Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Каржылык кризис кыстап турган чакта Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө 35,4 миллион доллар бөлмөй болду.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, өлкөнүн банк системасынын каржылык кризиске капталышы кыйын.

- Бирок бүгүн турмуш деген аябай бат-бат өзгөрүп жатат да. Мына 10 айдын жыйынтыгы менен биз катуу коркунучтарды көргөн жокпуз. Анан 11 айдын жыйынтыгы, жылдын жыйынтыгы менен эмки жылга прогноздорубузду беребиз.

Каржы кризисинин капшабы кандай болору жөнүндө Азия универсал банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Надель да ушундай эле пикирде.

- Дүйнөлүк каржы кризис кайсы бир өлкөнү кыйгап өтүшү мүмкүн эмес. Себеп дегенде бул глобалдык кризис болуп жатат. Албетте, кризистин белгилерин биз Кыргызстанда деле сезип жатабыз. Анткен менен, менин оюмча, биздин өлкөдө дурус жагдай түзүлүүдө. Ошондон глобалдык кризистин капшабы бул жерде кыйла аз сезилүүдө. Анын себеби кризис башталган чакта банк секторунда ири өлчөмдөгү карыз алуулар болбогонуна байланыштуу.

Ошондон ушу тапта кыргыз өкмөтү каржылык кризистен кантип кыйналбай чыгып кетүү, түзүлгөн жагдайдын пайдалуу жагын издөө аракетине киришүүдө. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандын транспорт катнашын жакшыртуу, ишкердикке, инвестицияга шарт түзүүгө багытталган гранттары мына ушул максат-мүдөөгө өбөлгө түзмөкчү.

Дүйнөлүк банк менен Азия өнүгүү банкы каржылаган “Таза суу” программасы ушул жылы соңуна чыкканы турат. Долбоордун жетекчиси Нурмамат Муллакелдиевдин ырасташынча, дүйнөлүк каржы мекемелеринин көмөгү менен муктаж болгондордун 30% жакыны таза суу ичип калышты.

- Азия өнүгүү банкы 36 миллион доллар акча каражатын бөлүп берген. Азия өнүгүү банкынын ушул долбоору ушул жылдын 31-декабрында аягына чыгат. Жалпысынан алганда бүгүнкү күндө Кыргызстанда 509 айыл таза суу менен камсыз болду. Бул 863 миң адамды таза суу мактаждыгы толугу менен чечилди дегенди билдирет.

Ушул аптанын башында Азия өнүгүү банкы менен Кыргызстандын каржы министрлиги жаңы келишимге кол коюп, анын негизинде Бишкек-Торугарт жолунун 39 чакырымын оңдоого 20 миллион доллар бөлүнмөй болду. Долбоорду ишке ашырууга кыргыз өкмөтү өз жанынан 10,3 миллион доллар кошот. Бул каражат Торугарт бажы өткөрмөсүн жакшыртууга да жумшалмакчы.

Азия өнүгүү банкынын экинчи бир долбоору Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүгө, бизнес жасоого кызыккандарга административдик тоскоолдорду азайтууга, каржылык ресурстарга жетишүү мүмкүндүгүн кеңейтүүгө багытталган. Бул максатка 12,4 миллион доллар, ал эми инвестициялык жагдайды жакшыртууга 2,9 миллион доллар сарпталмакчы.

XS
SM
MD
LG