Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Апта: “Максимум” Максим, шектенген Кремл, чачкын оппозиция


Максим Бакиев жогорку кызматка дайындалды. Россия менен аткарыла турган долбоорлор аксоодо.Оппозиция чачкындуу бойдон калууда.

Салкындаган кыргыз-орус мамилеси

Кыргызстан менен Россия аткарууну болжогон энергетика жана аскердик багытта долбоорлор кечеңдеп жатат. Эки тарап көздөгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, “Кыргызгазды” менчиктештирүү, түштүк региондо газ кендерин геологиялык чалгындоо боюнча долбоорлор кыймылсыз турат. Ал эмес түштүк региондо аскердик базаны ачуу боюнча конкреттүү датасы коюлган меморандумду аткаруу максатында бир да кадам жасалганы байкала элек.

Мына ушунун айынан быйылкы жылдын февраль айында Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин Москвадагы
жолугушууларынан соң өр ала баштаган эки тараптуу кызматташуулар эмне себептен деми кайтып калды деген суроо пайда болуп турат.

Буга Манас аба майданындагы АКШнын аскердик базасынын аты өзгөрүп, өзү кала бериши таасир эттиби? Же Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга кескин каршы чыккан Ташкендин таасири күчтүү болдубу? Же Россиянын 300 миллион доллар насыясы Кремлдин келишкис душманы болгон Борис Березовский менен байланышы бар деп шектелген менчик MGN GROUPтун колуна түшүүсү орус тарапты иренжиттиби? деген суроолор пайда болууда.

Ишкерлик келишимдерден сырткары түштүк региондо аскердик база ачуу боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү да ордунан жылбай турат. Август айынын башында Кыргызстанда Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев кол койгон меморандумга ылайык базаны ачуу боюнча келишимге тараптар 1-ноябрга карай жетишиш керек эле. 1-ноябрь келди. Ал эми келишим тууралуу кабар жок.

Бул арада орустун такыр баштары кыргыз эмгек мигранттарына чабуулду күчөтүп, октябрь айынын ичинде эки кыргызды өлтүрүштү. Бул өз кезегинде такыр баштардын жогору жактан башкарылуусунан же алардын саясий мамилелерге өтө дыкат байкоо салып турушунан кабар берип турат.

Саясат таануучу Токтогул Какчакеев АКШы базасынын "Манаста" кала бериши кыргыз-орус мамилесинин өнүгүү динамикасына терс таасирин тийгизди деп эсептейт:

- Ошол саясаттардын ичинде биздин кылт этмелигибиз орус мамлекетине жакпай тургандыгы айгине болуп жатат.

Бирок кыргыз бийлиги Москвага “ак чөп башта” дегендей белги берип, Испания жана Франция аскерлеринин "Манаста" кала беришине уруксат берген жок. Бул эки өлкөнүн аскерлери Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу жума башында, 26-октябрда маалымат чыкты.

Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков орус тарапты 300 миллион доллар насыяны Бишкекте менчик колдорго берилип кетиши иренжитип турушу ыктымал дейт:

- Ар бир өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдер, убадалар так аткарылып, бири-бирине ишеним көрсөткөндө эки жактуу кызматташуулар абдан жакшы өнүгөт. Эми азыр мындай карап көргөндө биз тараптан анча-мынча туура эмес иштер болуп жатат. Жанагы насыяны берип жатканда ойлонулган да, эми булардын өкмөтү эл үчүн иштетип алат деп. Биздин бийлик болсо аны жеке менчик адамдардын колуна өткөрүп атат. Ушунун негизинде айтаарым, бардык маселелердин токтошу ушуга тиешеси бар болуп жаткандай. Орус бийлигинин ичинде “Азияуниверсалбанкка” анча-мынча иштерди козгогон адамдар да бар. Мен ойлойт элем, ушунун баарын изилдеп көргөндөн кийин орус бийлиги тайсалдап, бул акчаларды туура эмес иштетишет деп, убактылуу токтотуп калса керек.

Кандай болгон күндө да стратегиялык өнөктөш болгон кыргыз-орус мамилесинин динамикасында жайлоо орун алганы айкын болуп турат. Ал кайсы тарапты карай өзгөрөт. Аны эми мезгил көрсөтөт.

Максимдин “максимум” бийликке келиши

Ал эми ички саясатта узап бараткан жумада президенттик реформанын маани-маңызын ачкан кадрдык дайындоо болду. Президент Курманбек Бакиев кенже уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттиктин башчысы кызматына дайындады. “Жогорку өкмөт” деп аталган борбордук агенттик активдерди кайда жумшоону, кайсы программаларды турмушка ашырууну ишке ашырат.

Эгерде Данияр Үсөновдун өкмөтүн элестүү айтканда “оту менен кирип, күлү менен чыккан күңдү элестетсе”, Максим Бакиевдин агенттиги акчаны кайда жумшоону чечкен мырза ролунда болот. Анткени өкмөткө салык, бажы төлөмдөрүн жыйнап, пенсия, айлык акы төлөө, кышка отун-суу камдоо маселеси эле калды. Ал эми уулу Максим башкара турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттике кандай ыйгамдарын бериле турганын Курманбек Бакиев 20-октябрда мындай ачыктаган эле:


-Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги Президенттин Институтунун дагы бир органы болуп калат. Ал экономиканы кайра куруу, стратегиясын түзүү, бизнести жана ишкердикти колдоо, технологиялык жана социалдык прогресстин муктаждыктарына, аймактардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана ресурстарды арттыруу максатына жараша инвестиция тартуу менен алектенет. Агенттик ошондой эле өнүктүрүү бюджетин даярдоону жана координациялоону колуна алат, улуттук экономикалык программаларды, улуттук инфраструктуралык долбоорлорду, инвестициялык программаларды, бизнес чөйрөсүн жакшыртуу сунуштарын иштеп чыгат.

Максим Бакиевдин көмүскө башкаруудан ачыктыкка чыкканына түрдүү пикирлер айтылууда. Кээ бирөөлөр жогорку кызматка дайындалган Максим Бакиев эми жөндөмүн көрсөтүш керек дешсе, башкалар бийлик уятты унутту, үй-бүлөлүк башкаруу ого бетер күчөдү деген ойду айтып жатышат. Маселен, “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов:

- Бул эми ишкер катары өзүн көрсөтө алып, сырттагы ишкерлер менен иштеп жүргөнү белгилүү. Ошондуктан бул дайындоо Кыргызстанга инвестиция тартып келүүгө жана экономиканы көтөрүүгө жардамы тиет. Инвестициялык фонд бул мамлекеттик башкаруу эмес. Тескерисинче Кыргызстанга инвестицияларды тартып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө болгон аракеттердин бири.Эгерде премьер-министр коюлса бул башка кеп. Же өкмөттүн мүчөсү болуп, министр болуп. Бул жерде тескерисинче. Мен ойлоймун, бул өзүн көрсөтсүн. Эгерде мыкты сырткы ишкерлер менен иштеп, инвестиция тартып келсе, биз аны колдошубуз керек.

Улукбек Ормонов негедир, Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси өлкөнүн эң орчун маселелерин талкуулай турган Президенттик кеңешменин мүчөсү болоорун, улуттук долбоорлор, өнүктүрүү бюджеттерин Өнүктүрүү агенттиги аныктарын унутуп койгондой.

Улукбек Ормонов сыяктуу пикирлерин “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, саясат таануучу Жолборс Жоробеков билдирген.

Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков Максим Бакиевдин жогорку кызматка дайындалышын мындай баалады:

- Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик кызматта иштегенге Конституциялык, мыйзамдык акысы бар.Буга каршы бирдемке деш кыйын. Бирок Өнүктүрүү агенттигине уулун алып келгени менин оюмча, моралдык жактан, этикалык, нравалык, адамдык, мыйзамдык жактан туура эмес. Себеби дегенде ал түздөн-түз президенттин кол алдында иштей турган чоң агенттиктин башчылыгына дайындалып жатпайбы. Экинчи жагынан, кызматка дайындаганда ал кайсы бизнесте иштегенин, ошол жерде канча кыргыз жараны иштеп жатканын, канча салык төлөнгөнүн, конкреттүү түрдө кандай инвестиция алып келгенин элге жакшыраак көрсөтүп айтса болот эле. Үчүнчүдөн, мына ушундай ачыктык жок болгондон кийин, мыйзамдар бузулуп, Конституция тепселип жактандан кийин эл ичинде ой-пикир туулуп калууда-бул келечекте өз бийлигин баласына ташатп кеткенге жасаган кадам деген.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Максим Бакиевдин үлкөн кызматка дайындалышына мындай баасын берген:


