Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Айыл чарбасын насыя акча менен өнүктүрөбүз...


23% насыя менен айыл чарбасы көтөрүлөбү?

23% насыя менен айыл чарбасы көтөрүлөбү?

Өнүктүрүү фонду “Азия универсал банк” аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө насыя акча бере баштады. Дыйкандар 23% үстөк менен төрт айдан бир жылга чейин берилүүчү насыя дыйканчылыкты көтөрмөлөмөк тургай, артка тартарын айтып, даттанышууда. “Адам жана базар” аттуу экономикалык программанын кезектеги чыгарылышы ушул маселеге арналды.

Өнүктүрүү фонду “Азия универсал банк” аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө насыя акча берүүнү 15-февралдан тартып баштаган. Долбоордун авторлору муну дыйканчылыкты жана малчылыкты өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жатканы менен түшүндүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин Өнүктүрүү фондунун насыясын “АУБ-агро” компаниясы аркылуу жалпы Кыргызстан боюнча 657 киши 55 млн. 437 миң сомдук насыя акча алышты. “АУБ-агро” компаниясынын насыя берүүчү менеджери Назира Абдылдаеванын айтуусунда насыя акча бир нече түр менен берилет:

- Бул насыялардын мөөнөтү 4 айдан 24 айга чейин каралган. Ылдам каралуучу насыялар 120 миң сомдон 23% менен берилип жатат. Ал эми “Универсал” деп аталган насыя 121 миң сомдон 700 миң сомго чейин каралган, “Максималдуу” насыялар 700 миң сомдон 21% менен каралган. Бардык насыялар төрт айдан 24 айга чейинки мөөнөткө берилет.

Өнүктүрүү фондунун каржы жетекчиси Рифат Утюшевдин белгилегени боюнча фонд негизинен Орусиядан 2009-жылы алынган насыя менен каржыланат. Анын айтуусунда Өнүктүрүү фонду “Азия универсал банкка” акчаны сомго айландырып, 6% үстөк менен берет, ал эми банк дыйкандарга 23% менен берет. Бүгүнкү күнү дыйкандарды нааразы кылган мына ушул үстөк пайыздын жогору болушу.

“АУБ агро” компаниясы бүгүнкү күнү насыя алган дыйкандардын көпчүлүгү түштүк облустардан болгонун билдирди. Насыя берүү февраль айында башталганы менен түштүктүк дыйкандардын көпчүлүгү насыя тууралуу кабардар эмес, ал эми маалыматы барлар тиешелүү кагаздарды толтуруп, чуркоо менен көп убакыт өтөөрүн, насыя 50 күндүн ичинде берилсе жазгы талаа иштери кечеңдей турганын айтып, нааразылыгын билдиришүүдө.

“Жеңилдетилген насыя деп айтууга мүмкүн эмес”

“Азия универсал банкынын" агро микрокредиттик компаниясы Жалал-Абад облусундагы дыйкандарга 31-мартка дейре 11 миллион сомдук чакан насыяларды таркатты. Компаниянын башкы деректири Вячеслав Рожков өтүнүчтөрү 50 күндүн ичинде каралып жактырылган дыйкандарга үч түрдүү насыя берилерин билдирди.

Анын түшүндүрмөсүндө жарандар 120 миң сомго чейинки насыяларды күрөөсүз алат, 700 миң сомго чейин жана андан ашыкча насыя дыйкандардын аны төлөөгө жарамдуулугу нотариалдык кеңселер тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Насыялардын жылдык үстөгү 23-22-21 пайызга барабар:

- 120 миң сомго чейинки насыя жылдык 23 пайыз үстөгү менен эки жылга берилет. Ал үчүн үй-мүлк, техникасы нотариалдык кеңсеге катталбайт. Биздин кардардын насыяны кайтарууда жеңилдетилген чоң мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, апрель айында алган негизги карызын ай сайын эмес, сентябрь-октябрь айларында төлөйт, – деп айтты АУБдун агрокредит кампаниясынын баш деректири Вячеслав Рожков.

Аталган банктын жогору болгон үстөк пайыздарына дыйкандар макул эмес. Зарыл иш кагаздарын насыя алууга тапшырган Өктөм аттуу эненин пикиринде, жер иштетүүгө керектүү үрөн, суу, техника, күйүүчү май, минералдык азыктар кымбат болсо, 23 пайыз үстөктүү насыя өзүн актабай калуусу да ыктымал:

- Жок дегенде жыйырма үчтүн жарымынча үстөк менен бербейби. Анткени мына өткөн жылы айдаган буудайыбыздан алган түшүмүбүз эмне болду? Төрт сомдон саттык го. Эккен эгинибизге кеткен чыгаша акталбай жатса, насыяны кантип жабабыз. Эми ошентсе да насыя алайын деп бир нече күндөн бери чуркап жүрөм.

Сузак районундагы Көк- Арт айыл өкмөтүндөгү карыялар кеңешинин төрагасы насыяларды чет өлкөдөн алган өлчөмүндө берүү менен жакырларды азайтуу мүмүкүн деп эсептейт:

- Чет мамлекеттерден келген акчаны жакыр жашагандарга бериш керек, эң көп дегенде 5% үстөк менен. Бизде баары өз камын ойлошот.

АУБдун насыялары тууралуу эл толук маалымдар эмес. Облус тургуну Асылбек Садыров агронасыя алуудан баш тартты. Анын эсебинде, АУБдун талаптары башка банктар менен бирдей, кредит алууга керектүү иш-кагаздарды толтуруунун, насыя алуунун убаракерчилиги ашыкча. Насыялар 50 күндүн ичинде берилсе, жазгы эгин айдоодон кечигебиз, - дейт ал:

-1,5 гектар жерим бар, ошол жерге эгин айдоо үчүн насыя алайын деп келсем, мурда жарыяланган шарттар жок экен. Күрөөнүн кереги жок деп атышты эле, эми аны талап кылып жатышат. Андай болсо, антип жарыялоонун эмне кереги бар эле? Анын үстүнө 23% үстөк өтө кымбат, биздин угушубузча банк өзү акчаны чет өлкөдөн 0,7-0,8% менен эле алат экен, ал эми элге эмне кымбат берип жатканы түшүнүксүз. Ошондуктан албай эле коюуну чечтим.

Карапайым элдин эсебинен баюу жолу эмеспи?

Ордолуу Ош облусунда да айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 23% үстөк менен берилип жаткан насыя көпчүлүк дыйкандардын сынына кабылды. Алар мындай өзүн актабаган насыядан көрө мамлекет дыйкандарга үрөн, күйүүчү май, жер семирткич жагынан жардам берсе жакшы болмок деген пикирде.

Президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттикке караштуу өнүктүрүү фонду «АУБ-агро», микронасыялык компаниясын уюштуруп, бул мекеме “Азия универсал банкы” аркылуу 2010-жылдын февраль айынын орто ченинен бери Ош аймагынын айыл чарба тармагын каржылай баштады. Бул туурасында компаниянын Ош облусу боюнча менеджери Асылбек Карашев төмөнкүлөрдү билдирди:

- 23% менен берилүүчү “Ылдам” насыяга күрөө алынбайт, алуучунун жоро-жолдоштору, туугандары, колунда бар кишини биз кепил катары карайбыз. Ал эми “Универсал” насыя 22% менен берилет, күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлат.

Ошентсе да, «АУБ-агро», микронасыялык компаниясы ишке киришкен биринчи күнүнөн тартып эле көпчүлүк кардарлардын сынына кабылды. Алардын бири - Алай районунун тургуну, мурдагы банк кызматкери Таалай Зикиров буларга токтолду:

- Биз билгенден бул насыя Орусиядан 0,75% алынган. Ошол бир пайызга да жетпеген үстөк коюлган насыяны бүгүн бийлик уялбай туруп, коммерциялык банктар аркылуу 23% менен берип жатышат. Ортодо табыла турган пайданы эсептеп ала бериңиз эми. Мына ушуну айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилип жатат деп айтууга болобу? Бул акчаны мурдатан колунда бар, акчалуу кишилер дагы акчасын айландырганы алып, кайра төлөп кутулбаса, бирин-экин малы менен 1-2 гектар жерин карап отурган дыйкан-малчылар аны төлөй албайт. Элдин жонунан кайыш тилип, карапайым элдин эсебинен акча табуу жолу экени ачык көрүнүп турат.

Таалай Зикировдун пикиринче Ош облусу агрардык аймак болгондуктан, мамлекет дыйкандарга жана фермерлерге жыл сайын илгеркидей дотация бөлүүнү жолго коюшу абзел, ансыз акыбал жакшырбайт.

Кепти улаган Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн жашоочусу Алмаз Тешебаев буларды кошумчалады:

- Эң жаманы булар топ-топ кылып берет экен, азыр бири-бирине кепилдик берүүчүлөрдү табуу оңой эмес. Анын үстүнө 23% өтө эле кымбат.

Көп жылдар бою айыл чарба тармагында эмгектенген коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев тынчсыздануусун мындайча туюндурду:

- Бул насыяны алганы менен дыйкандар ишин алдыга жылдыра албайт, тескерисинче үстөк пайызын төлөй албай, банкка карыз болуп калышат.

Төлөгөн Келдибаев насыядан көрө мамлекет элди сапаттуу үрөн, жер семирткич жана асыл тукумдуу мал менен үзгүлтүксүз камсыз кылса, утмак деп эсептейт.

Анткени менен «АУБ-агро», микронасыялык компаниясы кредиттердин пайызы жогору, шарты катаал дегендерге кошулбайт. компаниянын Ош облусу боюнча менеджери Асылбек Карашевдин айтуусунда насыя алууга кызыккан дыйкандар арбын.

Белгилей кетүүчү нерсе Өнүктүрүү фонду быйылкы жылы дыйкандар өндүргөн түшүмдү өзү сатып алууга ниеттенүүдө. Алар азырынча сатып алуу баалары оптималдуу болорун айтышканы менен, келечекте иш жүзүндө кандай болорун убакыт көрсөтөт. Анткени өткөн жылы дыйкандардан буудай сатып алууну милдетине алган “Агропродкорпорация” ишканасы буудайдын жабышкактыгы 23% кем болбосун деген шартын койгон. Дыйкандар болсо Кыргызстанда өстүрүлгөн буудай мындай сапатта болушу кыйынчылыкка турарын белгилеп, нааразылыгын билдиришкени белгилүү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG