Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Өнүктүрүү фонду акчаны оң-сол чачпайт


Фонддун акчасы коммерциялык банктар аркылуу ири үстөк пайыз менен да берилбестигин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчи орун басары А. Елисеев СДП фракциясынын жыйынында билдирди.

11-ноябрда Социал-демократиялык фракциянын жыйынында Өнүктүрүү фондунда корпоративдик технологияларды колдонуу маселелеси каралды. Белгилүү болгондой, Өнүктүрүү фонду тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси парламенттин башка фракцияларында талкууланганы менен Социал-демократтар фракциясы бул маселени караган эмес. Ага карабай парламенттин жалпы отурумунда бул мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушун алып, кабыл алынып кеткен.
Алексей Елисеев

11-ноябрдагы жыйынында социал-демократтар фонддун мурдагы жетекчиси, азыр Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчи орун басары болуп эсептелген Алексей Елисеевге түрдүү суроолорду жаадырышты. Социал-демократ депутаттарды фонд жабык акционердик коом болуп аталып, ал эми анын акционери кыргыз өкмөтү деп саналса да, өкмөткө тиешелүү долбоорлорду фонд каржылабайт деп жазылып турганы кызыктырды.

Мындай суроолорго жооп берген А. Елисеевдин айтуусунда, Өнүктүрүү фондунун акчалары өкмөттүн ар кандай керектөөлөрүнө жумшалууга тийиш эмес, фонд ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигин да каржылабайт:

- Өнүктүрүү фондуна экономиканы жана экономикалык тармакты өнүктүрүү милдети жүктөлгөн. Буга бөлүнгөн каражаттар да максаттуу жумшалууга тийиш. Өкмөттө жана башка башкаруу органдарында өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат күнүмдүк керектөөгө жумшалып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, мыйзамда да ушинтип жазылган.

А. Елисеевдин айтымында, Өнүктүрүү фонду бюджеттеги жетишсиздикти да толуктап бербейт, а түгүл өлкөнүн Өзбекстанга газ үчүн болгон карызын да төлөп берүүдөн баш тарткан. Анын маалыматы боюнча учурда фонддо 600 млн. сом бар.

Өнүктүрүү фонду Жерүй алтын компаниясынын акцияларына толугу менен ээ болгондугу тууралуу маалымат тараган. Фонддун мурдагы жетекчиси болуп эсептелген А. Елисеев бул боюнча да депутаттарга маалымат берип кетти. Анын айтуусунда, фонд Жерүйдүн акционери болууга аракет кылган жери жок, бирок алтын кенди иштетүүгө ыңгайлуу инвестор таап берүүгө аракет кылууда:

- Жерүй алтын кенине ар кайсы ишкана ээлик кылып келген бир канча жыл ичинде иш бир метр да илгери жылган эмес. Ошондуктан, Өнүктүрүү фонду кенди эртерээк иштетип, мамлекетке тиешелүү пайда алып келүү үчүн ылайыктуу инвесторду табууну максат кылды. Бирок биз Жерүй алтындын акционерлери эмеспиз.

А. Елисеев азыр үч кызматты аркалайт. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчи орун басарлыгынан тышкары ал БШКда мүчө, “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы милдетин да аткарат.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Роза Отунбаева андан саясатка кийлигишпей эле, жакшысы экономиканы өнүктүрүүгө баш-оту менен киришүүнү сунуш кылды:
Роза Отунбаева

- Албетте, сиз жашсыз, ал-күчүңүз көп. Бирок ошентсе да баарыңардын жети башыңар барбы? Жок да. Ошондуктан, сиз БШКдан чыгып эле, саясатты жөн коюп, экономика менен алектенбейсизби?

Р. Отунбаеванын сунушуна А. Елисеев БШКдан чыгуу тууралуу арызын бергендигин айтып жооп кылды. Ал эми “Кыргыз алтын” ишканасында ал жетекчилик кылууну уланта бермекчи.

Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү директорлор кеңешинин башында Максим Бакиев турат. Ошондой эле кеңештин курамында АКШдан жана Украинадан чакырылган адистер бар. Алексей Елисеев алардын жогорку билимдүүлүгүн, адистигин мактап, бирок аларга канча айлык маяна коюлгандыгын ачыктагысы келбеди.

Депутат Роза Отунбаева эгер Өнүктүрүү фондунда иштөөгө сынак жарыялап, азыркы жетекчилер алып жаткан айлык маянаны коюп берсе, АКШ баштаган бир катар батыш өлкөлөрүндө алдыңкы окуу жайларда окуп жүргөн кыргызстандык жаштар деле буга татыктуу адис болуп бере алмак деп эсептейт:

- Сиз бүгүн фонддун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө ачык сынак жарыялап көрүңүзчү? Көрөсүз анан, бүгүн кыргызстандык жаштар дагы көптөгөн алдыңкы окуу жайларын аяктап, азыр дүйнөнүн түркүн жерлеринде жооптуу кызматтарда иштеп жүрүшөт. Биздин Нью-Йоркто, Лондондо, Франкфурт-на-Майнеде банктарда жана башка мекемелерде иштеген балдарыбыз көп. Ачык сынак өткөрүңүз, анткени жаңы жүз, жаңы кадрлар керек деп өзүңүз айтып атасыз.

Өнүктүрүү фонду Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигине баш иет. Аталган агенттик жаңы жылдан тарта ишке киришет деген төрт долбоорду ачыкка чыгарды. Негизинен айыл чарбасын көтөрүүгө жана элди арзан турак-жай менен камсыз кылууга багытталган бул долбоорлор канчалык деңгээлде ишке ашат, аны көрө жатарбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG