бир күндүн ичинде 1 сом 20 тыйынга кымбаттады. Буга чейин Бишкектеги ШНОС май куйуучу станцияларында 80-маркадагы бензин 20 сом 80 тыйынга барабар болсо, учурда анын баасы 21 сом 80 тыйынга жетти. Ал эми 92-үлгүдөгү майдын наркы 23 сомдон 24сом 30 тыйынга чейин көтөрүлдү. Калган маркадагы майларга дагы эң аз дегенде 1 сом кошулуп сатыка чыкты.

Оруп-жыюу мезгилинде күйүүчү май кымбаттаганы жаман болду

Бензинге болгон баанын жогорулашы менен жашоо дагы кымбаттай түшкөнсүйт. Кайсы тармакта кандай чыгым болбосун, баары келип күйүүчү майдын баасына көз каранды. Алсак азыркы маалда айыл-чарба иштери кызып турган чак. Буудай, арпа же жашылча жемиш өстүргөн дыйкандарга бензиндин кымбаттыгы кошумча чыгым алып келет. Демек алар өндүргөн картошка же буудайдын наркынын жогорулашына шарт түзүлүлүп жатат.

“Бизде элди ойлогон эч ким жок, баары өз кызыкчылыгы үчүн иштешет” деп жүк ташуучу машине айдаган Эрмек Караев кейип турду:

- Чет өлкөлөрдө оруп-жыйноо маалында күйүүчү майларды кымбататпай, тескерисинче арзандатып түшүм чогултат экен. Бизде болсо дал ушул маалды колдонушуп, акча жасоого умтулуп жатышат. Бензиндин кымбаттагындыгынан дыйкандар эч кандай киреше таппай калып жатышат.

Бишкек шаарынын тургуну Токтогул мырза бир нече жылдан бери такси кызматын көрсөтүп келет:

-Бензиндин баасын күнүгө бир аздан көтөрүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мисалы, бүгүн бензин 1 сомдон ашык нарка кымбаттады. Бул кошумчаланган акчанын үстүнөн дагы салык алынып жатабы, муну текшерген эч ким жок. Антимонополдук комитет эмне иш менен алектенип, кайда карап жатат? Алар эч кандай иш жүргүзгөн жок. Эгер мен буга чейин 100 сомго кардар алып барсам эми 110 сомго жеткирем деп айтам да. Мына дал ушундай жол менен баары кымбаттап жатат.

Күйүүчү майдын баасы күндөн күнгө өсүүдө. 7-августка салыштырмалуу бүгүнкү күндө бензиндин наркы бир сомго жогорулады, ошол эле маалда мындан эки ай мурдагыга салыштырмалуу бир литрге болгон баа, 6 сомго чейин көтөрүлгөн. Эгер июнь айларында ШНОС станцияларында 92-үлгүдөгү май 18,5 сомду түзгөн болсо, учурда бул баа 24 сом 40 тыйынга барабар болууда.

ШНОС станциясында оператор болуп эмгектенген Майрамбек “бензин арзан болсо жакшы өтмөк” деген пикирде:

- Кризис маалында майдын кымбатташы элге кыйынчылыктарды жаратууда. Бензин арзан болсо өтүмдүүлүгү жакшы болмок да. Буга чейин 96-маркадагы бензин жакшы сатылчу. Эми наркы көтөрүлгөндөн бери алуучулар аз болуп жатат. Себеби ортодогу айырмачылык 6 сомдон ашууда.

Мындан эки ай мурун бир машине кумдун баасы 2000 сомду түзгөн болсо, учурда бул нарк 2600 сомго барабар. Мунун себеби бензиндин баасынын көтөрүлгөндүгүндө, дейт Бекмырза деген айдоочу:

- Бензин көтөрүлсө кум, топурак, шагылдын гана эмес кызмат көрсөтүп иштеген унаалардын акысы да кымбаттайт. Айыл жерлерине Бишкектен алынып барган азыктардын наркы жогорулайт. Себеби баары транспорт акысына көз каранды. Элди кандай жашоо күтүп жатканы белгисиз.

Ал эми Эрмек аттуу маектешибиз:

Күйүүчү майдын баасы буга чейин акырындык менен жай өсүп жаткан эле. Себеби, бизди президенттик шайлоо күтүп жаткан. Эми шайлоо өттү. Буга чейинки эки айда 6 сомго кымбаттаган бензин, эми тез арада көтөрүлсө таң калбай деле койсок болот, -деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

Ысык-Көлдө туризм сезонунда күйүүчү май кымбаттайт

Күйүүчү майдын баасы борбордон алыс аймактарда жогоруда айтылган баалардан да бир аз кымбатыраак болууда. Ысыккөлдүк айдоочулар күйүүчү май жыл сайын туризм сезону күчөгөн учурда кымбаттай тургандыгын айтышат. Алар күйүүчү майдын сапаты баасына жооп бербей тургандыгын айтып, нааразылыгын билдиришүүдө. Өткөн жылы майдын наркы курорттук район болгон Ысык-Көл районунда 35 сомго чейин көтөрүлгөн. Учурда 1литр күйүүчү май 23 сомдон 26 сомго чейин бааланып атат.

Андан “Газпром” фирмасынын май куюучу жайларында 23 сом болгондуктан эл ага көп кезекте турганын Адыл атту айдоочу чечмеледи:

- Май 3 сомго кымбаттады. 21 сом болчу эми 23 сом болду. Газпромдон башкасы.”Деңиз Ойл” дегендики 26 сом болду. Биз газпромдон эле куябыз, арзан, сапатыда жакшы. Биякта эң арзаны Балыкчыда. Эми көндүк былтыр 35тен деле куюп жүргөнбүз.

Бензин наркы шайлоого чейин арзан бааны кармап турган, шайлоо өтөрү менен баалар асмандады, деген пикирлерин айтышты биздин айрым маектештер:

- Шайлоодон кийин эле кымбаттап кетти го. Дал ошол шайлоо, саммит деп атып, быйыл ишибиз жакшы жүрүшкөн жок. Көлгө эс алууну каалап келген элдин саны да аз болду, -деп наалыды жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил автоунаанын ээси май арзаныраак кезде туристтер менен иштегенге ыңгайлуу учур болгон менен шайлоо саммит сыяктуу окуялардан улам ал мүмкүнчүлүктөн кур калган айдоочу.

Көлдө күйүүчү майга болгон муктаждык 2 эсе көбөйгөнү суу үстүндө жүрүүчү моторлуу кайык сыяктуу каражаттар да иштегенине байланыштырылууда. Жээктегилерге барып майдын наркын сураганыбызда аларга ортомчулар кымбат алып барганын айтышты. Скутерин ижарага берип иштеткен жигиттин айтымында ал бензинди скутерине 26 сомдон куят.

Аймактагы жаш эксперт Талант Исмаилов күйүүчү майдын наркынын туруксуздугу реалдуу көрүнүш деген ойдо:

- Дүйнөлүк рыноктогу мунайдын наркы өзгөргөндө бизге да сөзсүз таасирин тийгизет да. Бул жерде шайлоонун эч кандай тиешеси жок. Бакиев кымбаттата да, арзандата да албайт. Экономикалык көрсөткүч боюнча биздики Европадан төмөн болуш керек, демек күйуучү майдын наркы да ошого жараша коюлат да. Бизде аларга салыштырмалуу арзан эле. Ал үчүн атайын адистер иштейт, - деди Талант Исмаилов.

Күйүүчү май кескин кымбаттабайт

Кыргызстандагы мунай базарында дээрлик Орусиянын “ГазПром” ишканасынын алдындагы “ГазПромнефтьАзия” компаниясы монополист болуп эсептелет. КР “Нефтетрейдерлер” биримдигинин президенти Базарбай Мамбетов Орусиялык компаниянын күйүүчү май базарындагы күчтүү таасиринен улам Кыргызстандагы баалар башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан, деп бекемдөөдө. Анын айтуусунда, баалар август айы ичи да кымбаттайт:

-Мына август айында бензин да, дизелдик күйүүчү май да дагы 50 тыйынга кымбаттайт. Анткени дүйнөлүк базардагы чийки мунай баасынын туруктуу болбой, баррели улам 60 доллардан 70-72 долларга көтөрүлүп, кайра түшүп атканы себеп болууда. Орусиядан бизге келип жаткан күйүүчү майлардын баасына түздөн-түз таасирин тийгизип, базарда туруксуздукту пайда кылып жатат.

-Май айында баалар азыркыдан беш-алты сомго арзан эле?..

-Ооба, ошондон бери төрт-беш жолу баалар көтөрүлдү. Июнда 21 сом болгон, андан бери 50 тыйындан үч жолу көтөрдүк.

-Мындан эки жыл мурдагыдай болуп күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттайт деген коркунуч жокпу?

-Жок, андай коркунуч жок. Автоунаа айдоочулар ал тууралуу ойлоп, тынчсызданбай эле коюшса болот. Азыр күйүүчү майдын баасы 2006-жылдын август айындагы баа менен барабар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG