Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Жакында эле “Бишкексууканал” ишканасы мененен каржы полициясы рейд өткөрүп мыйзамсыз иштеген 62 унаа жуучу жайды аныкташты.

Төлөгөн менен Рустам Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайда эмгектенишет. Алардын иш күнү таң эртеден кечке чейин созулуп, кээ бир учурда кезек-кезеги менен түнкү нөөмөттө дагы иштешет.

Рустам: - Бул жерде иштегениме үч айга чукулдап калды. Биздин иш күнүбүз аба ырайына байланышуу болот. Бүгүн жаан жаап тургандыгына байланыштуу кардарлар аз, ал эми күн ачык маалда иш жакшы эле болот. Кээде жетишпей да калабыз. Сууда иштегенибиз эле болбосо, маяна жагы жакшы төлөнөт. Күнүмдүк оокатка жетет. Суу, салык жана башка маселелерге биз кийлигишпейбиз. Келген автоунааларды гана жууйбуз. Бирок бизде баары мыйзам чегинде болсо керек.

Төлөн: - Иштегениме 3-4 күн гана болду. Жумуш жакшы эле жүрүп жатат. Бир күндө орточо 400 сом акча табабыз. Бир унаанын 40% биздин үлүш. Тегерегибизде болсо беш унаа жуучу жай бар. Ич ара атаандаштык болгону менен баарынын иши жүрүп жатат. Себеби машинелердин саны күн санап өсүүдө.

Негизинен Бишкек шаарында 160тан ашык унаа жуучу түйүндөр бар. Баш калаадагы машинелердин көпчүлүгү дал ушул жайлардын кызматын пайдаланышат. Ишмердүүлүктүн бул түрү жумушчу орундарын пайда болушуна өз салымын кошуп, шаар боюнча миңден ашык адамды иш менен камсыздоодо.

Бирок адистердин баамында мындай кызмат көрсөтүү экологиялык жактан зыян алып келүүдө. Себеби бул жайлардын көпчүлүгү борбордук түтүккө улашпагандыктан, агып чыккан суу сыркындысы түздөн-түз топурака аралашып суунун сапатуулугун бузуу менен экологиялык жактан зыянга учуратууда. Ошол эле маалда унаа жуучу жайлардын кесепети тегерегиндеги имараттарга тийип, дубалдарында нымдуулукту жаратууда.

“Биз сууну үнөмдөп, ичүүгө гана колдонсок жакшы болот эле”,- дейт “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадил Сейидалиев:

- Кыргызда “суу сыйлаган - зор болот, суу кордогон - кор болот” деген макал бар. Ошондуктан биз сууга аяр мамиле кылышыбыз абзел. Бишкеке келип жаткан таза суу 140-160 метр тереңдиктен алынып чыгат. Бизде андан башка суу жок. Ошондуктан аны иче турган максатта гана колдонсок болмок. Бирок орто жана кичи бизнести колдоо максатында биз 96 түйүнгө ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат бергенбиз.

Бишкек шаарында учурда 96 унаа жуучу жай мыйзамдуу негизде иштеп келет. Иш жүзүндө болсо алардын саны алда канча көп. Жакында эле “Бишкексууканал” ишканасы менен каржы полициясы биргеликте текшерүү жүргүзүшүп башкалаада мыйзамсыз иштеген 62 унаа жуучу жайды аныкташкан. Алардын он сегизине кылмыш иши козголуп, 15 түйүнгө 532 миң сом айып пул салынган.
Бул мекемелер мындай рейддерди жүргүзүү аркылуу ишкерлерди мыйзамдуулукка үндөшүүдө.

- Эгер унаа жуучу түйүндөр, мончолор же башка жайлар мыйзамсыз иштеп жаткан болсо биз аларды жаптырабыз. Бишкек шаарында бир унааны жууганга 120-150 сом алышат. Ал машинеге эң көп дегенде 80 литр суу кетет. Биз болсо бул жайларга миң литр суунун 7 сомдон сатып жатабыз. Демек, бир машинеге кеткен суунун акысы 55-60 тыйынга барабар болот. Мыйзамсыз иштегендер ушул акчаны төлөөдөн качып, көмүскөдө иштеп жатышат, - деди Мурадил Сейдалиев.

Мыйзамсыз иштеп жаткан унаа жуучу жайларда орун алган диаметри 20 миллиметрди түзгөн түтүктөн бир суткада 472 миң литр суу агып чыгаары эсептелинген. Демек көмүскө түрдө иштеп жаткан унаа жуучу жайлар казынаны аз эмес суммадагы кирешелерден куру калтырууда.

XS
SM
MD
LG