Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Күйүүчү май дагы кымбаттайт


Ай башынан тарта Казакстан сыртка, анын ичинде Кыргызстанга да күйүүчү май сатууну токтотту. Акыркы айларда бензиндин баасы 10 сомго кымбаттады.

Казакстан өкмөтү күзгү оруп-жыюу мезгилинде күйүүчү майды экспорттоого мораторий киргизүүнү 2004-жылдан бери жыл сайын жүргүзүп келет. Ошондуктан, быйыл дагы казак бийлиги тарабынан 1-сентябрдан тарта күйүүчү майды сыртка, анын ичинде Кыргызстанга да сатпоо тууралуу чечим кабыл алынышы жаңылык эмес, дейт Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов:

- Казакстан Кыргызстанды жакынкы коңшулаш, өнөктөш мамлекет катары санабай, үчүнчү бир өлкөлөрдүн катарында беш жылдан бери күзгү оруп-жыюу, жазгы айдап-себүү учурларында күйүүчү майын сатпай коюп келе жатат. Бирок Кыргызстандын күйүүчү май базары Казакстандын күйүүчү майына көз каранды эмес, эгер алар бизге майды таптакыр бербей койсо деле, Кыргызстандын күйүүчү май базары эч качан токтоп калбайт.

Маалымат каражаттарында айтылгандай казак өкмөтү дизелдик күйүүчү майды экспорттоого 1-октябрга чейин тыюу салган, ал эми бензин дээрлик жыл аягына чейин сыртка сатылбайт. Мындай кадамга казак өкмөтү өлкөдө мунай өндүрүү 9,5% чейин төмөндөгөндүктөн барып жатканы айтылууда. Мындан тышкары сентябрь-октябрь айларында Казакстандын өзүндө күзгү оруп-жыюу иштери кызыган учур болот.

Кыргызстанда болсо күйүүчү майдын баасы май айынан тартып акырындык менен көтөрүлүп келүүдө. Үч ай мурун 18-20 сом турган бензиндин баасы бүгүн дээрлик 10 сомго кымбаттады. Сентябрь ичи баалар дагы көтөрүлөт, деп билдирди Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздап келе жаткан “ГазПромНефтьАзия” компаниясынын басма сөз катчысы Ольга Волосатых “Азаттыкка”:

- Биз эки айдан бери бааларды акырындык менен, керектөөчүлөрдүн чөнтөгүнө кескин зыян тийгизбегидей кылып, 50 тыйындан, 1 сомдон көтөрүп келе жатабыз. Мындан ары да так ушундай эле темпте, жумасына 50-80 тыйындан кымбаттап жүрүп отурат.

“ГазПромНефтьАзия” компаниясынын басма сөз катчысы Ольга Волосатыхтын белгилегени боюнча, баалардын өсүп жатканына Казакстандан күйүүчү майдын келүүсү токтотулганы эч кандай таасир тийгизген жок:

- Биз бааларды дүйнөлүк мунай базарындагы жана Орусиянын Омск нефтизаводундагы бааларга карап өзгөртөбүз. Биз Казакстандын мунайынан көз каранды эмеспиз, бирок Орусиянын нефтеишканаларына көз карандыбыз. Сиздерге деле белгилүү акыркы жарым жыл ичинде Орусия бийлиги экспорттук төлөмдөрдү жогорулатты, күйүүчү майдын баштапкы баасы жогорулоодо. Ошондуктан, биздин ишкана тарабынан Кыргызстанга күйүүчү май күзгү оруп-жыюу же себүү мезгилинен көз карандысыз түрдө, туруктуу өлчөмдө алып келинет, -деп билдирди “ГазПромНефтьАзия” компаниясынын басма сөз катчысы Ольга Волосатых.

Күзгү оруп-жыюу иштери жүрүп жаткан мезгилде күйүүчү май баасынын кымбаттап жатканы зыян гана болуп жаткандыгын белгилешет дыйкандар. Ансыз да өндүргөн буудайын өкмөт сөз бергендей 10 сомдон эмес, базарда 4-6 сомдон араң өткөрүп жаткан дыйкандарга эгинин жыйып, аны сатуу үчүн базарга ташууда күйүүчү майга да ашыкча төлөө кыйынчылыкты пайда кылууда, дейт “Жапалак” аймактык муниципалдык башкармалыгынын башчысы Абай Молдобаев:

-Эгин өзүн-өзү актабай калды. Мына быйыл буудай арзандап кетти. Эң жогорку сорттогу буудай 6 сом болуп жатса... 1 гектар жерди айдатуу үчүн дыйкан 100 литр күйүүчү майдын баасын тракторчуга бериши керек. Башкача айтканда үч миң сом жерди айдатууга, так ушунча каражат эгинди орууга кетет. Себүү үчүн 1,5 миң сом жумшалат. Булардан тышкары жер семирткич, жер-суу салыгы, үрөн деген бар, буларды ары-бери ташуу керек. Мына көрдүңүздөрбү, келип-келип эле дыйкан кылган мээнетине жана жумшаган акчасына күйүп атат, ал эми күйүүчү май саткандар бааны күн өткөн сайын кымбаттатып атышат.

Белгилүү болгондой учурда мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы бир баррелине72 доллар турат. Өткөн жылы чийки мунайдын баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу 1 литри 35-36 сомго чейин чыккан баалар чийки мунай баасынын кайра арзандашынан улам 18-20 сомго чейин төмөндөгөн эле. Бирок акыркы бир нече айдан бери чийки мунай заттын бир баррели 70 доллардын айланасында турат, баалар болсо минтип өсүүнүн үстүндө.

Байкоочулардын баамында, сентябрь айынын аягына чейин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы былтыр ушул мезгилдеги баалар менен теңешет. Белгилүү болгондой өткөн жылы сентябрда бензиндин эң арзаны 30 сомдун, кымбаты -36 сомдун айланасында болчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG