Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Эки жумадан ашуун газсыз калган Ош шаарына кайрадан көгүлтүр отун бериле баштады. Бишкекте карызы барлар көгүлтүр от пайдалануудан четтетилүүдө.

Кыш жакындаган сайын Кыргызстанда энергетика, отун маселеси эмнегедир кыйындай баштагансыды. Мурдагы жумаларда Өзбекстан көгүлтүр отун үчүн 19 млн. долларга жеткен карызын тез арада төлөөнү талап кылган болсо, акыркы убактарда өзбек өкмөтү Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыга тургандыгын жарыя кылып, бул дагы кыргызстандык энергетиктерди бир кыйла бушаймандыкка салып турган учур.

Көгүлтүр отко карызды төлөөнү талап кылып өзбектер 25-сентябрдан тарта түштүк Кыргызстанга газ берүүнү толук токтоткон. Ал эми Бишкек менен Чүйгө берилип келген жаратылыш газын 30% кыскарткан. Бул аралыкта суюлтулуп, атайын баллондордо сатылуучу газдын баасы Бишкекте 30-40% өсүп кетти.

Бишкек менен Чүйдү жаратылыш газы менен камсыз кылуучу “Кыргызгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, керектөөчүлөрдүн ишканага бересеси 5 млн. долларды түзөт. Өзбекстан тараптан кысым боло баштагандан бери жергиликтүү газ берүүчүлөр да карызы бар абоненттерин көгүлтүр от пайдалануу укугунан ажыратуу жана башка жолдор менен аласасын жыйноого киришти. “Кыргызгаз” ишканасынын акыркы маалыматтарына караганда, ишканага карызы бар абоненттеринин саны 11,5 миңге чукул.

Бул аралыкта көгүлтүр отту үзгүлтүксүз берүү тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү болуп, Кыргызстан Өзбекстанга 19 млн. доллар карыздын 5 млн. долларга жакынын төлөп берди. Ошентсе да өзбек өкмөтү кыргыз кесиптештеринен карызды төлөөнүн так графигин талап кылуу менен Кыргызстандын түштүк борборуна газ берүүнү улантты. Дээрлик 20 күндөй көгүлтүр отсуз калган Ош шаарында негизги күч электр энергиясына түшүп, натыйжада бир катар электр бөлүштүрүүчү трансформаторлор иштен чыкты.

Ош газды жарым-жартылай алып жатат

Кыргызстандын түштүк баш калаасы көгүлтүр от үчүн карыздын 14 миллион сомун төлөдү. Дагы 70 миллион сомду чогултуу аракети күчөдү. «Кыргызгаз» ишканасынын узакка созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин Өзбекстан 13-октябрдан баштап Ош шаарына жарым-жартылай газ бере баштады. Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык көгүлтүр от менен көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар камсыз болууда.

«Ошгаз» башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жергиликтүү бийлик газды көп кабаттуу үйлөргө гана берүүнү чечти:

- Биз Өзбекстанга 1991-жылдан берки карызды төлөй албай аткан соң, бизде башка арга жок болуп калды. Анткени карыздын көпчүлүгү жеке үйлөрдө жашагандар тарабынан төлөнбөгөн. Өнөр-жай, коомдук тамактануу мекемелери, ар кандай мамлекеттик мекемелер да газдын баасы кымбат болгонуна байланыштуу былтыртан тарта аны пайдалануудан баш тарткан. Ошондуктан, акыры ушундай чечимге келдик, газ көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына гана берилет. Бул жерде эч кандай саясий негиз жок. Өзбекстандын “Узтрансгаз” ишканасы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ошко күнүнө 30 миң куб көгүлтүр от алууга жетиштик. Бул –керектүү газдын жарымы.

Шаар бийлиги маалымдашынча, ушул жылдын 23-сентябрынан бери газсыз калгандар электр кубатын көбүрөөк пайдаланууда. Ушундан улам жер-жерлердеги трансформаторлорго күч келип, жарылган учурлар арбын катталууда. Күйгөн жабдыктарды ремонттоо же алмаштыруу олчойгон каражатты талап кылууда. Деген менен эки күндүн биринде электр энергиясы жок олтурган калктын калың катмары жеңил маселени абдан татаалдаштырып жибергендиги үчүн өкмөттү айыпташууда:

- Газ болбогону кары-картаң адамдарга кыйын экен. Себеби эки күндүн биринде жарык өчөт. Ошондуктан, ардагерлерге, бизге окшогон карыяларга өтө оор болуп атат. Ушул жагын да караштырса болмок экен өкмөт. Кыргыз өкмөтү чындыгында Өзбекстан мененби, Казакстан мененби сүйлөшүп, келишип, чечип койсо болот эле, - деп тызылдады эмгек ардагери Мансур Усманов.

Калаанын дагы бир жашоочусу Бахрам Амиржановдун баамында, кыргыз бийлиги чукул чараларды көрбөсө, кышта калк мындан беш бетер кыйналып калаары шексиз:

- Менимче, газ акысын карапайым адамдар убагында төлөшөт. Тилекке каршы, жогорку кызматтагы кишилер өз мезгилинде эсептешпегендиктен, алардын бересеси кырк же элүү миң сомдон ашып түшкөндүгү жалпыга маалым. Ошондуктан, мындай тоңмоюн аткаминерлерге карата катаал чараларды көрүү зарыл. Антпесе, босогодо – кыш жана жылытуу сезону. Көгүлтүр от жер үйлөрдө эбак өчкөн. Суюлтулган газ жагалы десек, былтыр жыйырма килолук баллондун наркы 370 сом эле, быйыл 500 сомго көтөрүлдү. Бирок ал дагы жок. Кудайга шүгүр, көмүр арзан, эгерде акыбал ушул тейде уланса, «кара алтын» сөзсүз кымбаттайт. Анда элдин эле шору, -деп коңгуроо какты Бахрам Амиржанов.

Экинчи борбордун дагы бир жашоочусу Абай Эшмаматов быйыл суук эрте түшкөндүгүн белгилеп, элди отун менен камсыз кылуунун башка варианттарын караштыруу керектигин кулак кагыш кылды:

- Кыргыз бийлиги өзбектердин газына жарандарын көз каранды кыла бербей, мунун башка бир альтернативдүү жолдорун табышы керек. Менин укканым боюнча Кыргызстандын түштүгүндө 80ге жакын чакан ГЭСтерди курса болот экен. Демек, мына ушундай жолдор бар, аны издеп, изилдеп, ишке ашырууга аракет кылуу гана керек. Жалаң электрлештирилген болсо, биздин Өзбекстандын газына күнүбүз түшпөйт эле.

Ал эми «Ошгаз» башкармалыгы ырасташынча, акыркы мезгилде коммерциялык жоготуу элүү пайыздан отуз төрт пайызга түшүрүлдү, ошого карабастан мындай аракет проблеманы азайтууга жараган жок. Ошондуктан, оштуктар көгүлтүр от үчүн убагында эсептешпесе, Өзбекстан жаратылыш газын каалаган маалында жаап ташташы күтүлүүдө:

- Өзбекстан тарап эгер биз карызды өз убагында төлөп кутула турган болсок, келерки жыл үчүн газдын баасын быйылкыдан арзаныраак берүүгө макул болуп жатат. Эгер карызды төлөй албасак, албетте күтүүсүздөн жаап коюлары да толук ыктымал, -деп эскертти «Ошгаз» башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов.

Кычыраган кышта “жалп” өчө көрбө...

Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отун үчүн миң кубуна 240 доллардан төлөйт. Былтыр баа 145 доллар болчу. Буга байланыштуу “Кыргызгаз”, “Ошгаз” ишканалары керектөөчүлөргө улам кымбатыраак баа коюп, сатууга аргасыз. Былтыркы жылы жаратылыш газын пайдаланган шаардыктар кубуна 5 миң 60 тыйындан төлөп келишсе, үстүбүздөгү жылы 7 сом 50 тыйындан төлөп жатышат. Ал эми суюлтулуп, баллондорго куюлуп сатылган газдын 10 кг. -300 сомдон 350 сомго чейин сатылууда. Ошентсе да шаардыктарды кышында Өзбекстан газ бербей коет экен деген тынчсыздануу кабатыр кылып турган учур.

Кычыраган кыш күнүндө көгүлтүр отту жалп өчүрүп салуу Өзбекстан тараптан буга чейин да болуп келгендиктен, бул маселе кыргыз өкмөтүндөгү тиешелүү адамдарды да тынчсыздандырып жаткансыйт. Анткени өзбек тарап 19 млн. доллар карызды төлөбөсөңөр деп туруп, түштүккө газ бербей, Бишкек менен Чүйдүн энчисин 30% кыскарткандан бери кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү Өзбекстанга байма-бай каттап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өткөн аптада “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев Ташкенге барып, көгүлтүр отун үчүн 4,6 млн. доллар төлөп келгендигин аталган ишканадан кабарлашкан.

Бул аралыкта өзбек өкмөтү жалгыз Кыргызстан үчүн гана эмес, Казакстан үчүн да күтүүсүз дагы бир чечимин жарыя кылды. Алар Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыга турганын маалымдады. Адистердин айтуусунда, өзбектердин бул кадамы Кыргызстанга жана Казакстанга зыянын тийгизет. Коңшулардын Чимкент, Тараз сыяктуу түштүк облустары жарыксыз кала турган болсо, Кыргызстан Токтогул ГЭСи тарабынан иштелип чыккан электр энергиясынын 30% - 40% кайда сарптаарын билбей отурат. Мынча электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн сарпталган сууну жөн гана Нарын дарыясы аркылуу агызып жиберүүгө аргасыз болобуз дейт мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов.

Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Өзбекстандын жаңы курулган “Нова-Ангрен” ГЭСи Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасын алмаштыра албайт:

- Өзбекстандын энергетиктери оор салмактуу, келечегин ойлоп, иш жасаган адамдар. Ошондуктан, мен ишенем, алар дагы баарын салмактап көрүшөт деп. Анткени эгерде бизди үзүп салса, энергосистема линиясында 50 Герц деген бар, эгер көрсөткүч 50 Герцтен төмөн түшүп аткан учурларда алар бизден улам сурап, “жогорулатып койгулачы, жыштыкты кармап бергилечи,” деп кайрылып турушчу. Биз Токтогул суу сактагычынан энергияны көбүрөөк чыгарып, алардын өтүнүчүн аткарып, көбөйтүп берип турчубуз. Ошондуктан, өзбектер такыр эле бизди кесип салып, “силер менен иштебейбиз” деп айта албайт. Эмнеге дегенде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын электроэнергосистемасы мурдагы Союз мезгилинде түзүлгөн. Анда системанын схемасы да ошого ылайыкталып, атайын айлампа болуп түзүлгөн. Ошондуктан, андан чыгуу –жөнөкөй нерсе эмес, -дейт Базарбай Мамбетов.

Ошентсе да Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгуу демилгеси кыргызстандык аткаминерлерди тынчсыздандырып турат. 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун маалыматы боюнча, бул маселени жана көгүлтүр отун көйгөйүн расмий Ташкент менен сүйлөшүп, чечип келүү үчүн 16-октябрда энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри И. Давыдов менен “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси С. Айтикеев Өзбекстанга учуп кетишкен. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. Кийинки аптаны күтө туралы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG