Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

А. Сарыбаев: "...бул өкмөт эч качан кризистен чыгара албайт"


Техникалык өкмөттүн жыйыны
Техникалык өкмөттүн жыйыны

Кыргызстандагы экономикалык кризистин белгилери жана себептери жөнүндө экономикалык илимдердин доктору, талдоочу Айылчы Сарыбаев "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.


- Кыргызстандагы акыркы үч айдагы окуялар Кыргызстандын экономикасынын кризистик абалга алып келгендиги айтылууда. Кыргызстанда кризистин алгачкы белгилери кайсылар деп атайт элеңиз?


- Апрель окуяларынан кийин Бакиевдин ордуна келген адамдар өзүлөрү экономиканы алдыга жылдырып кеталбай калышты. Өзүлөрү Бакиевдерди коррупционер, кризиске алып келди деп күнөөлөп, Бакиевдер куулуп кеткенден кийин бул кишилер ишти алдыга жылдырып кеталбай калышты. Кадрдык кризис болуп калды, кадрдык кризис экономикалык кризиске алып келет. Ал азыркы нормалдуу иштеп аткан салык, финансы, банк системалары мүчүлүштүккө учурап калды. Эгерде ишти Бакиевдерге караганда жакшырак алып кетсе анда эч кандай кризис болушу мүмкүн эмес болчу.

- Демек азыр өкмөт кризистен чыгуунун планын иштеп чыкты, бул план ишке ашат деп ишенсек болобу?

- Бул план өздөрү кыла турган эле иши, Каржы министрлигинин, бажы, салык инспекцияларынын, казыналыктын кыла турган күнүмдүк иши. Ошол ишти эле булар антикризистик программа деп алышты. Андай болбойт. Ар ким өз ордунда жумушту так мурункудан да эффективдүү алып кетсе, анда эч кандай кризис болушу мүмкүн эмес. Антикризистик программа дегидей бизде кризистин өтө татаал дүйнөлүк классикалык маанидеги түрлөрү болгон жок да. Бул кадимкидей эле ишке жарабаган адамдардын ишти жүргүзө албаганынан келип чыкты кризис.

- Сиз кризистен чыгуунун бирден бир жолу катары эмнени көрсөтө алат элеңиз?

- Ошол адамдар өзүнүн функциясын аткарып кетсинчи, ар бир министрликтин өзүнүн алдына койгон милдетин так жүргүзүп кетсе, эч кандай кризис болбойт бизде.

- Алдын ала маалыматтарга караганда быйылкы жылкы бюджеттин таңкыстыгы 22 млрд. сомдон ашкандыгы айтылып жатат. Ушундан улам суроо - күз, кышта бюджет элди багалабы?

- Мен кайра дагы кайталайын, бюджеттин тартыштыгы жаңы келген өкмөт, ал койгон адамдар, мурунку коррупционерлерди жоготсо, коррупция жоголсо анда көлөкөдөгү экономика деген жоголот эле дагы, бюджетке көп акча түшөт эле. Азыркыдай тартыштык болбойт эле. Демек булар кризисти өздөрү алып келишти, анан кайдагы бир көзгө көрүнбөгөн, билинбеген себептерди айтып атышат. Демек азыркы кебетеси менен бул өкмөт эч качан бул таңкыстыктан чыгара албайт.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG