Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Убактылуу өкмөт декрети менен отуздан ашуун объекттер мамлекет ээлигине өткөрүлүп, алардын айрымдары аукционго, калгандары конкурс жолу менен сатылганы турат. Жаңы бийликтин мурдагылардын энчисиндеги дүйнө-мүлктү тартып алышы мындан беш жыл илгерки элдик революциядан кийин да жасалган. Бийлик алмашкан сайын бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу Кыргызстанда көнүмүшкө айланууда.

Цемент заводдун сатылганы качан

Кант цемент заводунун 13,21% акциясынын айланасындагы талаш 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин эле чыккан жери жок. Бул ирет акциялар мамлекет ээлигине өткөрүлүп, мурда болсо талаштуу ишке тиешеси бар кишилерге кылмыш иштери ачылганын вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров мындан бир ай илгери эле жарыя кылган.

- Мамлекетке 298 миллион сом зыян келтиргендиги боюнча убагында кылмыш иш козгодук эле. Билесиздер, Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен Чүй облустук соту бул ишти жаптыртып салган. Жазуу түрүндө көрсөтмөсү менен. Биз ушуну жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Жогорку сотко бердик эле. Бирок, тилекке каршы, Жогорку сот жаңы ачылган жагдайга байланыштуу биздин сунушубузду канааттандырган жок.

Жогорку сот жообуна канааттанбаган өкмөт Мамлекеттик мүлк министрлигине Кант цемент заводу кантип менчиктештирилгенин кайрадан териштирип чыгуу тапшырмасын бергенин ошол эле А.Бекназаров маалымдаган. Анын айтуусунда, 1997-жылы завод менчиктештирилип жатканда казак инвесторлору убада кылган 18 миллион доллар инвестиция келген эмес.

Кант цемент заводуна ээ United Cement Group компаниясы кийинки 5 жылда ишканага 27 миллион доллар сарптап, республика казынасына 38 миллион доллар салык төлөгөнүн маалымдап, Жогорку сот тарабынан биротоло чекит коюлган ишти улам-улам козголош четтен келчү инвесторлорду чочулаткандан башкага жарабастыгын ырастаган билдирүү таратты.

“Аты жакшы акчабай, кагылайын...”

Айтса, Убактылуу өкмөт чечими менен мамлекет ээлигине айтылуу Азия Универсал банк да өткөн. Өлкөдөгү систем банкты каржылоого өкмөт башында 3 миллиард сом кыска мөөнөткө кредит бөлүүнү чечкен. Бирок да андай акча аягынан тартса башына жетпеген мамлекеттик бюджетте жок.

Мамлекеттик мүлк министрлиги Азия Универсал банкты эмдиги жылы сатыкка коюп, аны кайра эле жеке колго өткөрүүнү көздөөдө. Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбаалы тегиндин айтуусунда:

- Азия Универсал банк өзүнүн активине салыштырып караганда ал Кыргызстандагы эң көп кредит берген банк эмес болчу. Үлүшүнө салып караганда. Анын 10 – 12 % кредит катары берилген. Калганынын баарысы чайкоочулук, тигил-булардын деңгээлинде иштеген акчалар болчу.

Улутташтырылган дүйнө-мүлк катарында “Альфа-Телеком” жабык акционердик коому, Бишкек арак заводу, “Петрол Групп”, “Пирамида” телерадиокомапниясы, “Чакан ГЭС” акционердик коому, “Манас” абамайданынын учактарга май куюу комплекси, биртоп кымбатба жеңил автоунаа, учак, кеме, Көл жээгиндеги көркөм эс алуу жайлары бар.

Менчик ээ ышкысы

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин да мурдагыларга тиешелүү делинген дүйнө-мүлктүн кыйласы а кездеги президенттин ишкер уулунун энчисине кеткен эле. Бул ирет деле мамлекет ээлигине өткөн мүлктүн текши баары арзанбаада кайсы бир таасирдүү күчтүн колуна өтүп кетпейт, деп эч ким кепилдик бере албайт. Жеке ишкер Закир Намазбековдун ырасташынча, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу мыйзам чындап иштей баштаганда гана токтолушу мүмкүн. Ансыз мурдагынын мүлкүн кийинкиси өзүнө же мамлекет ээлигине өткөрүп алуусу токтолбойт.

- Азыркы бийликке аралашып жүргөн, бийликтин тегерегинде жүргөн адамдардын аң сезими түбү менен бузулган. Муну орнотуш үчүн Кыргызстанга дагы 15 – 20 жыл убакыт керек. Иштебей эле жеп-ичип көнүп калган. Бул өзү аябай оор маселе. Же катуу кол керек же убакыт керек. Менин оюм ушундай.

Апрелдеги бийлик алмашуусунан кийин Убактылуу өкмөт арзанбаада жеке колго сатылып кеткен энергетикалык объекттерди мамлекет ээлигине кайтарып алды. Эми алардын сатылыш-коюлушу күздө шайланчу парламент түзгөн өкмөттүн үлүшүнө тиет окшоп калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG