Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

EВРОБИРИМДИКТИН ЛИДЕРЛЕРИ “КАПИТАЛИЗМДИН ЖАҢЫ ФОРМАСЫН” ТҮЗҮҮГӨ ЧАКЫРЫШТЫ


Амирбек Усманов, Прага Дүйнөлүк финансылык системаны кайра карап чыгуу боюнча шашылыш эл аралык жыйын өткөрүү зарыл. Европа Биримдигинин жетекчилери бейшемби күнү Брюсселде өткөн саммитте ушундай бүтүмгө келишти. Биримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркозинин билдиришинче, «финансы тармагын бизнеске жана жарандарга кызмат кылган капитализмдин жаңы формасын түзүү» зарыл. Мындай жыйын кеч дегенде келерки айда өтүш керек.

Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин лидерлеринин глобалдык финансы системасы өзгөрүүгө муктаж экенине ынанууга тармактагы соңку кырдаал аргасыз кылды.

Шаршемби күнү дүйнөлүк экономиканын дөө-шаалары саналган АКШнын жана Япониянын фондулук рыногу финансылык кризис башталгандан берки эң чоң жоготууга учурады. АКШнын негизги фондулук биржасы Доу Жонстун(Dow Jons) индекси 8 процентке, Япониянын Никкей(Nikei) индекси 11 процентке төмөндөдү.

Европанын баалуу кагаздарынын наркы да бир күндө 7 процентке чейин арзандап кетти. АКШда сентябрь айында чекене сооданын көлөмү 1,2 процентке же болжолдонгондон эки эсе көпкө азайганы маалымдалды. Мындай шартта дүйнөнү лидерлери арасында азыркы жагдай жөнгө салынбаса, экономикада дымуу башталат, банк кризиси дагы тереңдейт деген кооптонуулар күчөдү. Береги абалдан чыгуу үчүн Евробримдиктин лидерлери байдөөлөт өлкөлөрдүн шашылыш жыйынын өткөрүү зарурат деп тапты, саммитке даярдануу үчүн Биримдиктин жана АКШнын лидерлери ишемби күнү кездешели деп макулдашты. Бул жөнүндө Биримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркози Брюсселде маалымдап, дүйнөлүк саммиттин максаты дүйнөлүк финанасы системасын, дүйнөлүк капитализмдин базалык принциптерин кайра карап чыгуу деди:

…дүйнө азыркы капиталисттик системаны, финансылык системаны, монетардык системаны кайра түзүүгө муктаж. Евробримдикке мүчө 27 өлкөнүн лидерлери мага жана Еврокомиссиянын төрагасы Барросого ага зарыл мандатты беришти.

Финансылык саммит качан болору белгисиз. Өнөр жайы өнүккөн Чоң Сегиз тобунун Вашингтондогу өкүлүнүн сөзүнчө, «саммит чукул арада тийиштүү убакытта өтөт».

«Капитализмдин жаңы формасын» түзүүнүн демилгечиси, президент Саркозинин айтымында, болочокто түзүлчү системада финансылык мекемелер көзөмөлгө алынып, анын башчылары жасаган иштери үчүн жеке башы менен жооп бериш керек:

-Бир да финансылык институт тескөөгө жана көзөмөлгө алынбай калбаш керек. Финансы сектору тегиз ачык болушу лаазим. Жогорку менеджерлердин айлык акысы жөнү жок тобокелчиликке жол койбош керек. Директорлор менен менеджерлер өз чечимдери үчүн жооп бериш керек.

XS
SM
MD
LG