Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Быйыл Кыргызстанда пахта өтө аз айдалды. Буга эң негизги себеп катары - пахта баасынын бир топ арзандап кеткени айтылууда.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы пахта өткөн жылдарга салыштырмалуу аз айдалды. Аталган министрликтин маалымат кызматы мунун себебин негизинен жазгы жаанчыл аба-ырайына жана акыркы эки жылдан бери дыйкандардын дан эгиндерине көбүрөөк басым жасап жатканына байланыштырууда. Ал эми пахтакерлер өздөрү пахта айдалбай калышына ак була баасынын арзан болуп жатканы негизги себеп деп билдиришет. Ак буланын быйылкы баасы 20-22 сомдун тегерегинде болуп жатат. Азыр дыйкандар пахта теримге жапырт киришпегени менен була кабыл алуучу ишканалар 1-сорттогу пахтаны 20-22 сомдон сатып аларын жарыя кылышууда. Күйүүчү май, жер семирткич, жер ижара акысы кымбаттаган убакта мээнетти көп талап кылган пахтага мындай баа суралып жатышы адилетсиз, дешет дыйкандар.

Жалал-Абатта пахта аз

Жалал-Абат облусу жалпы Кыргызстан боюнча пахта эң көп айдалган аймак болчу. Облустун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунда миңдеген гектарлаган аймактар пахтага чөмүлүп жатар эле. Акыркы беш-алты жылдын ичинде облуста пахта айдоо кескин азайды. Ал эми акыркы эки жылдан бери облуста пахта болбой калды десе деле жарашат. Анткени 2007-жылы Жалал-Абатта 30 миң гектар жерге ак була айдалса, быйыл пахта себилген жердин аянты 10 миң гектарга да жеткен жок. Буга баягы эле акча-каражат маселеси негиз катары айтылууда.
Жалал-Абатта бир кездерде пахтанын түшүмү миңдеген тоннага жетчү


Ушу тапта облус талааларында пахтанын жыйым-терими кызыды. Бирок анын түшүмүн сатып алуунун баасы өтө арзан болууда. Дыйкандардын эсеби боюнча жер айдоодон тартып, пахтаны өстүрүп, жыйнап алганга жумшалчу бардык каражаттардын баасы жылдан жылга көтөрүлүүдө. Мамлекет сатып албагандыктан жеке менчик ишкерлер менен пахта заводдору ага өздөрү каалаган бааны коюшат. Натыйжада мандай тер менен мээнет кылган дыйкандын эмгеги акталбай, анын эсебинен башкалар туйтунууда.

Облус тургуну Абдыманап Токтобаев үй-бүлөсүнө тийген 86 сотик үлүш жердин 70 сотигине пахта айдап, аны айылдагы жумушсуздарга акча төлөп тердирүүгө мажбур болду:

- Жалал-Абат жана Ош шаарларында пахтадан кездеме токуучу бир топ ишканалар бар. Мамлекет дыйкандардан сатып алып, өз ишканалары аркылуу пахтадан кездеме, же башка буюмдарды чыгарса, нечендеген пайда алмак. Бир гектар пахтадан азыркы баа менен үч-беш адам жашаган бир үй-бүлөгө орто эсеп менен 30-35 миң сом акча калат, аны жылга бөлүштүргөндө бир адамга 300 сомдой акча ашат. Бул каражат менен бүгүнкү кымбатчылык маалда жашоого мүмкүн эмес, - дейт Абдыманап Токтобаев.

Өсөр Ажибековдун үй-бүлөсүнө Ноокен районундагы кооперативдик чарбадан бир гектар он беш сотик жер тийген. Чарба жер айдоодон пахта теримге дейре иштерди өзү бүтүрөт. Пахта терими келгенде балдары Орусияда иштеген Өсөргө да өзбекстандыктарды жалдап иштетүүгө туура келди. Алар жол кире жана тамак-ашынан сырткары күнүнө эки жарым сомдон акча төлөөнү талап кылышат:

- Балдарым алыста. Ошондуктан Өзбекстандан пахтачыларды апкелип, теримге салууга аргасызбыз. Бир эле мен эмес, баары эле ошентип атышат. Күнүнө тамак-ашынан тышкары 2,5 сомдон 1 кг. пахта тергени үчүн төлөп берем. Айла жок, өзүн актабаса да, жаан жаап, күн бузулганча тердирип, жыйып алышым керек. Анткени бир эле жамгыр жааганда пахтанын сорту төмөндөйт.

Облуста быйыл пахта былтыркыдан 11500 гектарга аз айдалды. Ага пахта баасынын төмөндүгү, дыйкандардын мээнети акталбаганы себеп болду. Облустук бийликтин бөлүм башчысы Жаныбек Осмоналиев пахта заводдору мүмкүнчүлүгүнө жараша ар кандай баада сатып алып жатканын ырастап, жазгы талаа жумуштарында пахтачыларга "Айылбанк" аркылуу өкмөт жардам бергенин билдирди:

- Облус боюнча 9 766 гектар жерге пахта эгилген. Туура, быйыл пахта мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак айдалды. Дыйкандар көбүнчө жашылча жана дан эгиндерин айдашты. Азырынча дыйкандарга пахта сатууга мамлекет жардам берет деп айтуу кыйын.

Пахтанын мекени Ошто пахта жок

Ош облустук айыл чарба бөлүмүнөн “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу пахта аянты дээрлик 4065 гектарга кыскарган. Аталган бөлүмдүн башчысы Жуманазар Камаловдун айтымында, мунун башкы эле себеби, дыйкандар бул техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдөн эч кандай пайда көрбөй, жок эле дегенде өзүн-өзү да актабай жатат:

- Өткөн 2008-жылга салыштырмалуу пахта менен тамекинин аянты азайды. Дыйкандар мындай чечимге айыл-чарба коопсуздугун камсыз кылуу үчүн барып жатышат. Биз алардын чечимин сыйлайбыз жана колдоого алуудан башка аргабыз жок.

Пахта өндүрүү өзгөчө көп эмгекти жана түрдүү химикаттарды талап кылаарын дыйкандар белгилешет. Буга чейин негизинен пахта Оштун Араван районунда көп эгилчү. Бирок анын баасы өтө төмөн болгондуктан, ак алтын өстүрүүдөн дыйкандардын дээрлик жетимиш пайызы баш тартты, - дейт аравандык дыйкан Каримберди Хамидов:

- Мурда көп айдалчу. Акыркы жылдары баалар түшүп кетти. Быйыл дээрлик 70% арзандады. Былтыркы пахталарды сата албай үйдө жатат. Эми дагы жаңы түшүмдү кантип сатууну билбей, баш катып турат. Мамлекет ушул жагынан бизге бир аз каралашса жакшы болот эле.

1 кг пахта алуу үчүн 17 сомдук чыгаша болот. Мындан тышкары теримдин акысы бар.
Соңку эки жыл ичинде эле Ош аймагында дээрлик 11миң гектардан ашуун пахта аянттары кыскарган. Өткөн жылдары пахтанын бир килосу болгону 11 сомдон 14 сомго чейин сатылган. Ошол эле учурда маселен күрүчтүн баасы 60 сомдон кымбат сатылууда. Жүздөгөн дыйкандардын пахта эгүүдөн баш тартып жаткан себебин, анын баасы өзүн-өзү актабай жатканында, -дейт Араван райондук айыл чарба департаментинин башчысы Шавкат Сабиров:

- Мына быйыл дагы пахтаны 22-23 сомдон алабыз деп атышат. 1 кг. пахта алуу үчүн дыйкандар 17 сомдук чыгаша болот. Мындан тышкары теримдин акысы бар. Ошондуктан жакында пахта таптакыр бизде айдалбай калышы ыктымал.

Ал эми облустук айыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси Жуманазар Камалов ишкерлер дыйкандарга ар тараптуу жардам бербесе, анда пахта жана тамеки аянттары жыл санап кыскара бермекчи деген пикирде:

- Пахта менен тамеки сатып алуучулар бааларды жогорулатпаса, аларга тамеки, пахта өстүрүүгө ар тараптуу жардам бербесе, жакынкы жылдары бул өсүмдүктөрдү өстүрүүнү дыйкандар толук токтотот. Анткени эки-үч жылдан бери дыйкандар жалкып бүтүштү, -дейт Жуманазар Камалов.

Өзбектер алган пайданы кыргыздар эмнеге көрбөйт?

Дүйнөдөгү пахта өстүрүүчү өлкөлөрдүн башында Кытай турат. Ал дүйнөлүк пахтанын 25% өндүрөт. Андан кийин АКШнын үлүшүнө 21% туш келсе, Индия 12%, Пакистан 8%, ал эми биздин коңшу Өзбекстан дүйнөлүк пахтанын 5% өндүргөн мамлекет болуп саналат. Пахта рыногундагы баага таасир этүүчү дөө-шаалар мына ушул 5 өлкө болуп саналат. Кыргызстан пахта эң аз айдалган чакан мамлекеттердин бири болгондуктан, дүйнөлүк рыноктогу баага таасир эте албайт. Адистер мына ушунун кесепетинен Кыргызстанда пахта өстүрүү да тамеки өстүрүү сыяктанып, токтоп калуу коркунучу бар деп белгилешет. Алардын белгилөөсү боюнча, мамлекет пахтаны кайра иштетүүчү өнөр жайларды жандандырып, же жаңыларын ишке киргизип, айыл чарбасынын кирешелүү тармагын кайра колго алууга тийиш. Коңшулаш Өзбекстан эле пахтадан жылына 1 млрд. доллар өлчөмүндө киреше алары эл аралык булактарда айтылып жүрөт. Демек, Кыргызстан үчүн да ак буланы кайра иштетүүдөн аз эмес киреше түшмөк, дешет байкоочулар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG