Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Мурунку президент А.Акаев Кыргызстанга тиешелүү 800 миллион доллар акча АКШнын резервдик банкында сакталып турганын ырастап, өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард 200 миллион доллардан ашпастыгын билдирген.

Бирок да андай көңүлток маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы жокко чыгарууда.

“Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Рафкат Хасановдун пикиринде, быйылкы жылы Кыргызстан экономикасы кез келчү кыйынчылыктарды төрткө бөлүүгө болот. Бул ириде экспорттун, сырттан келчү инвестициянын азайышы, буга кошумча айыл чарба продукциясынын баасынын кескин көтөрүлүп кетиши. Өзгөчө кабатырлантчу жагдай чет жерде иштеп жүргөндөр жөнөтчү акча агымынын азайышы болууда.

- Бул акчалар аябай эле көп. Ал ички дүң продукттун 25% түзөт. Анан ошол акчалар келбей калганын элестетип көрүңүз. Ички дүң продукт көлөмү канча акча келбесе ошончого азаят. Себеп дегенде, сатып ала тургандар болбой калат. Буга кандай таасир көрсөтүү боюнча биз эч нерсе кыла албайбыз.- дейт Рафкат Хасанов.

Улуттук банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркул өткөн жылы банктар аркылуу чет жерде иштегендерден 1 миллиард ашуун доллар которулганын маалымдады.

Инвестициянын азайышы каржылык кризистен эмитен эле жүрөкзаада болуп отурган Кыргызстандын тышкы карыздарын кантип төлөө маселесин алдыга алып чыгат. Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев быйылкы жылы инфляция деңгээли 15% ашпайт, Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү белгиленген чекке жетишке мүмкүндүгү бар деп эсептейт.

- Коркунуч, менин оюмча, жок. Баанын өсүшүнүн жогорку чеги өтүп кетти. Азыр көпчүлүк продуктулар, мисалы, мунай, бензин баасы арзандап жатат. Цемент, арматура арзандоодо.- дейт М.Алапаев.

Ал эми көпчүлүктү үмүткөр кылган мурунку президент А.Акаевдин тышкы карыздардан калган 800 миллион доллар акча Улуттук банктын АКШдагы эсебинде жок экендигин Улуттук банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркул ырастады.

- Катталганын биз билбейбиз. Бирок биздин маалымат боюнча 1993-жылы улуттук акча киргизилген учурда бизде бираз эле, болжол менен 60 миллиондун тегерегинде резерв болгон. 2005-жылкы революциянын учурунда бизде болжол менен 400 - 500 миллион доллар болсо керек. Мен азыр так сандарды айта албайм.

Абдыбалы тегин Сүйөркулдун айтуусунда, Улуттук банк тарабынан 290 миллион доллар Эларалык валюта корунан алынган. Карыздын кыйласы кайтарылып, анын 150 миллион доллары гана калган. Буга чейин Кыргызстан алган карыздарынын 1 миллиард 400 миллион долларын кайтарып берген. Улуттук банктын резервинде ушу тапта 1 миллиард 224 миллион доллар сакталып турат.

- Ал негизинен үч түрдүү каражат деп айтсак болот. 30% бөлүгү евродо сакталат. 30% бөлүгү АКШ долларында. Калганы башка валюталарда. Башка валютанын катарында Швейцариянын франкы бар, Австралия, Канаданын доллары, анан да майда-чүйдө акчалар бар. Негизинен биздеги каражаттардын көп бөлүгү борбордук банктарда сакталат,- деп маалымдады Абдыбалы тегин Сүйөркул.

А.Акаев жарыя кылган 800 миллион доллар АКШнын резервдик банкында жок болгону менен ушу тапта эларалык банктардын биринде Кыргызстандын 2,5 тонна алтыны сакталып турат. Кандайынан келгенде да Кыргызстан 2 миллиард ашуун тышкы карыздарын жаңы кылымдын жарымына чейин төлөп беришке милдеткер. 2 миллиард карызга жакында орусиялык 300 миллион доллар кошулганы туру. Орус өкмөтүнүн 2 миллиард доллар кредитин 300 миллиону Кыргызстан бюджетин колдоого сарпталмакчы. Калган 1 миллиард 700 миллион доллар Кыргызстан энергетикасына келчү түз инвестиция.
XS
SM
MD
LG