Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Дыйканга коюлган талап ашыкча жогору болууда


Afghanistan -- wheat, generic

Afghanistan -- wheat, generic

Өкмөт мурда убада кылгандай дыйкандардан буудайды 1 кг 10 сомдон сатып ала баштады. Бирок ал үчүн буудайдын жабышкактыгы 23% кем болбой, 3-класстагы талапка жооп берүүгө тийиш.

“3-класс деген буудайың 98% таптаза, натурасы 79%, жабышкактыгы 23% ашык болуш керек”
Дыйкандар өкмөт мындай жогорку сапаттагы буудайды талап кылуудан мурун аны өндүрүүгө жардам бериши керек болчу, деген дооматтарын билдиришүүдө. Буудайды 1 кг 10 сомдон сатып алуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтому чыкканына бир айдын жүзү болуп калды. Өкмөт муну ишке ашыруу менен дыйкандарды экономикалык жактан колдоону максат кылууда. Токтомдо айтылгандай 40 миң тонна 3-класстагы буудайдын 1 кг 10 сомдон сатып алуу үчүн мамлекеттик резервдер фондундагы дизелдик күйүүчү майды сатуу, мындан тышкары 200 млн сомду табуу “Агропродкорпорация” ишканасына жүктөлгөн.

“Агропродкорпорация” ишканасынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, учурда дыйкандардан буудайды сатып алуу кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облусунан 500 тонна, Баткенден 100 тонна, Ош облусунан 105 тонна, Чүй облусунан 2,5 миң тонна буудай сатылып алынды. Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча кошумча маалымат берилет, деп билдирди “Азаттыкка” “Агропродкорпорациянын” өкүлү.

Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, жайды жайлай мээнет кылып өстүрүп алган буудайын базарда баалар 5-6 сом болуп жаткан чакта 10 сомдон өкмөткө өткөрүү ар бир эле дыйкандын бактысына туш болбой жатат. Анткени буудайдын 1 кг 10 сомдон сатып алуу үчүн кыргыз өкмөтү анын жогорку сапатта болушун талап кылууда. Башкача айтканда, буудайдын жабышкактыгы 23% кем эмес болуп, ун жасоочу жогорку класстагы дан болууга тийиш. Бирок дыйкандар өндүргөн буудайдын дээрлик 73% талапка жооп бере албай калууда.

Буудайдын сорттуулугун аныктоо үчүн “Агропродкорпорация” ишканасы жер-жерлерге атайын лабораторияларды ачкан. Ал жерлерде буудайын текшерүүдөн өткөргөн дыйкандар эгер даны талапка жооп берсе, 1 кг 10 сомдон сата алышат. Мындай лабораториялар түштүк Кыргызстан үчүн Кара-Суу шаарындагы ун комбинатында, Ысык-Көл, Нарын аймактары үчүн Балыкчы шаарындагы ун комбинатында, Чүй, Бишкек үчүн Бишкекте жайгашкан.

Буудайдын баасы кеткен чыгымдын жарымын жаба алган жок

Өкмөт Жалал-Абаттык дыйкандардан 3037 тонна эгинди он сомдон сатып алууну чечкен. Бирок Кыргызстандын башка аймактарындагы толгон дыйкандар сыяктуу эле Жалал-Абаддык дыйкандар да өстүрүп алган буудайын 10 сомдон өкмөткө өткөрө албай жатышат. Облустук бийликтин агрокомплекс бөлүмүнүн башкы адиси Акбарбек Көкөновдун билдиришинче, быйыл былтыркыдан 42 миң тонна дан ашыкча жыйналды. Облуста күздүк буудайга 42 340 гектар жер ажыратылган, дыйкандарга жетиштүү өлчөмдө үрөн жана миң тонна күйүүчү май базардагыдан арзан баада сунушталды:

- Буудай 151 500 тонна буудай өндүрүлдү. Былтыркыга караганда, ар бир гектарынан 4,5-5 центнерге көп болду. Кыргыз өкмөтүнүн буудайды 10 сомдон сатып алуу тууралуу токтому келген. Бүгүнкү күнгө чейин “Агропродкорпорация” тарабынан 300 кг буудай сатылып алынды. Үрөн менен дыйкандарды дээрлик 100% камсыз кылдык. Күйүүчү майды 18 сом 75 тыйындан алып атышат. Базардагы буудайдын баасы сапатына карап 5 сомдон 6 сом 70 тыйынга чейин болуп жатат.

Эгиндин көп жыйналганы менен аны сатуунун машакаты чыкты. Дыйкандар аны мээнетин актап, киреше алгыдай баага сата албаганына бушайман. Жалал-Абат базарында эки-үч апта мурун жети сомго чыккан буудай кайра арзандады.

Сузак районундагы «Тилек» аттуу үрөнчүлүк чарбанын төрагасы Бекболот Ибраимовдун ырасташынча, сузактык дыйкандар ушу тапта күздүк эгинди айдап-себүүнү баштай элек:

- Мамлекет ун жана дан азыктарын Казакстандан кымбат баага сатып келген ишкерлер менен иши болбой, ата мекендик дыйкандын мандай тери менен өстүргөн түшүмүн толук сатып алууга кызыкпай жатат. Майга бышырылган кичинекей нан буудайдан беш эсе кымбат. "Агроөндүрүш" корпорациясы аркылуу сатып алмак болгон өкмөттүн талабы күчтүү. Ал талапка туура келчү катуу буудай облуста өстүрүлбөйт. Жүз дыйкандын жыйырмасы гана ошол сынакка дал келген эгинди берүүдө. Демек эгини талапка жооп бербеген көпчүлүк дыйкан айла таппай калды. 3-класс деген буудайың 98% таптаза болушу керек. Натурасы 79%, жабышкактыгы 23% ашык болуш керек. Дыйкан бечара дагы күйүп атат. Мамлекет быйыл дыйкандарды колдобосо, эмдиги жылы буудай дагы 20 сомго чыгат, анткени дыйкандар буудай айдабайт, - дейт Бекболот Ибраимов:

Дыйкандар техника жетпеген жерлердеги буудайды кол менен орууга аргасыз
Президент Жогорку Кеңеште элге жасаган кайрылуусунда айыл чарбасында реформа болоорун айткан. Жалал-Абат мамлекеттик университетинде иштеген окумуштуу Зулпукар Аманкулов белгилегендей, тармакта түп-тамырынан бери өзгөрүү жасалып, экономикага мамлекеттин өзү кийлигишпесе, кымбатчылык заманда баалар бирде өсүп, бирде түшүп, дыйкандар эмгеги корголбой кала берет:

- Мамлекет көзөмөл кылбаса, азык-түлүк коопсуздугу бузулат. Азык-түлүк өндүрүүгө кеткен чыгымын актап төлөп берүүгө тийиш мамлекет. Мээнетине жараша төлөбөсө жыйынтык болбойт да, быйыл арзан, эмки жылы кайрадан асмандын башы болуп кымбат боло берет. Ошондуктан, мамлекет экономикага кийлигишмейинче биз алдыга жыла албайбыз.

Сузак районундагы Көк-Арт фермердик чарбасынын башчысы Тургамбай Аманбаевдин айтымында, жер айдоого күйүүчү май кымбат болуп, эгин өстүргөндөрдүн мээнети акталбады:

- Акталмак тургай, жарымын да жаба алган жок, быйылкы нарк менен. Президент эки ай мурун айткан:“дыйкандардын буудайын 10 сомдон кем эмес баада сатып алгыла”, деп. Мен былтыр 500 миң сом насыя акча алгам. Айдалбай жаткан жерлерди сатып алып, аларды иштетип буудай сепкем. 1 кг буудай алуу үчүн орто эсеп менен 7,5 сом чыгаша кетет. Жок дегенде насыя акчам жабылып калбады. Айыл чарба ишкерлерине, дыйкандарга эч кандай жардам болбосо кантип анан кийинки жылдары дыйканчылык кылабыз?

Нарында арак саткан дүкөндөр буудайды 4 сомдон алып атышат

Күз ортолоп калса да Ысык-Көл облусунун тоолуу деп эсептелген Ак-Суу районунда, Нарын облусунун тең жарымында буудайга
Тоолуу аймактарда буудайга али орок түшө элек
орок түшө элек. Ошентсе да кыргыз өкмөтүнүн дыйкандардан 3-класстагы буудайды 10 сомдон сатып алуу боюнча токтомуна ылайык Нарын облусунан 920 тонна буудай сатылып алынууга тийиш. Бирок дыйкандарды ойлондурган нерсе -3-класстагы буудайын тапшыруу үчүн Балыкчыдагы түйүнгө алып келүүлөрү керек.

«Республикалык айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк буудайын мамлекетке сатып алуу» жөнүндөгү КРнын өкмөтүнүн 4-сентябрда чыгарган буйругун аткаруу бир айдан өткөндөн кийин облустарга жаңы келди. Нарын облусунун дыйкандарынан ал буйрукка ылайык 920 тонна аштык буудай сатылып алынышы абзел. Бул көрсөткүч тапшыруучу буудайлардын 10 гана пайызын түзөт дегендик:

- Биздин облуска бар болгону 920 тонна бөлүнүптүр. Ошондуктан дагы бир 1000 тонна кошумча алуусун сурап атабыз.

Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков мамлекет, наркын 10 сомдон сатып алабыз буудайларды теңиртоолук дыйкандар Балыкчы шаарына жеткириши керектигине токтолуп, бул чалкеш кырдаал Нарын шаарында чечилсе деген үмүтүн билдирди.

- Биздин айыл өкмөттөргө, дыйкандарга ар бирине 100, 200 килден бөлүнгөн. Эми ошол буудайын жүктөп алып, Балыкчыга алып барса, жолуна кеткен акча 10 сомдон сатканын пайдасыз калтырат. Ошондуктан ушул маселени чечип, лабораторияны жакынырак жылдырып берсе, деп суранганбыз.

Ал эми элеттик дыйкандардын айрымдары быйыл буудай өндүрүү кыйынчылыгы келип чыккандыгын, мамлекет 10 сомдон аштык буудай алаарын укпагандыктарын, эгиндер орулбай, мал тоодон түшүп келгендигин, бир кило эгин 4-5 сом болуп жаткандыктарын билдиришет:

- Ак-Талаа районунан Үгүт айылынан болом. Мамлекет албайт. Биз өзүбүзгө жегидей эле айдайбыз. Ашык болсо базарга сатмакпыз, мамлекет алган жери жок. Базарда эң жакшы буудай 8 сом, болбосо 4-5 сомдон.

-Жерге-Тал айлынан болом, Таалайбек Сүйүновмун. Буудайды мамлекет алды дегенди укканыбыз жок. Комокто арак саткандар арпаны 3 сомдон, буудайды 4 сомдон алып атат. Картөшкө бүгүн базарда 5 сом. Элдин мээнети бүт тебеленди. Мына бүгүн кар түштү. Мал тоодон түшүп, четинен тебелеп атат. Мамлекет деле элге караган жери жок. Эл өз арбайын өзү согуп эле тирилигин кылып атат. Эгин чабылбай турат, комбайндар жок, болсо эски, бир күн иштесе, беш күн бузук. Айыл жерине жардам кылып, буудай алабыз деген эч ким жок. Базар аркылуу гана эптеп 3-4 сомдон сатып, тирилик кылып атабыз.

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Ажыбек Эсенгулов мамлекет 10 сомдон буудай аларын эшиткен. Бирок мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат ар айылга үлүштүрүлө келгенде, ал сумма эч кимдин деле тагдырын чечпестигин айтат:

- 10 сомдон алат деген имишти уккам. Бирок 20 миң сомго кимдин буудайын алып жетишет? 1-2 млн сом болсо бир жөн...

Ошентип азырынча Теңир Тоо жергесинде дыйкандардан 10 сомдон аштык буудай данын сатып алуу көрсөтмөсү жаңы келди. Бирок алдыда дагы кат жазуулар айыл өкмөттөргө жетип, алар аныктап, анан башкысы эгин кабыл алуу кампа Нарын шаарында чечилиши абзел.

"Азаттыктын" архивинен: Азаттык+: Жаз жарыш

Тасмада: Бекболот Солтобаев Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынан ижарага 2,5 гектар жер алып арпа себүүдө. Анын айтымында, быйыл күйүүчү май арзан болсо да дан кымбат. МiT.


Сапаттуу буудайды кооперативдер гана бере алабы?

Ош облусунун дыйкандары өндүргөн данын 10 сомдон сатуу үчүн алгач Кара-Суу шаарындагы буудайдын сорттуулугун аныктоочу лабараторияга алып келип, текшерүүдөн өткөрүүлөрү тийиш. Андан кийин эгер талапка жооп берсе 10 сомдон сата алышат. Облус губернаторунун айыл чарба иштери боюнча орун басары Алымкул Кулуевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүнкү күнгө чейин Ош облусу “Агропродкорпорация” ишканасы аркылуу 100 тоннадан ашык эгинди 10 сомдон сатууга жетишти:

- Облустагы дээрлик бардык райондордо буудай айдалат. Бирок алыскы райондордон Кара-Суу шаарына лабораторияга алып келип, анысы талапка жооп бербей кыйналбасы үчүн айыл өкмөттөр, акимдер аркылуу талап кылганбыз: алар буудайлары жогорку сапатта болгон дыйкандардын тизмесин берүүгө тийиш. Ошондой эле айыл округ башчылары менен акимдер дыйкандардын буудайларын Кара-Сууга жеткирүүгө да көмөктөшүүсү айтылган.

Губернатор орун басарынын айтымында, талаптагыдай жабышкактыгы 23% кем болбогон, 3-класстагы буудайды негизинен кооперативдер өткөрүп жатышат:

-Чынын айтуу керек, талапка жооп берген жогорку сапаттагы буудайды негизинен айыл чарба кооперативдери өткөрүп атышат. Анткени алар буудай өстүрүүдөгү талаптардын баарын аткарып, бир нече жолу жер семирткич сээп, эрежелерди туура пайдаланышкан, -дейт Ош облусунун губернаторунун орун басары Алымкул Кулуев.

"Жабышкактыгы 23% кем эмес, 3-класстагы аштык буудай болсун деген куру шылтоо"

Жабышкактыгы 23% кем эмес, 3-класстагы аштык буудайды талап кылуудан мурун өкмөт алгач дыйкандарга ошондой жогорку сапаттагы буудайдын үрөнүн арзан баада алууга жардам берип, анан түшүмдүн сапатына талап койсо болмок, деген нааразы кептер да жок эмес.

Окумуштуулар болсо, мындай жогорку сапаттагы буудайдын үрөнү Кыргызстандын өзүндөгү Илим изилдөө институттары тарабынан сунуш кылынып келе жаткандыгын, бирок ага көңүл бурган эч ким жок экенин айтышат.

Мурдагы айыл чарба министри, айыл чарба илимдеринин академиги Жамин Акималиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кыргызстанда себилип жаткан буудай үрөндөрүнүн сорттуулугу жабышкактыгы 23% кем болбойт:

Биздин чыгарып жаткан сорттордо, үрөндөрдө жабышкактык 23% төмөн деген –куру шылтоо, суу кечпеген сөз.
- Буудайдын жабышкактыгы жок дегенде 25-26% болуш үчүн эгинди жакшылап сугаруу керек. Быйыл кудайга шүгүр суу мол болду. Эң негизгиси –жер семирткичтен да өксүк болбоого тийиш. Азотту эки жолу чачса, жабышкактын курамы 28% жетип барат. Биздин чыгарып жаткан сорттордо, үрөндөрдө жабышкактык 23% төмөн деген куру шылтоо, суу кечпеген сөз. Өткөн жылдары буудай тартыш болгондо кыргыз өкмөтү Казакстандан, Орусиядан 400 миң тонна буудай сатып алган. Эмне үчүн ошондо эч кандай талап коюлган жок? Болгонун баарын унчукпай алган. Элдин эсинде, ошондо өкмөт дыйкандардан буудайды 17 сомдон сатып алууга убада берген, кийин аны 10 сомго түшүрүштү. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз дагы аракеттенип жүрүп, дыйкандарды күздүк эгинди көбүрөөк айдоого көндүрдүк эле. Анткени күздүк буудай түшүмүнүн сапаты да, түшүмдүүлүгү да көп болот. Анан кантип 23% жетпейт жабышкактыгы? Мындан көрө мамлекет элди алдап, ар кайсы шылтоонун башын бир айтпай, “албайбыз” деп эле койсо болмок. Элдин бийликке ишеничи дагы жоголо турган болду.

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы жылы жалпысы болуп 1,2 млн тонна эгин жыйнап алуу максатталууда. Анын ичинен 925 миң тоннасы буудай, 259 миң тоннасы арпа жана башка дан эгиндери болот. Ал эми ушул тапта дыйкандар күздүк буудай айдоонун камын көрүп жатышат. Бирок дагы деле баягы маселе: сапаттуу үрөн, күйүүчү май баасынын кымбаттыгы дыйкандардын кендирин кесип турат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG