Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Чечилбеген чек ара, асмандаган баалар


Апрел окуясынан бери кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек чек арасы жабык. Анын кесепетинен коңшу өлкөлөрдө да азыктын түрлөрү жана кийим-кече кымбаттоодо. Бажыканалардын жабылышынан карапайым тургундар эле жапа чегүүдө.

Даркан Паизова беш жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келет. Ал Ысык-Көлдөн картөшкө сатып алып, Алматы шаарына ташып пайда көрчү. Бирок ал бир айдан ашуун убакыт ишмердүүлүгүн токтотуп койду.

11-майда чек ара ачылат деген кабардан соң картошкасын жүктөп, Казакстанга алып чыгуу камын көрө баштаган. Бул жолу да Даркан Паизованын тилегин таш каап, сатып алган азыгы коңшу өлкөгө чыккан жок.

- Бир нече жылдан бери Казакстанда эмгектенип нан таап жүрөбүз. Эмнеге чек араны ачпай жатышат? Элдин жашоосуна кыйын эле болду. Казакстанга алып чыгалы деген картөшкөбүз минтип четинен чирип жатат. Бул азыктарды насыя акчага сатып алганбыз. Эми кантебиз? Бизден коңшу өлкөгө кызылча, пияз, картөшкө, түрп жана жашылча алып чыкчубуз. Бизде азыр картөшкө 8,5-10 сом. Ал эми Казакстанда болсо 130 -150 теңгени түзүүдө. Бул 40-50 сомго барабар.

Кыргызстандан Казакстанга негизинен картөшкө, жашылча-жемиш, эт азыктары жана кийим-кече экспорттолуп келсе, Казакстандан Бишкек тарапка ун, кумшекер, май азыктары, ошондой эле белгилүү маркадагы косметика жана дары-дармектер кирбей калгандыгы белгиленүүдө. Бирок аларга болгон баалар кымбаттагандыгы азырынча байкала элек. Мунун себеби кампаларда бул продукциялардын запасы көп болгондугу менен түшүндүрүлүүдө.

Үч жылдан бери Астана шаарындагы “Шанхай” соода борборунда эмгектенген Жамиля Асанбекова мындан эки күн мурун Кыргызстанга келди. Чек ара жабык болуп, биздин товарлар Астанга жетпей калды. Анын кесепети суроо-талаптардын өсүшүнө алып келүүдө, дейт ал:

- Бул жактан эч нерсе барбай калгандыктан Астанада мурдагы товарлардын баасы өсүп кетти. Алсак кийим-кеченин наркы 30-50% чейин көтөрүлдү. Казакстандын атуулдары көпчүлүк учурда "Дордойдон" соода кылып кетчү. Биз да товарды Кыргызстандан ташыйбыз. Чек ара жабык болгондуктан Астанага товар барбай, соодабыз токтоп калгандыктан биз аргасыздан Бишкекке келдик.

- Чек аранын жабылышы кыргыз ишкерлери менен катар казакстандыктарга да таасир этип жатабы?

- Ооба, казак туугандар да чыгашага учурап жатышат. Бул жактан барган товарлар кымбат болууда. Алар деле жогорулаган наркта бир нерсе сатып алууну каалашпайт да.

7-апрелде кыргыз-казак чек арасы менен катар кыргыз-өзбек бажыканалары да жабылган. Ошондуктан Кыргызстандын аймагына жаңыдан бышып жаткан жашылча жана жер-жемиштер кирбей калган. Анын кесепетинен баш калаадагы “Дыйкан” базарында капуста, бадыраң жана помидорго болгон баа төмөндөбөй баштапкы наркында эле турат.

“Дыйкан” базардагы сатуучу Касиет Исыпова иши жүрбөй жатканына кейип турду:

- Жылына ушул маалда Өзбекстандан жашылча-жемиш кирип арзанчылык болуп калаар эле. Учурда помидор 70, бадыраң 20 сомду түзүүдө. Баанын жогору болуп жатышынын себеби жемиштердин аз келип жаткандагына байланыштуу. Коңшу өлкөдөн помидор, алча, өрүк алынып келет. Азыр өрүктүн бир килинин баасы 120 сомго барабар болууда. Эгер чек ара ачык болгондо азыр помидордун наркы 30, бадыраң 10 сомду түзмөк. Быйыл эч нерсе жок болуп кымбатчылык өкүм сүрүүдө. Чек ара ачылса бардыгыбызга жакшы болмок.

Кыргызстандын түндүгүндө орун алган “Дордой” базарынан Казакстан менен Орусияга товарлар жөнөтүлсө, түштүк аймакта жайгашкан “Кара-Суу” базарынан коңшу Өзбекстан менен Тажикстандын атуулдары соода кылып турушчу.

- Чек аранын жабыктыгынан улам "Кара-Суу" базарында соода болбой, күнүмдүк киреше 50 % чейин төмөндөп кетти. Бул жердеги алармандардын 80 % өзбекстандыктар, чек ара жабык болуп суроо талап өспөй жатат,- деп ишкер Шайлообек Назаралиев "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин башчысы Чыныбай Турсунбековго чек аранын ачылбай жаткандыгын коңшу өлкөдөгү кесиптештери саясий туруксуздукка байланыштуу болууда деп түшүндүрүшкөн. “Мындай кадамдын кесепетин ошол ишкерлер да сезип жатат” дейт ишкер Чыныбай Турсунбеков:

- Казакстандагы “Ата Мекен” ишкерлер биримдигинин жетекчиси Азат Пирлошев менен 12-майда сүйлөштүм. Бул маселе боюнча алар да өз өкмөтүнө кайрылып, Кыргызстанда саясий абал калыбына келээри менен чек ара ачылат деген жооп алышыптыр. Демек биз өлкөбүздөгү нааразылык акцияларын мүмкүн болушунча эрте токтотууга аракет кылышыбыз зарыл.

- Чек ара жабык турганына байланыштуу Кыргызстанда кайсы продукцияга суроо-талап өсүп жатат?

- Кыргызстанда баасы өсүп кеткен товарларды мен көргөн жокмун. Мисалы, ундун баасы Казакстандан келбегендигине карабастан түшүп жатат. Себеби өткөн жыл түшүмдүү болуп буудай жана ун да жеткиликтүү болуп жатат. Сүт азыктарынан гана эки өлкөнүн ортосунда бир аз кыйынчылык болууда. Бирок тигил же бул буюмга баа жогорулап кетти деп айта албайбыз.

- Буга чейин Кыргызстандан Казакстанга экспортолуп келген кийим-кече же азык-заттарга болгон кымбаттоолор байкалган жокпу?

- Казакстандагы кесиптештер кымбаттоо болуп жаткандыгын айтып өтүштү. Өзгөчө картошкага болгон баа жогорулаптыр. Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстан Казакстанды арзан азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылган өлкө катары кызмат кылып келгенин бүгүнкү фактылар тастыктап жатат.

Чек аранын ачылышы Кыргызстандай эле коңшу өлкөлөрдө да азык-түлүккө же күнүмдүк керектөөлөргө болгон баанын оордуна келишине шарт түзөөрү айкын. Ошондой эле чек аранын ачылышы бир гана ишкерлер эмес, коңшу өлкөдө эмгектенип жүрүшкөн мекендештерге да жол ачмакчы.

"Азаттыктын" архивинен: Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек

7-апрелден бери жабык турган кыргыз-казак чек арасы 5-майда ачылышы мүмкүндүгү айтылган эле. Бирок бул күнү чек ара ачылган жок. (MiT)

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

XS
SM
MD
LG