- Мамлекет башында турган адам моралдык жактан элдин астында абдан жооптуу да. Анткени элдин жүгүн, милдетин алып башкарам деп отурат. Өзү дагы шайлоо астында элге убада берген, мен келгенде жаңыланууну кылам, жаңы багытты аныктадык, ошол боюнча иштейбиз деп. Мамлекет башында турган адам эл менин кылган иштеримди, кыймыл-аракетимди кандай кабыл алат деп сөзсүз түрдө ойлош керек. Өзүнүн кадамын элдин багыты, мүдөөсү менен салмактап туруш керек. Бул бир жагы. Экинчи жагы, бийлик ортосунда, өзгөчө мамлекеттик бийлик ортосунда тең салмактуулук анан бирин-бири көзөмөлдөп туруу болуш керек. Ачык айтыш керек, реформадан кийин көп укуктарды өзүнө алып алды. Эми өзүнүн кичүү баласын жогорку мамлекеттик кызматка койду. Ал президенттик кеңештин мүчөсү да болуп калды. Ал өзү айтты, эми эң негизги иштердин баарын тең ошол президенттик кеңеште талкуулап туруп анан кабыл алабыз деп. Ушуга караганда, мен ойлойм, коомчулукта терс кабыл алуу болот. Бул Бакиевге аброй алып келбейт.

Чачкын бойдон калган оппозиция

Оппозиция лидерлери бийликтин реформаларын сынга алган менен уюшулган түрдө баа бере алган жок. Бул оппозициянын дагы эле чачыранды бойдон калганын, бир партияга биригүү тууралуу кыялдардын турмушка ашуудан өтө алыс экенинен кабар берет.

Айрым маалыматтарга караганда, мурда катуу жарыяланган “Ата мекен” социалисттик партиясы менен Социал-демократиялык партиянын биригүүсү алга жылбай турат. “Ата мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев биригүү маселеси өтө татаал экенин буга чейин эле билдирген.

Социал-демократтар болсо Балыкчыдагы соттук териштирүүлөрдөн бошой албай жүрүшөт. Анын үстүнө Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, Караколдо тергөө абагында кармалып турган 11 киши 26-октябрда кечке жуук ачкачылык акциясын баштап, 28-октябрда токтотушту. Акцияга чыккандар соттук адилеттүүлүктү талап кылышты. Ачкачылыктын токтотулуш себеби тууралуу адвокат Айбек Жанузаков буларды билдирген:

- Адамдардын ден соолугу өтө начарлап кеткендигине байланыштуу ачкачылыкты токтотууга аргасыз болушуптур. Мен кечээ ачкачылык кармагандардын бири Бообеков Мирлан менен маектештим. Абакка атайын бардым. Абактын жетекчиси Эрнис мырза менен да маектештим.

Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев калыстык жоктуктан ачкачылык жарыяланганын белгилеген:


- Кечээ “ушундай ачкачылык жарыялайбыз” деген кабар келиптир. Кайгырып атабыз, анткени мен өзүм дагы сурангам эч нерсе баштабай тургулачы деп, чыдабай кеткен го жигиттер. Анткени такыр эле калыстык, чындык жок болуп атпайбы. Азыркы бийликтен үмүт үздүк деп айтсак болот. Кудайдан эле коркпосо билбейм, мыйзам дегенине карабай эле буйруктарды аткарып атат.

Балыкчы, Петровка айылындагы окуялар боюнча соттук жараяндар ноябрь айынын башында кайрадан уланат. Ал эми БЭКтин лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу соттук жараян ушул ноябрь айында аягына чыга турган болууда. Белгилүү болгондой Исаковдун соту жети-сегиз айдан бери уланып келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG