Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

1-марттан тарта бишкектиктер 1 метр куб муздак сууга 4 сом 48 тыйын, канализацияга 1 сомдон төлөй баштайт. Азыр суу үчүн 3 сом, канализацияга 70 тыйындан алынат.

Карылар баалардын мындай үстөккө-босток көтөрүлүшүн өкмөттүн пенсионерлерди жок кылуу аракети катары көрүп, нааразы болушууда.

Бишкек шаарынын тургуну, 73 жаштагы Апай эне тамак-ашка кошумча акча чыгаруу үчүн өз огородундагы алма, алмурутун көчөгө алып чыгат. Ал 30 жылдан ашуун мугалим болуп иштеген. Учурда эки миң сом пенсия алат. Ал жаңы жылдан тарта электр кубаты, жылуулукка баалардын көтөрүлгөнү алардын үй-бүлөсүнө бир топ эле таасирин тийгизгенин айтат. Ал эми март айынан баштап муздак суу жана канализацияга акынын көтөрүлүшүн пенсионерлерди жок кылуу аракети деп эсептейт.

- Баягы күнү жарык үчүн кошобуз деп кошкон деле жок. Анан эмнеге эле калп айтып жатканын билбейм. Мага электр энеригясы үчүн эле 340 сом чыгып келди. Болгону муздаткыч, телевизорго эле ушунча чыгып келди. Баягы эле жетпеген оокат, - дейт Апай эне.

Үстүбүздөгү жылдын 1-марттынан тарта мекемелердин төлөмү муздак суу үчүн 4 сом 50 тыйындын ордуна 6 сом 15 тыйын, канализацияга 1 сом 50 тыйындын ордуна 1 сом 75 тыйын болот. Айрым бюджеттен каржыланбаган ишканалар жана Бишкек ТЭЦи үчүн баа муздак сууга гана кымбаттап, 1 метр куб суу үчүн азыркы төлөнүп жаткан 7 сомдун ордуна 1-марттан тартып 7 сом 95 тыйындан алына баштайт.

Президенттин жакында кол койгон жарлыгына ылайык, 2010-жылдын 1-мартынан тартып пенсияга эң аз дегенде 100 сом кошулмай болгон. Ошондо өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 2500 сомду түзөт экен. Ал эми өлкөнүн социалдык фондунан алынган маалыматка ылайык, пенсия мурдагыдай пайыз менен эмес, туруктуу, атайын иштелип чыккан шкала аркылуу көбөйөт. Аталган фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Данияр Шабданов фонд өткөн жылдарга салыштырмалуу пенсиянын минималдуу тиричилик бюджетине болгон орточо үлүшүн жакшырта алды деген пикирде.

- Жалпы өлчөмү миң сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 500 сом, 1100-2000 миң сомго чейин 350, 2001-4000 миң сомго чейин 250, ал эми азыр он миң сомго чейин пенсия алгандарга 150 сом, андан аркыларына 100 сом кошулат. Эгер пайыз менен көбөйтүп койсок социалдык жактан теңсиз болуп калат, - дейт Данияр Шабданов.

Деген менен тарифтердин үстөккө-босток көтөрүлүшүнөн улам, мындай көлөмдөгү пенсия суу кечпей кала турганын эксперттер айтышууда. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2009-жылы Кыргызстанда минималдык керектөө куржуну 3800 сомду түзгөн. Бул бир киши айына минималдуу ушунча каражат коромжу кылат дегендик. Эксперттер кымбатчылык шартта быйыл бул сумма дагы өсүшү ыктымалдыгын болгоолоп жатат. Кыргызстанда болсо ушул тапта миң сомдун тегерегинде пенсия алгандар бир топ.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев баалардын көтөрүлүшү менен пенсияга жок эле дегенде 1000 сом кошулушу керек деген пикирде. Анын айтымында, пенсиянын жогорулушында жарык, жылуулук, суу, канализациядан сырткары тамак-аштын кымбатташы эске алынган эмес.

- Пенсия жетишпейт. Себеби тариф бир гана жарыкка көтөрүлгөн жок да. Аны менен кошо нан, эт, сүттүн баасы да өсөт. Пенсияга бир гана электр же жылуулукка баалардын көтөрүлүшүн жабыш эмес, жалпы азык-түлүк продукциясынын кымбаттаганын да эске алып кошуш керек эле. Азыркы тарифтердин кымбатташы үчүн өкмөттүн кошуп жаткан 200 сому өтө эле аз. Муну сөзсүз түрдө кайра эсептеп чыгып, кошуш керек. Ал эми пенсиянын орточо төрт миң сомдун тегерегинде жасаш керек, - дейт Ж.Акенеев.

Ал эми 79 жаштагы Бурул эне да баалардын кескин өсүшүнө нааразы болууда. Ал 10 жылдан бери Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде тамеки сатат. Алган пенсиясынын көбүн дары-дармекке коротот экен. Жалгыз бой жашаган Бурул эне электр энергиясына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшү менен алган 1500 миң сом пенсиясы дегеле эч нерсеге жетпей калганын айтат:

- Пенсиям балээсине жетеби. Анын баарын эле үйгө төлөйм. 1500 миң сом бир айга жетмек беле. Эт көрө элекмин, сүт эмес. Көбөйтпөй кара жерге кирсин, көбөйгөн менен батирге кошуп атат. Жарыкка да, газга да, муздак сууга да, жадагалса таштандыга да кошулуп атат. Ооздору менен эле орок орот, - дейт пенсионер Бурул эне.

Соцфонддон алынган маалымат боюнча, 1994-жылдан бери пенсия 43 жолу көтөрүлүптүр. Бирок ал инфляциянын өсүшүн эске алган эмес. Ал эми азыркы өкмөт пенсияны пайыз эмес, шкала менен көтөрүү пенсионерлердин жашоо-шартын жакшыртууга өбөлгө болот деп үмүт артууда. Бирок баалардын баасы жогорулагандан-жогорулап, аягы азырынча көрүнбөйт...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG