Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

"Азия Универсал банкы" мамлекеттин ээлигине өтөт


Улуттук банктын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 7-июнь.
Улуттук банктын өкүлдөрү маалымат жыйынында, 7-июнь.

Улуттук банк 4-июнда "Азия Универсал банкына" консерватор дайындаган. 7-июнда аталган банкы улутташтыруу жөнүндөгү Убактылуу өкмөт декретине кол коюлганы маалым болду. Кыргызстандагы эң ири банкта сакталып турган каражаттардын теңине жакыны 7-апрелде сыртка чыгарылып кеткен.

Өткөн айдын аягында Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту "Кыргызөнөржайкурулуш" банкын "Азия Универсал банкына" кошуп алуу келишимин жокко чыгарган.

“Бакылдаган банкты суу кечкенде көрөбүз”

“Азия Универсал банкынын” акцияларынын 63% ээ Михаил Надель өткөн жылы 24-сентябрда Кыргызстанга көп деле коммерциялык банктардын кереги жоктугун, алардын саны ашып барса бештин тегерегинде болсо дурус болорун айткан. Ансыз деле ошол сөздүн аз-аздан ишке ашырыла башташын 2008-жылдын 28-майында “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын “Азия Универсал” банкынын өзүнө кошуп алуусу көрсөткөн.

Атасынан баласына өтчү бийликтин алеки саатта кулап калышы М.Наделдин карабашын калкалап чет өлкөгө качышына алып келди. Антпесе 5 гана банктын калышын каалаган универсал банк дагы канча каржы мекемелерин өз короосуна имерип алмак. Өнүгүү фонду менен Борбордук агенттик тушунда АУБ гана иши жүрүшүп, орусиялык кредиттин кыйласы ушул банк аркылуу сарпталынып калган.

Кыргызстандын каржы базарынын төрттөн бирине жакынын ээлеген ири банкка 8-апрелден тарта убактылуу башкаруучу, 4-июндан тарта консерватор дайындалды. Эми минтип “Азия Универсал банкын” улутташтыруу жөнүндө декретке кол коюлуп отурат. Кыргызстандын банк системасындагы ири мекеменин тагдыры ушундай чечилип калганын Убактылуу өкмөт башчысы орунбасарынын милдетин аткаруучу А.Бекназаров 7-июндагы маалымат жыйынында ачыкка чыгарган.

- М.Надель деле кезегинде рейдерлик кылып ушул банкын түзгөн. Биринчиден, сот аркылуу башка банктар ээлерине кайтарылат, мисалы “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы. “Кыргызкредит банк”, “Ысык-Көл инвестбанк” өз үлүштөрүн сот аркылуу кайтарып алышууда. М.Надель болсо издөөдө.

А.Бекназаров “Азия Универсал банкынын” ээси М.Надель банкты башка бирөөнүн атына каттатып ийбеши үчүн аны улутташтыруу чечимин кабыл алынганын ырастады.

Акчасынын кыйласынан ажыраган лөк банктын оор абалы

Ага чейин 4-июндан тарта “Азия Универсал банкына” консерватор дайындалып, ал ишке киришкенин Улуттук банктын төрага орунбасарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мурзаев маалым кылды.

- Быйыл 7-апрелде банктын активдери алынып чыгып кеткен. Мунун натыйжасында банк активдери эки эсеге азайган. 24 миллиард сомдон 13,5 миллиард сом гана калган.

А.Мурзаев ушул эле күнү “Азия Универсал банк” атынан Улуттук банктан 900 миллион сомдук баалуу кагаздар алынып, ал да кайтарылбаганын ырастады. Ошентип активдеринин тең жарымынан ажыраган банк ушу тапта Улуттук банк белгиленген нормативдерди аткара албай, арасат абалда. Ага консерватор дайындашынын негизги себеби деле ушул.

Банк консерватору Эрик Усубалиевдин айтуусунда, быйыл жыл башында банк резервинде 2 миллиарддан ашуун сом акчасы бар болчу.

- Мурда банк Борбордук казыначылыкты тейлеп келген, азыр ал башка жакка которулду. Азыр анда Социалдык фонддун депозиттеги акчасы турат. Жоюлуп кеткен Өнүгүү фондунун акчалары сакталчу. Анан да Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсеби ушул банкта болчу.

Бир күндө 10 миллиард ашуун сомдук активинен ажыраган “Азия Универсал банкына” убактылуу башкаруучу дайындалган соң кардарларга 3,5 миллиард сом төлөнүп берилгенин Улуттук банктын банк көзөмөл башкармалыгынын башчысы Манас Жакыпов маалымдады.

- 7-апрелге банктын милдеттенмеси 21 миллиард ашуун сомду түзгөн. 8-апрелге банк милдеттенмеси 10,5 миллиард сомго түштү.

2008-жылы а кездеги Социалдык фонд, дагы башка кызыкдар тараптардын амал-айласы аркылуу “Азия Универсал банкына” “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы бириктирилген. Ал иштин чоо жайын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын жетекчиси М.Мукашев соттук териштирүүлөр аягына чыкканча айтпастыгын билдирди. Ал эми М.Наделдин ушу тапта кайсы жерде баш калкалап жүргөнү дайынсыз. Аны менен байланышуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

XS
SM
MD
LG