Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Кыргызстанда IT технология базары өнүгүүнүн үстүндө. Ушул тапта интернет аркылуу пайдаланылуучу бардык тармактар өлкөнүн дээрлик бүт аймагын камтыганы менен алардын сапатына нааразылыктар күч. Ошондой эле программа жазган адистер Кыргызстанда бул үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгүн, өтө оор программалар үчүн аябай аз акча сунуш кылынарын айтып, нааразылыгын билдирип келишет.

Дүйнө интернет ааламына чулганып жаткан учурда Кыргызстан да бул үлүштөн кем эмес. Коомчулукта “Виртуалдуу” деп аталып жүргөн интернет дүйнөсү менен биздин мамлекет байланышканына 15 жылдан ашык убакыт болду. Ошентсе да Кыргызстанда ИТ технологиялар башка коңшуларына салыштырмалуу өнүгө электиги интернеттин ылдамдыгынын жайлыгы жана виртуалдуу дүйнөгө кошулуунун өтө эле кымбаттыгы менен байланыштырылып келет.

Мына ушул кенемтени толтуруу жана өлкөдө маалыматтык технологияларын өнүктүрүү максатында кыргыз бийлиги атайын бул багыттагы Технопарк түзүүнү, аны Улуттук илимдер академиясында ачууну көздөөдө. Учурда буга байланыштуу мыйзам долбоору ЖК депутаттары тарабынан иштелип жатат. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алмазбек Каримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча технопаркты өнүктүрүүгө мыйзамдуу жол салып берүү керек:

-Эң негизгиси ошо мыйзам жолуна салып берүүнү максат кылып жатабыз. Кыргыз өкмөтү бул үчүн 5 млн. сом бөлүп жатат, бирок биз үчүн бул аз. Ошондой болсо да азырынча IT технопаркын академиянын базасында баштап туруп, ошондон ары өнүктүрүп кетсе болот. Ал үчүн чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн биздин интеллекти жогору балдар-кыздарды чакырып, андан сырткары программаларды жазуу менен көмүскөдө иштеп жаткан атамекендик ишкерлерди колдоп, ушул тармакты өнүктүрсө болот.

Алмазбек Каримовдун белгилегени боюнча азыр технопаркты куруп, өнүктүрүүгө каражатты аябоо зарыл, анткени бул тармак келечекте өлкөгө миллиарддаган инвестицияларды алып келе алат.

Технопарк ишке кирип, өз жемишин бергенче Кыргызстанда жок дегенде интернет маселеси жөнгө салынса жакшы болмок деген пикирлер арбын. Буга интернет ылдамдыгынын өтө жайлыгы, ошол эле учурда баалардын кымбаттыгы негизги себеп катары айтылууда.

Ылдамдыгы начар, баасы кымбат

Атайын иликтөө жүргүзгөн уюмдардын ырастоосуна ылайык, Интернет колдонуучулардын саны эң көп аймак катары борбор шаар Бишкек эсептелсе, андан кийинки эле тепкичте Ош аймагы турат. Адистер өлкө боюнча Интернет керектөөчүлөрдүн дээрлик 30 пайызга жакынын Оштуктар түзөрүн белгилешкен.

Ош шаарынын өзүндө эле жыл санап “Интернет кафелердин” саны артып, акча табуу максатында ачылган Интернет клубдарды кадам сайын учуратууга болот. Шаардын чок ортосундагы Интернет кафенин ээси Бахрам Саидов, Ошто Интернет кафе ачуу оңой экенин айтат:

-Интернет клуб ачуу жеңил эле. Провайдерди табуу оңой. Ошто билишимче, 4 провайдер бар. Алар менен макулдашсаң, акысыз эле туташтырып беришет. Лицензия алуу гана кыйынчылыкты жаратты. Ай сайын ар бир компьютерге 420 сомдон салык төлөп турам.

Ош шаарында Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү студенттер, азырагы ишкерлер, анан чет өлкөлүк жарандар. Студенттер көбүнесе сабактарга даярдануу үчүн, курстук иш, рефераттарды интернеттен казышып, маалыматтык сайттарга да баш багып турушат. Интернетти такай пайдаланган студент Үсөн Кыязов Оштогу жайнаган Интернет клубдардын ылдамдыгына таптакыр канааттанбайт:

-Тездиги абдан начар. Жарым саат иштейм деп келсең, 2-3 саат отурушка туура келет. Сайттардын ачылышы кыйын, а убакыт өткөн сайын биздин акчабыз кете берет. Мына караңызчы, менин электрондук дарегими ачууга эле канча убакыт короп жатат? Болбосо интернет кафелердин ишин жүргүзгөн биз - студенттербиз, бирок ылдамдык, тейлөө жагы канааттандырбайт.

Үсөн сыяктуу эле жалпы Оштогу Интернеттин ылдамдыгына канааттанбагандардын саны өтө эле көп. Маселен бул аймакта Интернет сайттардан видео көрүү, аны ачуу өтө эле татаал. Бирок баасы кымбат. «А-city» деп аталган Интернет клубдун администратору Бахрам Саидов:

-Интернетти бир сааттык колдонуу наркы 30 сомдон 45 сомго чейин. Кардарлардын арасында трафик боюнча иштейм дегендер жокко эсе. Эгер трафик боюнча иштейм десе бир мегабайтына 8 сомдон төлөшү керек. Коңшулаш Өзбекстанда Интернет баасы арзан экен. Ал жакта бир гана монополист провайдер бар деп уккам. Ошон үчүн аларда бизге караганда арзан болсо керек.

Ошто Интернет желесин өз үйүнө чейин улаштырып, кенен пайдалангандар өтө эле аз. Анын себебин баасынын кымбаттыгы, ылдамдыктын начардыгы менен түшүндүрүшөт. Маселен, Орусияда иштеп келген Улан Ошто Москвага салыштырмалуу интернеттин абалы өтө эле төмөн экенин айтат:

-Москвада Интернет өтө эле өнүккөн. Негизгиси, кардардын тандоосунда бир канча трафиктер бар. Ылдамдык жөнүндө сөз жок, баскычтарды бир эле бассаң сайттар дароо ачылат. 600 орус пулуна, бизге 900 сомго атайын карта сатып аласың, ошол менен бир ай каалаганча Интернет колдоносуң. А Ошто болсо өтө начар экен. Шаардын борборунда жакшыраак десек болот, а шаар четинде ылдамдык өтө эле алсыз.

Интернет керектөөчүлөрдүн баамында Ош облусунда бул тармак шаарларда гана жакшы жолго коюлганын, ал эми айылдыктардын Интернет жөнүндө дээрлик түшүнүктөрү жок экенин, айылдарда интернет мындай турсун мектептерде компьютер да жетишсиз бойдон калып жатканын белгилешет.


Каражаттан да мамлекеттик колдоо зарыл

Билими жогорку жана IT технологиялар жаатында түш жоруган кыз-жигиттерге Кыргызстандын өзү да уучу кур эмес. Бирок белгилүү болгондой ушул тапта алардын көпчүлүгү башка мамлекеттерде же болбосо Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк фирмаларда иштешет. Ал эми өз алдынча ушул ишти баштап, программа жазуу менен алектенген жергиликтүү ишканалардын абалы чындыгында оор бойдон калууда. Биздин маектештин белгилегени боюнча улуттук технопарктан мына ушул жергиликтүү ишканалардын үмүтү чоң.
Кыргызстандык программисттер маалыматтык технологияларды өнүктүрүү үчүн эң биринчи кезекте каражат, экинчиден мамлекеттик колдоо жоктугун белгилешет. Мамлекеттик колдоо дегенде өлкө бизге акча берсин дебейбиз, болгону баштаган ишти алдыга жылдырып кетүү үчүн ар кандай салыктардан бошотуп берсе деген ойдобуз, дейт Бишкектеги программа түзүүчү GNT ишканасынын жетекчиси Нуркалы Исаков:

-Технопарк тууралуу да так маалымат болбой атат. Жөн эле технопарка ачылат, программисттерге жардам болот деп гана айтылган. Кандай жеңилдиктер болот, программа жазуучуларга салыктан жеңилдик болобу же мамлекеттик ишканалардан буйрутмалар болуп турабы, бул тууралуу эч кандай сөз жок. Ошондуктан, Кыргызстанда программа жазуу тармагы өнүгө албай турат. Мындан тышкары маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө мамлекеттик ишканалар тарабынан да кызыкчылык болбой жатат. Бизде атүгүл мамлекеттик долбоорлорго программа түзүү да чет жактардагы: Орусиядагы, АКШдагы программисттерге тапшырылат. Алар албетте кымбат баада даярдап беришет. Ошол эле программаны биз деле арзан баада, кынтыксыз жасап берүүгө билимибиз да, дараметибиз да жетет. Эгерде технопарк ачылса, программисттерге эң чоң колдоо болмок. Мамлекет да эң биринчи Кыргызстандын өзүндө программа түзүп иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүп, технопарктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берсе жакшы болот эле. Ошондо бизде IT технология өнүкмөк.


Белгилей кетүүчү нерсе IT технологияны Кыргызстанда тез арада өнүктүрүп жиберүү үчүн өлкөдө телекоммуникациялык инфраструктура өнүгүшү шарт. Бул өнүкмөйүнчө интернет ылдамдыгы да жогорулабайт жана баалар да арзандабайт, дейт GNT ишканасынын башкы директору Нуркалы Исаков:

-Салыштыра кетсек, мисалы, Түркияда интернеттин ылдамдыгы секундасына 1000 мегабиттен(MbPs) ашык, интернетти чексиз пайдалануу үчүн түркиялыктар айына 55 АКШ долларын төлөшөт. Кыргызстанда болсо интернеттин ылдамдыгы секундасына 500 мегабиттен ашпайт, ар бир интернет трафикке кирүүнүн акысы үчүн өз-өзүнчө, ар бир мегабайтка 2 сомдон төлөнөт. Ошондо да айына 55 АКШ доллары турат. Биздин телекоммуникация тармагы азырынча арзан интернет менен күчтүү ылдамдыкты камсыз кыла албайт, анткени мындай интернет ташуучу линияга дээрлик өтө элекпиз, мүмкүн болсо Бишкекте бардыр.

“kg” аймагына кош келиңиз!

Кыргызстандагы интернет айдыңында домен берүү укугу боюнча талаш-тартыштар жүрүп келгени маалым. Интернеттеги “kg” деген аймакта домен берүү укугун 1995-жылы кыргызстандык “Азия инфо” байланыш компаниясы ICANN (Interbet Corporation for Assigned Names&Nambers) аталыштарды жана номурларды берүүчү интернет корпорациясынан алган. Аталган корпорациянын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө виртуалдык дүйнөгө катталган домендердин саны 160 млн.дон ашуун, ал эми катталуунун баасы 6 доллар турат.


Кыргызстандагы интернет айдыңында “kg” аймагына катталуунун баштапкы баасы салыктарды кошпогондо 3056 сом менен башталган, кийинчерээк бул баа 100 долларга чейин тегеректелген. Үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан тартып домен каттоо баасы салыктарысыз 1910 сомго түшүрүлгөн. Адистердин белгилөөсү боюнча бул баа биздин башка коңшулардыкына салыштырмалуу кымбат, анткени Орусияныy ‘ru” аймагына кошулуу акысы 5 доллар, Казакстандын “kz” аймагына кошулуу 10 доллар турат, ал эми Өзбекстандын “uz” аймагына кошулуу 20 доллардан башталат.

Кыргызстандык домен берүүчүлөр буга өлкө бир дагы магистралга кошулбагандыгын себеп кылышат. Ал эми эксперттер болсо буга “kg” домен аймагындагы пайдалануучулардын аздыгын себеп көрүшөт, алардын белгилегени боюнча “kg” аймагында катталган домендер 1500ге жетпейт, бул Өзбекстандын “uz” аймагында катталгандардан дээрлик 7000ге аз. Ал эми айрым адистер Кыргызстанда интернет трафигинин ички жана тышкы деп бөлүнүшү да интернет пайдалануучуларга терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтышат.

Алардын айтуусунда “kg” аймагынан тышкаркы трафиктерге кирүү акысы өтө эле кымбат, ошондуктан, мындан өзгөчө интернетти эң көп пайдалануучулар болуп эсептелген жаштар –мектеп окуучулары менен студенттер көп жабыркайт. Дүйнө жүзү мына ушул трафик бөлүү жосунунан качып, лимитсиз пайдаланууну кеңейтип жаткан учурда, Кыргызстан кечээки күн менен жашоодон кол үзгүсү келбей жатканы көрүнүп тургансыйт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG