Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыздай алабы?


Быйыл буудай болуп көрбөгөндөй жыйналаары айтылууда
Быйыл буудай болуп көрбөгөндөй жыйналаары айтылууда

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгон жылдары айыл-чарба тармагында бир катар реформалар жүрдү. Бирок дыйкандарды дале кыйынчылыктар түйшөлтүүдө.

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгон алгачкы беш жылда өлкөнүн айыл-чарба тармагы төмөндөөгө дуушар болгон. Ал маалда өлкөнүн мал-чарбасы 60 пайызга, дан өсүмдүктөрү 62, жер-жемиш өндүрүү 53 пайызга кыскарган. Мындай кыйынчылыктан чыгуу максатында 1997-жылы жер реформасы жүргүзүлүп элет жерлеринде фермерлер жана дыйкандар пайда болгон.

Адистердин баамында, азыр баары акырындан орду-ордуна келүүдө.

- Жер реформасынын алкагында дарыгери, мугалими, курулушчусу дебей баардыгы тең өз үлүштөрүн алышты. Аларга алгач кыйын болгону менен азыркы учурда көп нерсени түшүнүп калышты. Ал эми үрөн, техника, жер семирткич менен камсыз кылуу жагынан мурункудай эле бүгүнкү күндө дагы кыйынчылыктар бар. Бирок азыр трактор менен комбайндарды жыйноочу ишканалар иштеп, Кытайдан дагы техникалар алынып жатат. Ошого карабай азыр айдап-себүү же оруп жыйноо иштери көп убакытка созулуп кетип жатат, - дейт айыл-чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү боюнча бүткүл дүйнөлүк банктын менеджери Сапарбек Тынаев.

Негизинен 1990-жылдарга чейин Кыргызстандын айыл-чарбасы дүң жыйымы боюнча жана сапаттуулугу жагынан СССРде алдынкы орундарда ээлеп келген. Ал маалда чет өлкөлөргө кант, буудай, эт, жүн, пахта, бал продукциялары экспорттолуп келген. Учурда болсо чет өлкөгө сатылып жаткан азыктардын катарында бал жана жер-жемиштер гана калгансыйт. Буудайдын быйыл түшүмдүүлүгү жакшы, болбосо ун азыгы Казакстандан, эт Кытай, АКШ баштаган 10 чакты өлкөдөн, кант Белорусиядан импорттолуп Кыргызстанга алынып келүүдө. Демек өлкөнүн айыл-чарбасы азырынча өзүн-өзү камсыздоого алсыз. Болбосо 18 жыл ичинде ун, кант, эт азыгын өндүрүүнү жетиштүү өлчөмгө жеткирсе болоор эле.

Негизинен азыркы маалда айыл-чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгү да төмөндөп кеткен. Дан өсүмдүктөрү үрөн жетишсиздигинен аксап жаткандыгы белгиленүудө. Ал эми кант кызылчасын айтсак союз маалында бир гектардан орточо 35-40 тонна түшүм алынса, учурда бул көрсөткүч 20 тоннаны түзүүдө. Мындай көрүнүштөр технологиянын төмөндөшү, жер семирткичтердин дээрлик аз себилип, жердин кыртышы бузулуп, техникалык иштердин жүргүзүлбөй жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Талаа ээлери мындан 10 жыл илгери дыйкандарда кандай проблемалар болсо азыр деле ошондой мисалдар көп экенин айтышат:

Сулайман Исаков: - Дыйканчылык өзүн өзү актабай калды. Мындан бир нече жыл мурун талаа ээлеринде кандай проблемалар болсо азыр дагы ошондой кыйынчылыктар бар. Буудайга урук жок, жер айдайлы десек күйүчү май кымбат. Суу маселеси дагы оор. Азыр наркын 6 тыйынга көтөрүп койду. 100 литр сууну бир сутка колдонсоң 600 сомдон төлөйсүн. Үч күн сугарсаң 2000 сом карызга батасың. Күзүндө болсо чай, нан менен гана жашап күн өткөрөсүң. Өкмөттүн дыйкандарга болгон колдоосу мына ушундай.

Нуржан: -Жөнөкөй дыйкандар азыр өздөрүнө тиешелүү болгон аз-маз жерлерин дагы айдай албай жатышат. Колдоо болсо жакшы болот эле, буудай, арпа уруктарын арзан баада берип, жер семирткич жагынан дагы камсыздаса болмок. Талаа иштетүү кыйын болгондуктан колунда бар, техникасы жетиштүү адамдар гана киреше таап жатышат. Карапайым дыйкандар мурдагыдай эле эптеп жанын багышууда.

Айыл-чарба мнистрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 1 миллион 100 миңден ашык бодо мал, 4 миллиондон ашык кой-эчкилер бар. Бул сан убакыт өткөн сайын көбөйүп, малдардын жайыттарга батпай баратканы белгиленүүдө. Ошондуктан жакын арада ар бир айыл өкмөткө бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 200 миң сомдон бөлүнүп унутта калган эски жайлоолордун жолун калыбына келтирүүгө жумшамакчы.

Мал чарбачылыгы демекчи бул тармакта акыркы жылдары күйдүргү, бруцеллез, туберкулез, шарп, кутурма сыяктуу оорулар көбөйгөнү байкалууда. Ылаңдарды көзөмөлдөгөн ветеринария кызматы каржы маселеси жакшы чечилбей жаткандыгына кабатыр. Ошол эле маалда бул тармакты көзөмөлдөө милдети тагылган ветеринардык инспекция жана көз карандысыз лаборториялардын баардыгы бир башкармалыка бекип турат. Адистердин баамында, ветеринардык кызмат өзү ишин өзү көзөмөлдөп жаткандыгы акылга сыйбайт. Мындай мисалдардын арты менен кээ бир оорулар жашырылып калышы мүмкүн.

Эгемендүүлүк жылдары айыл-чарба жаатына адистерди даярдоо акыркы планда калды. Аграном, ветеринар, зоотехник адистери окутулганы менен иш табуу кыйын. Өлкө боюнча орун алган 470 айылдык округда азыр бул адистер жокко эсе. Мүмкүн жумуш таппай жүргөн аграномду же мал доктурду айыл өкмөтү өзүнө ишке алганда ошол элет жергесинде түшүмдүүлүк да артып, мал оорулары дагы азаймактыр.

- Талаада иштеп жатышкан дыйкандар көп нерсени түшүнө баштады. Элет жерлеринде ветеринардык-агронимиялык дүкөндөр ачылып, ошол эле маалда айыл-чарба шаймандарын сатып оңдогон түйүндөр да көбөйүп баштады. Бул деген айыл-чарбасы жанданып баштагандыгынан кабар берет, - дейт айыл-чарба мнистрлигинин адиси Сапарбек Тынаев.

Мындан ары Кыргызстандын айыл чарбасы беш багытта өнүгө тургандыгын президент Курманбек Бакиев Суусамырда өткөн малчылардын чогулушунда билдирди. Алар машина-трактордук станцияны ишке киргизүү, айыл-чарба техникаларын жаңыртуу, микрокредиттерди берүү, ар бир областты айыл-чарбанын ар башка багытына калыптандыруу, дыйкандар өндүргөн продукцияны мамлекетин эсебинен сатып алуу жана дыйкан чарбаларды кооперативдештирүү болмокчу. Мындай максат канчалык ишке ашаарын убакыт көрсөтөөр.

XS
SM
MD
LG